Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты, СДПК фракциясы: «Азыркылардын көпчүлүгү эле бай-манаптын тукуму болуп калабы?»

— Агай, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендеги максатыңыз эмне, же кээ бир кесиптештериңизге окшоп бизнесиңизди коргообу?

— Менин Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендеги биринчи максатым-элиме пайдамды тийгизүү. Мурунку чакырылышта депутат болуп турганымда көптөгөн мыйзамдарды жазып, ишке ашышына көмөк көрсөткөм.

Ал эми бизнес тууралуу сурооңо токтоло кетсем, биринчиден менин аябай ашып-ташып, төгүлүп жаткан бизнесим жок. Бизнести кимдир бирөөдөн коргоо керек эмес. Себеби, мен өз маңдай тер, ак эмгек менен кураган бизнесиме кимдир бирөө тоскоолдук жаратат деп айта албайм.

— Карапайым калк учурда депутаттарга көп ишеним артып, келишпестиктер болсо Жогорку Кеңешке жүгүргөнүн билебиз, сизге кайсыл тармак боюнча көп кайрылышат?

— Мага көп учурда жер маселеси, жер кен байлыктары боюнча чыр-чатактар чыкканда кайрылышат. Шайлоочуларымдын кайрылуу себептерин териштирип, колумдан келишинче тактап, жан үрөп жардам берүүгө аракет жасайм.

— Учурда айыл жеринде жумушсуздук күч алып, жаштарыбыздын баары чет өлкөгө кетип, чет жакка барууга шарты жоктор, баш калаабызды көздөй агылуу- да, буга оюңуз кандай?

— Эсил кайран СССР деген улуу держава кулагандан баштап эле өлкөбүздө жумушсуздук пайда болгон. Өкмөттүн жумуш орду менен камсыз кылууга чамасы келген эмес. Ал тургай бизде чоң-чоң завод, фабрикаларыбыз менчиктештирилип, сатылып, талап-тонолуп кеткени жашыруун эмес. Өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери, эл өз киндигин өзү кесип, жакшы жашоого умтулган замандаштар кайсыл жерде иштебесин иштин көзүн таап, жашоо- шартын оңдоого аракеттениши кубанарлык иш. Ушу тапта элеттиктер да иштин көзүн таап алдыга умтулуп жаткан учуру. Иштейм деген кишиге иш табылат экен. Айылдан эле укмуш жыгачка жан киргизген усталар, колунан көөрү төгүлгөн уздар, жемиш бактарынын түрүн эгип гана тим болбой, чет өлкөдөн алынып келчү банан, лимон, киви, ал гана эмес ананасты бышырып жаткан багбандар. Аары баккан балчылар, бөдөнө, төө куш, тоок багуу менен алектенгендерди айтпаса да белгилүү. Менин оюмча замандаштар алдыга көч башын улап бараткандай.

Ал эми жумуш жогуна шылтоолоп, айылды чангандарга оюм. Кээ бир жаштар айылда жашагысы келбейт. Кетмен чабууну жактырбайт. Мал баккандан намыстанат. Же бир жакшылап алган билими жок. Билим албай калышына, акча төлөп окута албаганына ата-энесин күнөөлөйт. Иш менен камсыз кылбаган Өкмөткө наалат айтат. Кыялында, жомоктогудай жашоону элестетет. Заматта эле депутат же министр болгусу келет. Мындай жаштар миңдеп саналат.

Учурда айыл жеринде иш жок деп, борборго келип алып, жарытылуу иштей албай, айылга кайтууга намыстанымыш болуп, жеңил тамакка азгырылып, ууру- кески же болбосо кээ бир кыздарыбыз сойкулук жолуна түшүп кетүүдө. Ким болсо да, жаман жолго түшүүдө биринчиден өзүн күнөөлөшү керек. Акыл деңгээли өз ордунда, өз оюн башкара билген адам күнөөнү башкадан издебеши анык.

Борбордо азыр мурункудай завод, фабрикалар жок болгону менен майда, чакан ишканалар, тигүү цехтери, кичи заводдор иш алып барууда. “Аракетке берекет” дегендей. Атасы бай болбогонуна кейибей, өзү баюуга аракет жасаса болот (күлүп).

— Эл арасында депутаттар чет өлкөлөргө завод-фабрика куруп, чет өлкөнүн банктарына акчаларын катпастан, кыргыз эли үчүн пайда келтирчү ишканаларды курса, жаштарыбыз чет жака тентимек эмес деген ой айтылат. Суроого кандай жооп айтаар элеңиз?

— Кимдин кайсыл жакта иштетип жаткан завод-фабрикасы, канча каткан акчасы бар, аны менен ишим жок. Жеке өзүм үчүн жооп берсем, менин чоң завод, фабрика курууга кудуретим да жетпесе керек.

— Бийликке жалаң жаштар келүүдө, эл күткөндөй реформа жаратаарына көзүңүз жетеби?

— Ишенем. Жаштардын келечеги алдыда. Алар сөзсүз реформа жарата алат.

— Ооган жеринде кызмат өтөп келгенсиз. Ооган жерин эстегенде кайсыл учур көзгө тартылат?

— Согуш мезгили, колу-буту жулунган жоокерлер, жар сүйбөй, бала жытын искебей кеткен кырчындай жигиттерди эстегенде, каргыш сага согуш дейм. Кандай гана жакшы тилектерге, үмүттөргө байланган азаматтар боз топуракка аралашып калды.

— Үйдө ким башчы болушу керек? « Ким акчаны көп тапса ошол башкарат» дегендерге кошуласызбы?

— Ээ кокуй, жок. Акчаны тапкан адам эле башкара берсе анда аял- эркектин жашоодогу орду эмне болот? Азыр эми көбүнчө аялдар иштеп, эркектер үйдө олтуруп калбадыбы, ошого кээ бир түшүнүгү тайкылар акча тапкан адам башчы деп түшүнүп алса керек да.

— Доско байсызбы?

— «Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсунчу» деп коёт элибизде. Мен ошол накыл кепти туу тутам. Досторум көп эле, жакшылыкта тарапташ, жамандыкта канатташ болгон досторум менен сыймыктанам.

— Көпчүлүк бийлик бутагында олтурган замандаштардын ата-энеси илгертен бери эле мамлекеттик кызматты аркалап келген болуп чыгат. Сиздин атаңыз да эски чиновник беле?

— Анда азыркылардын көпчүлүгү эле бай-манаптын тукуму болуп калабы? Бул эми тамаша. Менин атам колхозчу эле болгон. Мен жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө тогуз бир туугандын арасында эр жеттим. Атам өмүр бою колхоздо иштеди, апам болсо үйдө балдарды карап, таалим-тарбия берип келди.

— Баятан байкасам, бөлмөңүздө кыргыздын руху, духу бардай, айтайын дегеним, башка саясатчылардан айырмаланып Манас бабабыздын портретин илип алганыңыз кубантты?

— Кыргыз эли байыркы элбиз. Канчалаган доорлорду басып өтсөк да жазуусуз жашаган доорлордо деле элибиз ооз эки мурас менен укумдан-тукумга Манасты калтырып келгендиги эле не деген керемет. Биз жаштарыбызга ыйык мурастарыбызды таанытышыбыз керек. Мурастарыбызды тааный билбесе анда кыргыздан маңкурттар чыгып калбайбы. Кыргыз барда Манас жашайт демекчимин.

— Салт-санаага кандай карайсыз?

— Эң жакшы, салт-санаабыз менен эзелки бабалар баскан көчтү улап кете алабыз деп ойлойм

— Өлкөбүздүн келечегин кандай элестетесиз?

— Өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишенем. Азыр өткөөл мезгилде жашап жатабыз, көч бара-бара түзөлөт дегендей. Буйруса баары жакшы болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *