Коррупционерлерди камоо жетишсиз чара, аларга өлүм жазасын киргизиш керек!

Өткөн дүйшөмбүдө — ​16-апрель күнү Башкы прокуратуранын соттордо мамлекеттик айыптоону колдоо жана өкүлчүлүк башкармалыгынын начальниги, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, прокуратура тармагында эң келечектүү кызматкерлердин бири деп эсептелген, 1978-жылы туулган Улан Чалбаев өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди.

Мурда коомчулукка маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан У. Чалбаев 200 миң доллар пара алган жеринен кармалып, прокуратура органдарынын гана эмес, бүтүндөй укук коргоо органдарынын жаңы рекордун орнотуп отурат. Албетте, 5 миллион доллар алып, Батукаевди бошоткон 6–7-кабаттагыларды эске албаганда. Чалбаевге чейинки рекорд да Башкы прокуратура тармагына таандык болуп, тергөө башкармалыгынын начальниги Кылычбек Арпачиев деген акчаны көргөндө кареги чанагынан чыга түшкөн азамат 100 миң доллар алган жеринен кармалып, үй-мүлкү конфискацияланып, 14 жыл күндүн бетин көрбөсүн деген өкүм менен зынданга ташталган болчу.

Такталбаган маалыматтарга караганда рекордсмен-прокурор Чалбаев айласы түгөнгөн тараптан кайсыл бир чет элдиктердин пайдасына чечүү үчүн 500 миң доллар сураган.

200 миң доллар параны алып, арадан 5–6 мүнөт өтпөй, акчаны кайра санап, сапатын текшерип жатканда кармалган “келечектеги баш прокурор” катуу “ооруп” калып, тез жардам чакырылат. Доктурлар кокуй, инсульт экен дешип, ооруканага жаткырышат. Тилекке жараша, рекордсмен-паракордун бактысы бар экен — ​жеңилирээк бирдеме болуп чыгат. Ага карабастан, кармалган каарман баш калаадагы № 1-ооруканага жаткырылат.

Арадан 2–3 күн өтпөй, Чалбаевдин ден соолугу ордуна келип, жасалган оперативдүү-тергөө иштеринин натыйжасында, ага КР КЖКнын 313-беренесинде көрсөтүлгөн “пара алуу” айыбы коюлуп, УКМКнын тергөө зынданына ташталды. Белгилей кете турган нерсе — ​жогорудагы аталган беренеде үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратуу жаза чарасы көрсөтүлгөн.

— Парага кынык алып, арам тамакка көнгөн тажрыйбалуу, өзүнө катуу ишенген паракор гана Чалбаевге окшоп, коркпостон, 500 миң доллар талап кылат, — ​дейт белгилүү укук коргоочу жана жарандык активист, эмгек ардагери Төлөгөн Жолдошев. — ​Мындайларды түрмөгө камоо ачыктан-ачык жетишсиз чара деп эсептейм. Себеби, буга чейин Арпачиев деген прокурору 100 миң доллар алып кармалды эле. Эми мунусу 200 миң доллар менен кармалып отурат. Кийинки дагы бирөөсү 1 миллион доллар албайт деп, ким кепилдик бере алат? Андайлар 20 жылга кесилсе да, арадан 1–2 жыл өтпөй, акчанын күчү менен кутулуп кетип жатышкандыгын көрүп эле келатабыз го. Мындайларга, дегеле укук коргоо, сот жана көзөмөлдөп-текшерүү жаатында иштемиш болуп, пара менен жашап калган коррупционерлерге карата жаза чарасы катарында өлүм жазасын киргизүү керек. Кытайда жылына 13 миңге чейин жогорку мартабалуу коррупционерлер, наркобарондор атылгандыгы үчүн ал мамлекет тездик менен өнүгүп, улуу державага айланып кетпедиби. Кыргызстан оңолуп, өнүгүп-өссө жаманбы? Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн жогорудагы чыккынчыларды неге садага чабууга болбосун?!

Жогорудагы жагымсыз жагдайдан улам дагы бир граждандык активист Нооруз Курбанбек уулу мындай дейт:

— Президентибиз баш болгон ак үйдөгү аткаминерлер “коррупцияны жок кылабыз” деп кыйкыргандан чарчашпайт. Күлкүң гана келет — ​коррупцияны жок кылууга болбойт да. Коррупцияны алсыратабыз, мамлекеттик саясаттагы таасирин азайтабыз, бир сөз менен айтканда: эки аягын бир чарыкка тыгабыз деп айтышса бир жөн. Прокуратурадагылардын, соттогулардын дээрлик бардыгы пара менен кызматка орношсо, алар таза иштеп жинди болуптурбу… Бул жаатта тармакты тазалоо менен гана чектелбестен, татыктуу кадрларды тандап да жүрүп отуруу керек. Жээнбековго Путин менен Мирзиёевдин иш тажрыйбасын өздөштүргөнгө неге болбосун?! Президентибизге жакшылык тилеп гана чектелип калбастан, ал бул багыттагы биздин сунушубузду да эске алса дейбиз…

Жарандык активисттин жогорудагы пикирин орунсуз же жалпы сөз деп кабыл алууга болбойт. Чалбаев бир алганда 200 миң доллар сугунуп отурат. Бул деген — ​кыргызчага которгондо — ​14 миллион сом дегенди билдирет. Медсестра айына 4,5 миң, врач 7–8 миң сом айлык алат. Медсестра жогорудагыдай айлыкты алуу үчүн 3 миң 112 жыл 11 ай иштеш керек экен. Врачтын канча миң жыл иштешин айтпай эле коёлу. Шордуу токойчу айына 3,5 миң сом айлык алат. Ал Чалбаев бир мүнөттө сугунган акчаны табыш үчүн бери эле дегенде 4 миң жыл азап тартыш керек. Ошондуктан, ал өзү кайтарган корукка кээде мыйзамсыз болсо да картошка өстүрө коёт, киши көрбөсө арча кыйып, отун сатат, колдон келишинче уурулук кылат. Жогорудагы прокурорлор тарабынан жолго коюлган чыккынчылыктын эң эле коркунучтуу жери — ​алар адамдардын акыйкатка, эртеңки келечекке болгон ишенчин өлтүрүшүүдө. Ишенич өлсө — ​адам өлөт. Демек, бул геноцидге барабар. Коом мүчөлөрү бекеринен жогорудагыдай шүмшүктөргө өлүм жазасын талап кылып жатышкан жок да…

100 миң доллар менен кармалып, 14 жылга зынданга салынган Кылычбек Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун жер сатуу менен алектенген жеке ишкер уулу Алтынбектин “жардамы” менен “сагызган суктугунан” дегендей, жогорудагыдай тагдырга кабылган болчу. Чалбаевдин колго түшүрүлүшү да Самаковдорго байланыштуу ири өлчөмдөгү жер соодасынан улам болгондугу талашсыз. Жогорудагы прокурорлор каргашасынын дагы бир окшош жери — ​Чалбаевдин да Арпачиев сыяктуу эле Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин тергөөгө катышы болгон. № 1-тергөө зынданында жатышкан ата-бала Самаковдордун коррупцияга каршы күрөшкө — ​прокуратураны тазалоого олуттуу “салым” кошуп жатышкандыгына ыраазы болбой койбойсуң.

2015-жылы башына мүшкүл иш түшкөндөрдү коркутуп, 2 миң доллар алган кезде кармалган Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев үй-мүлкүн конфискациялоо жолу менен 12 жылга кесилген. Чалбаевдин алган парасы Мамакеевдикинен 100 эсе көп болгондуктан, ага карата жаза өлчөмү кандай болот деген суроо туулбай койбойт экен…

Редакциядан: илгери, союз кезинде, карышкыр аткан мергенге сыйлык берилчү. Жогорудагы ташты да жутууга даяр турган, жетим-жесирдин убалынан коркпогон желмогуздарды кылмыш үстүнөн кармаган УКМКнын кызматкерлерине эмне үчүн жакшылап сыйлык берүүгө болбосун. Мунун өзү кызматкерлерде иштин натыйжасын жакшыртууга болгон кызыгууну гана жогорулатпастан, сатылып кетүү мүмкүнчүлүгүн да азайтаары талашсыз да. Атаганат…

Номанжан Аркабаев

Булак: Жаны Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *