Бакыт Төрөбаевдин штабы: “17- сентябрда, саат 18:00дө Жалал-Абаддын “Курманбек” стадионунда Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусу болот”

Эртең, 17- сентябрь күнү саат 18:00дө Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда, КР Президенттик кызматына талапкерлер Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабановдун Жалал-Абад эли менен жолугушуусу болот.

Аталган жолугушууда президентикке эки талапкер Бабанов жана Төрөбаевдин биригүүсү жана “Бабанов-Төрөбаев” саясий тандемин түзүү боюнча толук маалымат берилет.

Аталган иш-чарага “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика” саясий партияларынын  штаб өкүлдөрүнүн жана тарапташтарынын катышуусу менен өтөт. Жолугушууга Кыргызстандын белгилүү саясий ишмерлери да чакырылды.

КР Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *