КР Президентинин аппарат жетекчилигине Болот Отунбаев даярдалып жатат

КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматы  өлкөдөгү эң маанилүү кызматтардын бири. “Вазир жакшы хан жакшы”  дегендей эгер президенттин аппарат жетекчиси бардык жагынан такшалган  уюштургуч , билимдүү, саясый оюндардын мыйзамдарын жакшы билген, интригаларды алдын-ала аныктай алган көрөгөч болсо анда президенттин иши шыр кетет. Эгер мындай сапаттарга ээ болбосо өзүн да кыйнап, президентти да кыйнап, өлкөнү да кыйнап коёт. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын жетекчисинин кызматы орду Мухаммедкалый Абылгазиев кеткенден бери бош турат. Ошондой төгөрөгү төп келишкен киши табылбай,  ал кызмат эч кимге ыраа көрүлбөй жаткан.

Биздин жеке булактар билдиргендей КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматына  талапкерлердин ичинен элчи Болот Отунбаев  тандалып алынып, даярдалып жатыптыр. Бирок Болот Отунбаев жогоруда аталгандай сапаттарга ээ кадрбы? Саясый интригалардын мыйзамдарын өздөштүргөн, эл менен сүйлөшө ала турган, уюштургуч  жөндөмдүүлүгү өзгөчө жанбы? Сиздер кандай ойлойсуздар?

Булак: Kyrgyztoday.kg

3 comments

  • Эми Болот Отунаевден башка Жаш кадр Бизде жокпу.Чондор бирин бири эле колдойт береби. Эл менен булар качан иштейт,Элдин акчасын алып жатканын
    Булар качан ойлойт.Отунбаеванын шалаакылыгынан,чечкиндуу эместигинен, Ош окуясы чыккан,300 Дон
    ашыкча Адам олгон!

  • Элдин унун Элге,Чондорду жеткирип да,Болбосо силердин Сайттын кимге кереги бар!

  • Элдин унун Элге,Чондорго жеткиргиле да,Болбосо силердин Сайттын кимге кереги бар!
    Эмне Отунбаевден башка Адам тугонуп калыптырбы.Роза Отунбаева Ош окуясы нын чыгышын алдын албай,канча Бей куноо Адам олуп кетти.Бул чындык!
    Кайра эле Отунбаевдерди бийлике алып келип жатышат,Чондор бирин бири,
    Колдой беришеби??

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *