Коррупция доорунда руханий байлыктарыбыз да аеосуз таланып-тонолууда!

Коомчулуктун көңүлү кыйла убакыттан бери саясий-экономикалык бүтпөс чырларга чулганып турган чакта, келечектеги терс таасири ошол финансылык-экономикалык зыянкечтиктен да алда канча ашып түшкөн, ал тургай, кийин эч качан калыбына да келтире алгыс багыттагы жасалган аракеттер дагы орун алууда. Болгондо да, бери эле болгондо 10 жылга жакындап калган убакыттан бери, ырааттуу түрдө жасалып келе жатат. Муну биз мамлекеттик бүтүндүүлүккө жана улуттун тарыхына жана келечек багытына карай ачык жана тымызын түрдө жасалып келе жаткан идеологиялык диверсия катары баалоого тийишпиз.

Мындай көп пландуу, масштабдуу аракеттер бирин-экин жана чачыранды күчтөрдүн колунан келбеси бышык. Демек, алардын ар кайсыл жактардагы жасап жаткан кыянатчыл иштерине комплекстүү түрдө, талдап карай турган болсок, алардын баары кандайдыр бир борборлоштурулган жана да өз алдынча жетекчилик-программалык түйүндөрү бар, биргелешкен аракеттер сыяктанат!..

Мындан бир жарым-эки айча мурда эле, борбордогу Мамлекеттик Тарых Музейинин чубактын кунундай чубалган капиталдык ремонтуна байланыштуу чоң чуу чыккандыгы маалым. Жалпы коомчулук “биз итке минип, такыр каралбай калдык, айлык акы абдан аз” деген маданият тармагына эбегейсиз көп каражаттар сарпталып жатканына күбөдөр болгон. 2016-жылы 25-мартта ремонтко жабылган Тарых музейин реконструкциялоого эле 8,7 млн евро коротулган. Айрым чыгымдар ченемсиз көбөйтүлгөндүгү айтылган. Маселен, консультациялык-дизайнердик иш үчүн эле 394 миң евро төлөнүп берилген. Ал эми коомчулук арасында “эшектер” атка конгон эки жыгач атты сырттан жасатып келүүгө ар бирине 14 миң евродон — ​28 миң евро сарпталыптыр!.. “Кыргыздарга боло берет” дегенсип, же атайылап, Кыргызстанды чет жактан келгендер Тарых музейинен көрүп шылдыңдашсын дегендей, эшек сымал жыгач аттарды кымбат бааларга жасатуу менен эле чектелип тим болбой, бул көмүскө чоң топ чыныгы руханий баалуулуктарыбызды, болгондо да тарыхый мааниси бар, орду толгус музейлик экспонаттарды узак убакыттан бери жок кылып келе жатышкандыгы аныкталган. Атап айтканда, Тарых музейинен 503 экспонат жоголсо, дагы 100дөн ашууну Михаил Васильевич Фрунзенин музейинен жоголгон. Эсеп палатасынын аудитинин текшерүүсү маалында тарых музейинен жоголгон 503 экспонаттын 29у кымбат баалуу металлдан экендиги аныкталган.

Коопсуздук Кеңешинин жумушчу тобу Маданият министрлигинин ишмердигиндеги 26 коррупциялык тобокелдиктерди жана 7 коррупциялык зонаны аныктаганы эле көп маселени каңкуулап турат!.. Маданият министрлиги IV–V кылымдарга таандык болгон (тагыраак айтканда — ​гунндар дооруна таандык болгон!) жана 60 жылдан ашуун убакыттан бери Тарых музейинде сакталып келе жаткан мумияны тээ алыскы Баткен тоолоруна жеткирип, көмдүрүп салганы тиешелүү окумуштуулар жана тарыхчылар арасында азырга чейин талаш туудуруп келе жатат. Балким, ал мумияны кайра каздырып келип, кымбат баалуу реставрациядан өткөрүү аркылуу, кайра эле Тарых музейинен орун алып калса да таң калбоо керектир?!

2012-жылында жасалган инвентаризациядан соң, Тарых музейинен 16 советтик орден, 4 сактар дооруна таандык кылычтар жоголгону аныкталган. Ошондой эле, V–VI кылымдарга таандык болгон керамикалык-чопо буюмдары жана жаа жебелери изсиз жоготулган. “Гунндар”, “Сактар” доору делген сөздөрдүн өзүндө эле канчалык терең сырлар жана баа жеткис байлык катылган. Арийне, мындай кыянатчыл иштерди жасап жаткандар да ал баалуу экспонаттардын чыныгы нарк-касиетин болжолдоп болсо да билишет окшойт, кыскасы, кыргыздардын улут катары байыркылыгына жана баа жеткис тарыхына орду толгус зыян келтирүүгө максаттуу түрдө умтулушкан деп айтуу туура болот.

Советтик мамлекеттик ишмер, Улуу Октябрь революциясынын жолбашчыларынын бири М. Фрунзенин Үй-музейинен 104 экспонат жоголгон. Атактуу полководецтин жеке өзүнө таандык болгон буюмдарынан эле онго жакын өтө кымбат баалуулары жоголгон: алтын саат, жеке куралы, немецтик дүрбү ж. б. ушул сыяктуу жеке коллекционерлер үчүн табылгыс олжо боло турган баалуу буюмдар көз жаздым кылынган. Баарынан кызыгы, инвентаризация жасалган маалда “баланчанчы жылдарда жоголгон” деп жазышканы менен, дал ошол инвентаризация болор алдында, ошол эле тарыхый музейлердин жетекчилери жана тиешелүү адамдар тобу өздөрү атайылап жок кылып салышып, өздөрүнүн булганып калган “арт жактарын” тазалап алуу үчүн гана инвентаризациялоо өткөрүшкөн го деген да шек жаралбай койбойт. Айрыкча, кан төгүү жана мародерлук менен бийликке келишкендердин арасында моралдык-нравалык түшүнүктөрү өтө тайкы жана алар үчүн ыйык эч нерсе жок болгон адамдар өтө көбөйүп кеткенин эске ала турган болсок!

Жадагалса, Борбордук Г. Айтиев атындагы сүрөт искусствосу музейи дагы ушундай талап-тоноолорго кириптер болуп, эски баалуу, раритет үлгүсүндөгү айрым чыгармаларынан кол жуугандыгы кызык. Демек, мурдагы тарыхый баалуу экспонаттардагыдай, нумизматикалык-антиквардык адистер гана биле турган экспонаттар гана болбогондуктан улам, сүрөт искусствосунун да ашкере билерман-эксперттеринин дагы катышуусусуз мындай иштер эч убакта жасалмак эмес.

Ушуга эле улай айта кете турган болсок, 2012-жылы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан XVI кылымга таандык эки антиквардык китеп уурдалган. Иван Грозныйдын дооруна таандык болгон «Апостол» жана “Острожская библия” деп аталган бул китептердин баасы миллиондогон суммалар менен өлчөнөт (“черный рыноктогу” баасын айтпай эле коелук!), ошондуктан, бул дагы уурулукту жасаган жана “уурулуктан запкы тарткандар” ортосунда алдын ала жашыруун жасалган макулдашуулар аркылуу гана ишке ашуусу мүмкүн болчу. Адатта, мындай кылмыш жасалган учурда, цивилизациялуу өлкөлөрдө жетекчиси баш болгон тиешелүү кызматкерлер дароо сот жообуна тартылат. Ал эми Жылдыз Бакашева дале болсо кылы кыйшабай, директорлугун улантууда. Аны жок дегенде үй камагына алып, бул кылмыш иши аягына чыкканга чейин кызматтан четтетүү максатка ылайыктуу болмок. Тилекке каршы, жогорудагы “инвентаризация жасашкандар” сымал эле, бул кылмыш дагы ачылышы күмөн бойдон калып келе жатат!..

Асыресе, оор кесепети ондогон кылымдарга созула турган кыянатчылык кылмыштардын ачылбай келе жатышына, кайсыл бир деңгээлде, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дагы кайдыгерлиги себеп болуп жаткандыгын да айта кетүү абзел. Маселен, мындан 7-8 жылча мурда Улуттук Академиянын “Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият таануу, Манастаануу” институтунун Кол жазмалар фондусунан өткөн кылымдарга таандык кол жазмалар уурдалып, тарыхый баалуулуктарды барктап, сактай билген Түркия китепканалары тарапка сатылып кеткендигинин “изи” булайып чыгып, тиешелүү укук коргоо органдары иликтөө иштерин башташкан болчу. Анан кандай жыйынтык чыгарылды? Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө тобунун жетекчисинин: “бул институт өтө чоң акча тегереткени деле байкалбайт, олтурган столдору дагы эски, сынык экен” дегенине караганда, сыягы, аталган институттун директору Абылдажан Акматалиев адатынча бечараланып, араң жашап жаткан кедейдин образына кире калса керек, же тескерисинче, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлерин ашкан бай, өздөрүнө бир нерсе өндүрүп алуу мүмкүн болгон белгилүү “бир чөйрөдөгү контингент” гана кызыктырып калган чыгар. Болбосо, көп иштерди эптеп-будамайлап, жаап салууга шашылышпайт болчу. Арийне, жакында кайрадан инвентаризацияланып жаткан, мурда жабылып жана кыскартылып калган кылмыш иштеринин алкагында бул кылмыш иши дагы кайрадан ачылып, эми бул жолу ийне-жибине чейин такталып, аягына чыгарылат деген ишеним бар.

Улуттук руханий байлыктарыбыздын ажырагыс бир бөлүгү болгон жаратылыш байлыктарыбыз дагы чет жактан келген жарандар жана аларга арзыбаган тыйын-тыпырларга күнүмдүк кызыкчылыктары үчүн көмөктөшүшкөн өз жарандарыбыздын кыянатчыл аракеттеринен улам, орду толгус жоготууларга учурап, таланып-тонолууда. Кез-кезде “уктатылып” салган шумкар-бүркүт балапандарынын Сауд Аравиясынан ж. б. өлкөлөрдөн келишкен байлардын багажынан чыгып жатканы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Ал эми “ооз басарлыгын” алган соң, “байкалбай-билинбей” таможнядан өтүп кеткендери канча? — ​муну эч ким билбейт. Кыргыз тоолорун гана мекендешкен барс, маралдар жана тоо текелеринин түрлөрү укмуштай тездик менен азаюуда. Ал тургай, биологдордун коңгуроо какканына караганда, мурда саздактарда жайнаган бакалардын, жыландардын айрым түрлөрү тукум курут болуп бара жаткандыгы эле тиешелүү мамлекеттик органдарды ойлондуруп, бул агымга каршы атайын программа иштеп чыгуулары зарыл. Экологиялык баланс бузулган соң, азыркы Кыргызстандын кайталангыс, уникалдуу табияты дагы кайра калыбына келгис жоготууларга тушугары анык.

Ушундай алдын ала ойлонуштурулган жана дыкаттык менен иштелип чыккан карасанатай аракеттердин эң жеткен апогейи катары — ​улуттук руханий дүйнөнүн чокусу “Манас” эпосуна карата жасалган чабуулдар болуп калды деп айтууга болот. Алгач Борбордук аянтка — ​дал Манастын эстелигинин маңдайына Шыпшайдар, Көзкаман сыяктуу душмандардын эстеликтерин орнотуу аракети жасалса, кийинчерээк кыргыздын улуттук руханий баалуулуктарынын туу чокусу болгон “Манас” эпосуна шек келтирип, “Чыныгы “Манас” мына ушул” дешип, былжыраган бир сандыракты таңуулоо аракети орун алды. Алардын катарындагы чаласабат окумуштуу сымал күчтөр, өздөрүн саясатчы жана мамлекеттик ишмер атап алышкандардын аракеттерине тереңирээк талдоо жүргүзүүдө, бул атайын уюшулган жана алдын-ала ишелип чыгылган иш-чаралар экени айгинеленет. Мурда “Манастын” сюжетин пайдалануу аркылуу “үчилтик драма” жазышып, же “өз вариантын” жараттым деп ойлоп алышып (чын-чынына келгенде, алар “Манас” эпосу боюнча жазылган инсценировкалар катары гана калары анык), анысы менен Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алышса, “эч нерсе эмес, боло берет” деп кол шилтеп койчу элек. Эми жогорудагыдай өздөрүнүн “чыныгы Манасын” таңуулап, улуттук руханий эң ыйык дүйнөбүзгө кол салгандар пайда боло баштагандан бери, “Манасты” коргоого алуу, жана да ага шек келтиргендерди тиешелүү деңгээлде жазалоо үчүн атайын мыйзамды иштеп чыгуу зарылдыгы жаралды.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

 

 

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Балык башынан сасыйт. Президенттер ууру болушса жонокой жарандар алардан улгу алып жатышса керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *