Коркунуч ушул тараптабы? Кыргызстандагы саясат жана “Таблиги жамаат”

Артта калган 9 ай Кыргызстан үчүн динамикалык жаңылануу абалында өттү. Өлкөнүн жаңы шайланган Президенти ички жана тышкы саясатты жөнгө салууга терең багыт алды. Мамлекет башчылыгына Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин келүүсү менен Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна кадам таштады…

Коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттер алгачкы натыйжалуу жыйынтыктарды бере баштады. Жакында эле бийлик менен тизгиндеш болуп “колтийбестердин” короосунда жүргөн адамдар жылуу-жумшак креслодон кол жууду.

Мунун башаты катары Бишкек ЖЭБиндеги январь авариясын эсептесек болот. Чет өлкөлүк карыз акчаларга жаңыланган өлкөдөгү ири жылуулук энергостанциясындагы кыйроонун күнөөкөрлөрүн издөө коррупциялык схеманын “быкыйын” ачты.

Акыркы алты айда эле А. Атамбаевдин башкаруучулук доорунда бийликтин туу чокусуна жетишкен экс-премьерлер (Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев), экс-энергетика министри (Осмонбек Артыкбаев), Жогорку Кеңештин депутаттары менен салык жана бажы кызматын тейлеген бир катар мекеме жетекчилери камакка алынды.

Мындан сырткары, буга чейин өлкөдөгү өтө күчтүү саясатчылардын бири жана кыргыз саясатынын жылдызы жанган таасирдүү өкүлү катары саналып келген Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимов тергөө абагына кирди. Мамлекет башчынын жеке буйругу менен бир нече прокуратура кызматкерлери орундарынан ыргыды.

Президент С. Жээнбеков мындан да чечкиндүү кадамдарга багыт алгандай. Эгерде Президенттиктин баштапкы учурунда мурдагы мамлекет башчынын коюп кеткен кадрларын кызматтан алып, “бөтөн адамдардан тазалануу” аракеттери жөнүндө гана сөз болчу болсо, азыр бүткүл өлкөнү өнүктүрүүнүн айкын курсу көрүнүп калды.

Мында ички саясат эле эмес, тышкы саясат тууралуу да сөз жүрүп жатат.

С. Жээнбеков бийликке келээри менен Астана менен болгон чек арадагы күзгү бажы жаңжалды чечүү (бул бажы кызматындагы тартипти чыңдоого да өбөлгө түздү), кошуна Өзбекстан менен болгон мамилени жөнгө салуу аракетин баштады.

Бул өлкө менен байланыштын жанданышы, болгондо да Президенти өз өлкөсүн буга чейин аймактагы процесстерден “четтетилген” режимден чыгарууну көздөгөн Ташкенттин өзүнөн зор колдоо тапты. Буга Бишкек менен Ташкенттин Кытайдан Европага чыкчу трансборборазиялык темир жол салуу боюнча ич ара макулдашуусун мисал тартсак болот. Албетте, бул Москвага анча жага бербейт анткени, биз болжогон темир жол Транссибир магистралы жана Батыш Европа-Батыш Кытай автокоридорунун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратат.

Ага карабай Бишкек Евразия экономикалык биримдигинде үлкөн орду бар жана Борбор Азиядагы башкы геосаясий өнөктөшү болгон Москва менен байланышын солгундатпоого аракет кылып жатат.

Чындыгында Президент С. Жээнбековдун бүгүнкү саясаты Кыргызстанды жарды абалдан чыгарып, аймактагы саясый жана экономикалык процесстердин толук кандуу катышуучулугуна кайра кошууга багытталууда.

Жаңы Президенттин командасынын алдыга койгон максаттарынын ишке ашышы өткөн бийликтин тарапташтары менен кандайча күрөш жүргүзөөрүнө байланыштуу болмокчу.

Ошол эле учурда, саясий жаңы коньюктурага бут тосууга толук жөндөмдүү күчтөрдүн бар экендиги аракеттеги мамлекет башчынын көңүл сыртында калып жаткандай…

Сөз диний чөйрө жөнүндө болуп жатат. Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин “Таблиги жамаат” диний уюмунун аракет жүргүзүүсүнө расмий уруксат берилген Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп келди. Коңшу мамлекеттерде бул уюм эчак эле экстремисттик деп табылган. Мындан сырткары, аларда “Таблиги жамааттын” тарапташтарынын үстүнөн сот иштери жүрүп көпчүлүгү экстремизм, терроризм жана сепаратизм беренелери боюнча жоопко тартылган.

Кыргызстанда болсо “таблигилер” мамлекеттик деңгээлде колдоого алынган.

А. Атамбаевдин башкаруучулук мезгилинде бул кыймылдын тарапташтары бардык бийлик бутактарына, Мамлекеттик коопсуздук Комитетине кошуп өз өкүлдөрүн киргизип алышкан. Анын натыйжасында, өлкөбүзгө алардын “кыйраткыч” адабияттары эч кандай көзөмөлсүз, тоскоолдуксуз ташылып турду. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгын “Таблиги жамааттын” Кыргыз Республикасындагы лидерлеринин бири — ​Максат Токтомушев жетектеп турат деген маалыматтар интернет булактарында көп эле айтылып келүүдө.

“Таблиги жамаатка” баш-оту менен кирип кеткен көптөгөн адамдардын жихадга чыгып, согуш жүрүп жаткан мамлекеттерге жөнөтүлүп жаткан факты да өзгөчө кооптонууну пайда кылат. Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына ылайык акыркы жылдарда Кыргызстандын миңден ашуун жарандары Сириядагы согушка ИГИЛ тарабына барып кошулган. Бул атайын кызматтар тарабынан аныкталгандары гана.

Жыл сайын республиканын жүздөгөн жаш жарандары КМДБнын (Дин башкармалыгы) толук колдоосу менен Пакистан жана Бангладештеги “таблигилердин” университеттеринен билим алууга расмий түрдө жөнөп кетишет. Бул “билим берүү мекемелери” эчак эле эксперттер тарабынан ИГИЛ үчүн “боевиктерди” даярдагандыгы аныкталгандыгына карабастан болуп жатат.

Өлкөдө диний фанатизм акырындап өрчүп баратат. Деструктивдик идеологиянын таасирине калктын традициялуу аярлуу катмары гана эмес (жумушсуздар, билимсиздер жана жардылар), орто кирешеси бар жана жогорку билимдүү адамдар да кабылууда. Мунун баары республикадагы стабилдүүлүк абалга “Таблиги жамааттын” берилген диний фанаттарын саясый максатта пайдалануу коркунучун күчөтөт. Айрыкча, эксперттердин далилине караганда, “таблигдердин” Кыргызстандагы жетекчилигине таасири бар чоң саясый күчтөр аралашкан иштер боюнча антикоррупциялык аракеттер жүрүп жаткан учурда колдонулушу толук ыктымал.

Бул коңшу мамлекеттерди да түйшөлтпөй койбойт. Биздеги “таблигчи” дааватчылар агымы аларга да жетип жатат. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук Кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев ар кандай диний-экстремисттик күчтөрдүн активдешип жаткандыгын, алардын коңшу мамлекеттердин аймагында жайгашкандыгын жана чет элдик атайын кызматтар тарабынан финансыланып жаткандыгын өлкөнүн сырты коркунучтарынын катарында белгиледи.

Ушундай эле кооптонуу ЕАЭБнин алкагында адам кыймылынын эркин аймагына айланып, улам коркунуч жагдай курчуп бараткан Казакстанда да айтылды. Акыркы эле жылда Казакстандын соту тарабынан “Таблиги жамааттын” бир нече жүздөгөн тарапташтары менен жайылтуучулары соттолду.

2017-жылы өлкөдө “Таблиги жамааттын” жолдоочуларынын катышуусунда уюштурулуп жаткан 11 теракттын алдын алууга жетишкен. Өзбек атайын кызматтары мындай фактыларды жар салбаганы менен алардын саны акыркы жылдарда көбөйгөндүгүн моюндайт.

Ошондуктан атайын кызмат өкүлдөрүнүн аймактык жолугушууларында Ташкент, Душанбе жана Астана бир нече ирет Бишкекке өлкөдөгү диний-идеологиялык абалга көзөмөлдү күчөтүү сунушун айтып, кыргыз бийлигин өз аймагында “Таблигий жамаат” экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга чакырып келүүдө. Бул маселе бүгүнкү күндөгү Орто Азия аймагындагы интеграциялык тереңдөө багытындагы сүйлөшүүлөр учурунда эң негизгилерден болуп турат.

Баса белгилеп айта кетүү керек, Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюмунун ишмердигине мыйзам чегинде чек коюлбагандыгы Бишкектин Ташкент жана Астана менен биргелешип ишке ашырчу проектилерин гана токтотпостон, Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтүүчү темир жол курулушу боюнча Пекиндин акыркы чечимди кабыл алуусунда чечүүчү фактор катары, кедергисин тийгизүүсү мүмкүн. Бул проекттин баасы өтө кымбат болгондуктан тобокелчиликке салууга болбос. Борбор Азия мамлекеттериндей эле Пекин да Бишкектен диний экстремизм менен күрөшүү позициясын өзгөртүүнү күтүп турат.

Албетте, Сооронбай Жээнбеков муну түшүнүп турат. Бишкек жакынкы убакта “Таблиги жамаатка” карата позициясын аныктоо керек.

Бул деген Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармалыгында өзгөрүүлөр болот жана ошол эле учурда дин чөйрөсүнө мамлекет тарабынан “эксперттик көзөмөл” күчөйт дегенди түшүндүрөт.

Кенжеш Айталиев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *