Көп акчага көпкөндө же Базаркуловдун “башы” экөөбү?

«Мегаком» уюлдук байланыш компаниясынын жетекчиси Азат Базаркуловдун 700-800 миң сом айлык алаары өткөнкү жумадан бери коомдун талкуусуна түштү. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айтып чыкты. Акылбек мырза парламенттеги эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетине мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин айлык маяналары боюнча маселелерди карап чыгууга комитеттин ичинде атайын убактылуу комиссия түзүүнү сунуштап, сунуш колдоо тапкан. «Мен тиешелүү жактарга депутаттык суроо жөнөтүп, жетиштүү маалыматтарды топтодум. Мисалы, «Мегакомдо» 1500 киши иштесе, анын арасынан 10 топ-менеджердин же башчыларынын айлыгы 1500 адамдын жалпы айлык маянасынын он пайызын түзөт экен. Ошондо он киши 150 адамдын айлыгын бөлүп алып жатканы кандай мыйзамга сыят?», -дейт ал. Депутаттын пикиринде, алардын айлык маяналарынын суммасы 10 000 АКШ долларынан ашып түшүп, кошумча жеңилдиктери менен 13-15 миң долларга чейин чыккандары бар экен. Эске сала кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегаком» компаниясынын башчысы Азат Базаркуловдун телефондук чыгымдары үчүн эле бюджеттен ай сайын 50 миң сом бөлөөрү ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан эле.

Базаркуловго карата кыжыры кайнагандардын катарына дагы бир депутат Жылдыз Мусабекова кошулду. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына Азат Базаркулов боюнча «Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети «Альфа-Телеком», «Кыргызтелеком» ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссия түздү. Бирок, айлыгы 700 миң сомду түзгөн (он киши эле 150 адамдын айлыгын алат экен, эч кандай киреше жок, чыгашасы көп, бирок алган айлыктары тири шумдук) Азат Базаркулов «колуңардан эмне келет?» дегенсип, оозу кулагына жеткиче күлүп чыгып кетти … Кыргызда «күлгөнгө күлө жеткирем» дечү беле?» -деп жазыптыр.

Айтор, асманга карап түкүрүп калган Азат Базаркуловду депутаттар акылга чакырып, аста тизгинин тарта алышабы? Же алкым окуясы «Мегакомду» айланып өтүп кете береби?

Булак: De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *