Көп уруучулдуктан – ​көп партиялуулукка карай, алга! же көп партиялуулук системасынын телчигүү мезгили качан аяктайт?…

2005-жылдын апрелиндеги элдик революциядан кийинки бийлик тарабынан киргизилген көп партиялуулук саясий системасы жана парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордогу партиялык тизменин киргизилиши өлкө саясий турмушундагы бурулуштуу жаңылык болуп калгандыгы түшүнүктүү. Авторитардык, жогортон берилчү диктаттык саясаттан, диктатордук режим жыттанган альтернативасыз шайлоолордон биротоло кетүү далалаты, эртедир-кечтир ушундай системанын орношуна алып келмек.

Анткени, демократиялуу баалуулуктардын ишке ашуу принциптери мурдатан калыптанган коммунисттик доордогу бир партиялуулукка жана дагы кылымдардан бери канга сиңген уруучулдукка табиятынан карама-каршы келип, бул коомдук-саясий өнүгүүдө өз кедергисин тийгизбей коймок эмес.

Ансыз деле, эзелки табиятынан плюралисттик аң-сезимде болуп, башка эч кимди укпай, өз ишеними жана өз акылы менен гана жашап келген кыргыз эли жаңы эгемендик-демократиячыл доордо, ар кандай маалыматтар боюнча алганда, 200дөн ашуун ар түрдүү багыттагы жана программасы бар саясий партияларды жана коомдук бирикмелерди түзүп, аларды расмий каттоодон өткөрүп жиберүүгө үлгүргөн болчу!..

Албетте, алардын арасынан өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда активдүү катышкандары жана элдин пикирин чагылдырып, кандайдыр бир деңгээлде таасирдүү болгондору — ​саналуу гана болду. Тээ советтик доордун соңку көм ирмемдеринде, коомдук-саясий толкундоолор апогейине жеткен кезде жаралган КДКдан (Кыргызстан демократиялык кыймылы) баштап, кечээ жакындагы (2015-жылкы) парламенттик шайлоолор алдында шашылыш түзүлө калган саясий партияларга чейин бир сыйра сын көз караштан өткөрө турган болсок, алардын ичинен идиректүүлөрү, эл арасында кандайдыр бир аброй тап, коомдук аң-сезимдин агымын таасын чагылдырып, артынан башкаларды, убактылуу болсо да, аздыр-көптүр ээрчитип кете алгандары — ​бирин-экин гана болгондугун байкоого болот.

Демек, көп партиялуулук система иш жүзүндө иштей баштаганына он жылдан ашуун убакыт өтүп калса да, анын эл тарабынан туруктуу, өнүккөн система катары каралбай жатканы бекеринен эмес. Дегеле, партия деген түшүнүктүн өзүнө үстүртөн баа берип, формалдуу мамиле кылуу алардын катардагы мүчөлөрүнө гана эмес, лидерлерине да мүнөздүү болгон нерсе. Маселен, ой-максаттары, келечек багыттарды дал келмек турсун, жакындап-окшошпосо деле, бир партия менен экинчи партиянын убактылуу бириге калуусу, бир партиядан чыгып, экинчи үчүнчү… жетинчи партияга улам кире берүү сыяктуу көрүнүштөр бизде демейки эле кадыресе мамилеге эбактан бери айланып калган чак.

Башкасын айтпаганда да, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Исхак Масалиевдин өз партиясын таштай салып, “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу реформачыл партиянын тизмесинде жүргөнү аргасыздан жылмаюуну пайда кылат…

Учурунда (партиялар адеп жарала баштаган чакта) “ЭрК”, “Эркин Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Адилет”, “Ак-Жол”, “Республика”, “Ата-Журт”, “Замандаш” ж. б. сыяктуу саясий такшалуу жолунда, салыштырмалуу алганда, бир топ ийгиликтерди жараткан партиялардын көбү азыр кагаз бетинде гана калышып, активдүү ишмердиктен кыйла эле четтеп калышкандай таасир калтырат.

Бул да болсо таң калтырарлык болбошу керек. Себеби, бизде партиялар түзүлгөн же түзүлө баштаган чактан баштап эле, кайсыл бир жеке инсандын ишмердиги менен тыгыз байланыштуу болуп, анын жеке иш-аракеттерине жана көз караштарына катуу көз каранды болуп келген. Дал ошондуктан улам, күнүмдүк жашоодо “баланча партия — ​баланчанын партиясы” деп айтылып, партиянын өз аталышы дээрлик колдонулбай, анын лидеринин ысымына байланыштуу ассоциацияларды жаратып келген.

Казат Акматов, Жыпар Жекшеев жанаТопчубек Тургуналиев үчилтиги түзүшкөн КДК кийин үч партияга ажырап, үчөө үч башка багытта өнүгө баштагандыгы дагы ошону менен түшүндүрүлөт.

Арийне, мындай мамиле илгеркиче “Биз компартия десе — ​Ленинди, Ленин дегенде — ​компартияны түшүнөбүз” дегендей — ​лидер авторитетине негизделбестен, колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды жоюп-талкалап, менчиктештирүү дооруна туш келгендиктен улам, партияларга да жеке менчиктей мамиле жасоо орной баштаган.

Бул деле түшүнүктүү. Бир жагынан алганда, мыйзамченемдүү көрүнүш болгон. Анткени, ар кандай коомдук кыймыл, саясий түзүлүш өзүнүн жашап кетүүсү үчүн финансылык каржылоого муктаж. Ал эми мурдагы күчтүү, темирдей калыптанган коммунисттик системадан кийин, андай күчтүү финансылык-пайдубалга негизделген партия дароо эле жарала калбасы бышык. Мындай кырдаалга, ал тургай, ошол компартиянын мураскери катары калып, анын идеяларын айрым түзөтүү жана жаңы заманга ылайыктап толуктоо аркылуу иштеп чыккан коммунисттер партиялары да кабылышты. (Ким билет, балким, эл арасында, Кыргызстан коммунисттер лидери, шарттуу алганда, ленинист Абсамат Масалиев менен, марксист Клара Ажыбекованын ажырымы — ​мурдагы компартия мураскерин алсыздандыруу максатында атайын жасалган иш деп айтылганы да ошондон уламдыр!?).

Айтор, ким музыкага акчасын төлөсө, андан ары эмне кылууну ал өзү билет демекчи, партиялык системанын жеке чөнтөктөрдөн жана бай уюштуруучулардан көз каранды болуп келгендиги белгилүү. Көп өтпөй, көз карашы жана психологиясы киреше табууга гана багытталган жана узак мөөнөттүү, идеалдуу, бирок, дароо натыйжа бербеген программалуу идеялардан бөлүнүп чыгып, өзүнчө кеткен ишкер-бизнес чөйрөсү жаңы гана бутуна туруп, тамтаңдап келе жаткан партиялык системаны ого бетер алсыздандырган.

Маселен, Аскар Салымбеков сыяктуу айрым олигархтар учурунда кайсыл партияларды айланчыктап жүрүшкөн жана кандай партияларды түзүшкөн — ​эске салуу кыйын. Алардын көбү утурумдук, кайсыл бир шайлоого карата гана (“одноразые” — ​бир жолку пайдаланууга) түзүлө калган саясий бирикмелер болуп келгени анык. Кагаздагы катталуусунда же уставдык жана программалык маалыматтарында “партия” деген аныктама менен белгиленгенине карабстан, алардын көбү мындай саясий уюм талап кылган деңгээлге өсүп чыкмак турсун, лидерлеринин өзү да келечек-ой максаттарын бүдөмүк гана көрүшүп, саясий ишмердиктериндеги жакынкы келечеги жөнүндө гана ой жүгүртө алышчу.

Атактуу партиялык “программа-максимум” (максаттын эң соңку жеткен чеги) жана “программа-минимумдарды” (жакынкы аралыкта сөзсүз аткарылчу иш-чаралар) мындай эле коёлук, алар өз алдынча саясий түзүлмө деп аталышканы менен, жогортон көрсөтүлгөн нускама-жолдомолор аркылуу иштешип, алар тарабынан айтылган саясий өнөктүктөргө катышышып, же өткөрүшүп, ошону менен гана чектелип жүрүшкөн.

Кыскасын айтканда, жогоруда аталган 200 саясий партиянын жана бирикмелердин саналуу гана бөлүгү өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракет кылышып, “саясий партия” деп аталган түшүнүккө аздыр-көптүр ылайык келип, эгемендик доорубуздагы коомдук-саясий турмушубузда тигил, же бул өлчөмдө өз салымдарын кошуп келишкен.

Калыстык үчүн айта кете турган болсок, коомчулук “КДК” жөнүндө өткөн жайда анын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейи болгондо гана кайрадан эске салып, өткөндөргө кылчайып кайрадан бир сыйра көз жүгүрткөнү болбосо, андай саясий түзүмдүн соңку убактарда аты-жыты дабилинбей кетк5ен болчу.

Дал ушундай эле жагдайга “КДК” менен дээрлик куйрук улаш түзүлүшкөн “Эрк” жана башка бир топ партиялар да тушуккан. Анын бир себеби, алардын лидерлери Топчубек Тургуналиев, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу таанымал саясатчылардын активдүү саясий ишмердиктен биртоло четтеп кетишкендиги менен түшүндүрүлөт.

Мына, кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев каза болгондо, аны узатуу расмисине ылайык, жарыяланган некрологдук материалдардан улам, бул маркум да учурунда “табылга” аттуу саясий партияны уюштуруп, негиздегени маалым болду. Буга чейин коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү андай партия барбы, же жокпу, — ​такыр кабарсыз болушканы таң каларлык деле эмес.

Асыресе, лидерлери жана уюштуруучулары тирүү туруп эле, алар уюштурушкан көп партиялар эбак эле “өлүп” калып, кагаз жүзүндө гана жашап калган учурлар андан алда канча көн учурайт…

Азыркы саясий турмушка реалдуу көз караш менен карай турган болсок, учурда өтө активдүү иштеп, өз программа-саясаттарын эл алдында таңуулап жатышкан эки гана партия бар экендиги көзгө урунат. Алар — ​СДПК жана “Ата-Мекен”. Албетте, СДПК канчалык күчтүү финансылык булактан каржыланып турары, жана анын артында кандай чоң күчтөр турары белгилүү. Аны менен атаандашкан “Ата-Мекен” партиясынын абалы бир топ башка. Ал лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин, мурдагы өз позицияларынан тайып, өзүнүн рейтингин жоготуп, катардагы гана жогорудагы аталган партиялардан болуп каларын болжолдоо кыйын деле эмес. Анткени, ал деле ошолор сыяктуу күчтүү бир программанын тегерегинде чогулушкан, саясий ой-мүдөөлөрү бир адамдардын бирикмеси эмес. Анын башкы стимулу жана фундаменти — ​Текебаевдин активдүү саясий ишмердиги гана болчу.

Эми болсо, СДПК жүргүзүп жаткан саясатка көз салып олтуруп, ал Россиялык “Единая Россия” партиясынын саясатын “копиялап”, алардын тажрыйбасын практикада бир топ кеңири пайдаланып жаткандай туюлат.

Эң жогорку бийликтеги чечүүчү кызмат орундарынан баштап, жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө чейин өздөрү ээлегенге ачыктан ачык умтулушууда. Мунун терс деле эч нерсеси жок. Партиялык күрөш, атаандашуу дал ошого багытталган. Өкүндүргөнү гана — ​көп партиялуулук иш жүзүндө иштебей, фикция үчүн гана анча-мынча арткан орундарды эки-үч башка партия өкүлдөрүнө бөлүштүрүп берип коюп жатышкандай таасир калтырат.

Ал эми түпкүлүгүндө “Бүтүн Кыргызстан” деп аталып, “Единая Россия” сымал болууга умтулган Адахан Мадумаровдун партиясы баягы эле финансылык каржылоонун чектелүүлүгүнөн улам, барган сайын саясий турмуштун перифериясына биротоло сүрүлүп бара жатат…

Чын-чынына келгенде, биздеги көп партиялык система өзү азырынча толук калыптана элек жана жасалма курулма. Айталык, “Бир бол”, “Кыргызстан” сыяктуу партиялар парламенттик шайлоо учурунда жүргүзүшкөн саясаттан улам, парламентке оппозициялык чоң күч келе жаткандай туюлган. А натыйжа теңирден тескери болуп чыкты. Алар парламентке келери менен эле, кечээги убадаларын дароо унутушуп, башкаруучу коалицияга (алар менен кайнаса каны кошулбаганына карабай!) кирүүгө жан үрөй башташты. Көрсө, ошондо гана алар бөлүнө турган “токочтон” алышат экен!..

Ушул сыяктуу комикалуу, фарс жыттанган саясий “финттерден” улам, бизде келечекте эки гана партиялуу система келечектүү болобу деген ой жаралат. Анткени, бийликке кире албай калган (киргизбей коюшкан) же парламентке өтпөй калышкан партиялар көбү дароо эле оппозициялык багытка өтүп кетип жатышпайбы. Баягы токочко таарынган бала сымал…

Демек, каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир атаандашуу жана саясий күрөш улана берет. Анын жыйынтыгы — ​эки партиялуулукту жана атаандашкан көз караштарды, программаларды жаратуусу абзел. Ошондо гана коомдук турмушубузда көп партиялуулуктан реалдуу натыйжалар чыга баштайт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *