Көзкамандар менен шыпшайдарлар болгон жана боло берет тура…

Кыргыз – азиялык рух дөөлөтү, маданияты, таза жандүйнөсү менен айыр­маланган, адамгерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүк­тү, уяттуулукту, ар-намы­стуулукту ыйык туткан, мамлекеттүүлүгү, жаран­дык коому, ачык демокра­тиясы болгон, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, гүлдөткөн байыркы баатыр эл эле!

Кагылайын Кыргызстан, деги түбөлүгүң түз болсо болгону. Мындан да жаман күндөр башыңан өткөн го, чиркин. Ошол күндөн ушул күн Көзкамандар менен Шыпшайдарлар нечен жо­нуңа бычак урганга араке­тин жасаган, тузуңа сийген, бирок ошондо да улуттук нарк-насилиңди, касиеттүү катарыңды, тилиңди жа­на дилиңди сактай келген­сиң… Дагы да сактайсың деп терең ишенем. Эгер бул ишеним болбосо жашап ке­реги бар беле? Жок, кереги жок болчу…

Түбөлүк тур, касиеттүү Ала-Тоом, санжыргалуу кы­ргыз элим!

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *