Кожобек Рыспаев КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Согушка барбай туруп “бардым” деп акча алган – бул жүзү жоктук”

Кожобек мырза, ведомстволор аралык комиссия жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында 37 адам дегеле Ооган согушуна катышпаса да жөлөк пул алып жүргөнү ашкере болуптур. Алардын арасында атүгүл генералдар да бар экен. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Аларды биз «жалганчы-ооганчы» деп коёбуз. Алар боюнча маселени биз, республикалык кеңеш көтөрүп эле келатканбыз. Ооганчылар 6 миң сомдон жөлөк пул алабыз да. Ошого байланыштуу булар жасалма документтерди колдонушкан. Бул – кылмыш да. Бул үчүн биринчи кезекте ошолорго документ жасап берген аскердик комиссариаттардын жетекчилерин, экинчиден, ошол документтерди уялбай алып жүргөн «жалганчы ооганчылардын» өздөрүн жоопко тартыш керек. Кээ бирөөлөрдүн кызмат кылган аскер бөлүктөрүнүн цифралары туура эмес жазылып калып, жок жеринен караланып жатышат деп айтышат. Аны тиешелүү органдар текшерип, тастыктап чыгышы керек. Бул маселени мен да көтөрөм. Бул мамлекетке келтирилген чоң чыгым. Согушка барбай туруп бардым деп акча алган – бул жүзү жоктук. Саткын да.

Алар Ооган согушунун катышуучусу катары сиздерге мүчө болуп катталышкан беле?

-Бизге келип каттоого турабы-турбайбы, ар кимдин өзүнүн эрки. Тургандары деле болуп жүргөндүр, анын баарын биз санай албайбыз да.

Тургандарды чын эле согушка катышканбы, же катышкан эмеспи деп иликтейсиздерби?

-Биздин иликтегенге укугубуз жок. Себеп дегенде, бизге андай ыйгарым укук берилген эмес. Иликтеп, казып, архивден алып чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз да жок, Кээ бир «жалганчы ооганчыларды» «каерде болдуң эле? Кимдер менен кызмат өтөдүң эле?» деп «встречный» суроолор менен эле сөздөрүнөн кармап калган күндөр болот. Албетте, запрос кылсак болот, бирок бул чоң жумуш. Аны өкмөт кылышы керек.

– Бирок, бир нерсени эске алыш ке­рек го. Сиз сыяктуу Ооганстандагы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкандар бар, анан согуш учурунда жөн гана ошол өлкөдө кызмат өтөп келгендер бар…

– Ал маанилүү эмес. Ооганстандын аймагында согуш болуп жатканда түздөн-түз согуш аракеттерине катышкандар да, катышпагандар да коркунуч астында болушкан. Мисалы, ашпозчу жоокерлерге тамак жасап жүргөн жеринен ок жаңылып, же болбосо полкто калган жоокерге сна­ряд тийип өлүп калышы ыктымал болчу. Ошондуктан, ал жакка баргандардын баары бирдей шартта «согушкка катышты» деп эсептелет.

Аттокур Жумаев

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *