КР Мамлекеттик каттоо кызматы КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекованын айткандарын калпка чыгарды

КР Мамлекеттик каттоо кызматы КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекованын бүгүн, 18-январда парламентте Мамкаттоо кызматы жарандардын басмакананын айынан ката басылып, жараксыз болуп калган 40 миң Туулгандыгы тууралу күбөлүктү алмаштырууда ата-энелердин ар биринен 120 сомдон акча сурап жатат деп айтканын калпка чыгарды.

Маалыматта басмаканадан ката басылып калгандыктан жараксыз болуп калган туулгандыгы тууралу күбөлүктөр бекерге алмаштырылып жатат деп ишендиришет.

“Эгер депутаттын кайсы ЗАГСта жана кимден жараксыз болуп калган туулгандыгы тууралу күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн акча талап кылышканы боюнча конкреттүү фактылары бар болсо бизге, Мамкаттоо кызматына берсин, биз чара көрөбүз”, – деп айтылат билдирүүдө.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *