Коррупцияга каршы күрөш Алманбет Салиев менен Кыянбек Сатыбалдиевди кыйгап өтөбү?

Талуу суроолор жаралууда. Президенттик аппараттын орун басары Алмамбет Салиевди соңку убакта тескери маанайдагы сөздөр ээрчий баштады. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы Асман-Таш аттуу кенди көзөмөлгө алганы, кытай инвестору Жонду «мингени», каржылык кызыкчылыктарды чечип атканы ырасталабы? Аталган кенди облус губернатору Кыянбек Сатыбалдиев да көзөмөлдөп, «доляда» отурганы аныкталабы? Береги кытайдын офиси Бишкек шаарындагы Белорусская №38де болсо, ал жерди Салиевдин балдары көзөмөлдөшөбү? Айтор, ушул сыяктуу суроолор күч болуп турат. Дал ушундай түйүндөрдү чечүү үчүн тиешелүү күч органдары кызыгып көрсө болот. Коррупция менен күрөш жүрүп аткандай түр көрсөтүшөт да, аныгында, «балык башынан сасыйт» болуп аткан жокпу?..

Булак: «Азия ньюс»

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *