КР Өкмөтү: “”Кыргызстан” партиясынын 2018-жылдан тарта энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес”

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде 2018-жылдан тарта ар-бир төрөлгөн ымыркайга мамлекет тараптан 50 миң сом көлөмүндөгү бир жолу берилүүчү финансылык көмөк (энелик капитал) төлөнүп берилерин билдирген. Белгиленгендей, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбооруна тийиштүү беренени кошумчалоо тууралуу маселени карап чыгаары айтылган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн партиянын энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес, анткени «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 — 2019-жылдарга болжолу тууралуу» мыйзам долбоорунда аталган финансылык каражаттар каралган эмес. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Буга катар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда жана республикалык бюджжеттин финансылык-экономикалык  шартына  ылайыктуу, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

– балдар он алты жаш куракка жеткенге чейин аларга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине – алар он сегиз жашка чыкканга чейин)  бүгүнкү күндө  айына 810 сом өлчөмдө;

– бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү сүйүнчү жөлөкпул – кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө, б.а. 2700 сом;

– мындан тышкары, эгиздерге жөлөкпул – алардын ар бири үч жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө, б.а. айына  ар бирине 900 сомдон;

– үч жана андан көп эм төрөлгөндөргө жөлөкпул – алардын ар бири он алты жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө, б.а. айына  ар бир балага 1350 сомдон.

Белгилей кетсек, жөлөк пулдун бул өлчөмдөрү  жыл сайын  инфляция көрсөткүчтөрүн эске алуу менен көбөйүп турат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *