Коррупционерлердин атын атагыла деген Президентке жана прокурорлорго кулак кагыш: Нурлан Сулайманов “Бублик” кафесинде олтурат

2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөт кармасак эле камайбыз деп Бакиевдик режимдин коррупционерлери катары 100 чиновникке расмий издөө жарыялаган. Алардын бири Бакиевдик бийликтин Транспорт министри Нурлан Сулайманов эле. Ал кезде Нурлан Сулаймановдун жолдорду куруудан тапкан көмүскөдөгү байлыгы 100 млн АКШ долларына бааланган.

2010-жылы ноябрда Нурлан Сулайманов ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмаз Атамбаевден “отметкадан” өтүп, “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен парламентке ат салышып, депутат болуп келет.

2012-жылы депутат Нурлан Сулайманов жаңы “отметкадан” өтпөй койгону үчүн Транспорт министри болуп тургандагы тендерлерди өткөрүүдө коррупциялык иштери үчүн ага каршы кылмыш иши козголуп, Кыргызстандан качып кетет же өздөрү качырып ийишет.

2014-жылы экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановго ошол коррупциялык иштери боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту расмий издөө жарыялайт.

2018-жылы 30-мартта КР Генпрокуратурасынын жетекчилеринин бири Абай Молдакматов экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов дагы эле изделип жатканын, ага козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулуп турганын, эгер Нурлан Сулайманов кармалса кылмыш иши кайра жандандырыларын маалымат жыйынында элге ачык жарыялаган.

2018-жылдын 8-августунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Атада өткөн “Мекендештер” форумунда коомчулуктан “Коррупционерлердин атын атагыла!” деп талап кылды. Президент туура айтат. Биз кылмыш иши козголгон Нурлан Сулаймановдун атын атайбыз жана аны издеп жаткан Генпрокуратурага ал кайда экенин айтып бере алабыз.

2018-жылдын 11-августунда укук коргоо органдарынан качып жүргөн экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов Бишкектин Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Бублик” кофейнийинде парламенттин депутаты Азиз Турсунбаев менен кенен эле чайлашып олтурду. Прокурорлорго “подсказка”: “Бублик” кофейнийине келип, видеорегистратордун 11-августтагы тартканын карасаңар, Нурлан Сулаймановдун Бишкекте экенине видеодалил табасыңар. Депутат Азиз Турсунбаевден сурасаңар телефон номурун айтып берет.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден мурунку президенттер Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаев укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн коррупционер Нурлан Сулаймановду канаттарына калкалап келишти, сиз андайга барбайт деп эл ишенип турат. Биз сизге коррупцияга каршы күрөш боюнча жардам берүүнү чечтик, мына, бүгүн генпрокуратура тарабынан издөөдө жүргөн биринчи коррупционердин атын атадык. Эми сизге күн алыс ушундай коррупционерлердин атын байма-бай атап турабыз. Биз сизге коррупционердин ким экенине карабай чара көрөрүңүзгө ишенебиз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *