КР УИАда Кыргызстандагы токой илиминин негиздөөчүсү П.А.Гандын 100 жылдыгына арналган Эл аралык конференция өтүүдө

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын илимдер академиясында биология илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандагы токой илиминин негиздөөчүсү  Петр Алексеевич Гандын 100 жылдыгына арналган “ТООЛУУ ТОКОЙ ЭКОСИСТЕМАСЫН ТУРУКТУУ БАШКАРУУ” аталышындагы Эл аралык конференциянын ачылышы болду.

Аталган Эл аралык илимий-тажрыйба конференциясы 4-8-сентябрь аралыгында өтүп, ага Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын илимпоздору катышууда.

Иш-чараны ачып жатып Кыргызстандын илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев П.А.Гандын Кыргызстандын токой илимине салган зор салымын баса белгилеп, Россия менен Казакстандан келген илимпоздорго ыраазычылык билдирип кетти.

  • Петр Алексеевич өз ишине жүрөгүн берген, бүт өмүрүн арнаган инсан эле. Мына ошонун урматына токой институтуна Петр Алексеевичтин аты ыйгарылып отурат. Улуу инсанга арналган бүгүнкү иш-чаранын алкагындагы сиздердин изилдөөңүздөр, эмгегиңиздер токой илимине салым кошооруна ишенем – деди академиянын президенти.

Иш-чарага катышкан КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Алибекович Рустамов токой илиминин тарыхына токтолуп, тоо кыркасындагы токойлорду сактап калуу жана өстүрүү оор экендигин белгилеп, П.А.Гандын эксперименталдык токой чарбалары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, ал жерде эмгектенген окумуштуулар илим изилдөөгө үзгүлтүксүз салым кошуп келе жатканын айта кетти.

  • Арча токойлору эң жай өсүүчү токойлорго кирип, аны изилдөөгө да көп убакыт сарпталат. Мына ушуну П.А.Ган жакшы билген. Ал түптөп кеткен илимий мектеп бүгүнкү күнү да иштеп жатат. Тоодо өскөн токойлордун айыл чарбачылыгына, аба ырайына чоң таасир этет. Ошондуктан да биздин токойлор жаратылышты коргоодо маанилүү тармак катары каралган. Келечекте бул токойлордун аянты кеңейип, эл чарбачылыкта да кеңири пайдалансак деген тилекти айтаар элем – деди Абдыкалык Рустамов.

“Тоолуу токой экосистемасын туруктуу башкаруу” аталыштагы Эл аралык конференцияда Кыргызстандагы токойлордун экологиялык абалы, бүгүнкү күнү жана келечеги, токой өстүрүүнүн заманбап технологиялары, бактардын зыянкечтери жана алар менен күрөшүүнүн ыкмалары, токойдо өсүүчү бак-дарактарынын түрлөрү жана алардын пайдасы, жаңгак токойлорду, чычырканак, арча өстүрүүдөгү маселелер, тоодогу токойлордун жер кыртышына таасири, шаарларды жашылдандырууда токой илиминин кошкон салымы жөнүндө маселелер козголот.

Иш-чарага келген Россия илимдер академиясына караштуу Сибирь бөлүмүнүн В.Н.Сукачев атындагы Токой институтунун директору Александр Александрович Онучин:

  • Мен Петр Ган менен жеке тааныштыгым бар эле. Ал кишинин дүйнө жүзү боюнча чогулткан өсүмдүктөрдүн коллекциясын биз бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып жатабыз. Жылуу-Сууда өстүрүлгөн ал өсүмдүктөрдүн көчөттөрү Красноярск шаарындагы дендрарийде өсүүдө. Биздин институттардын байланышы мурдатан бери эле бекем болчу, жана да келечекте иштеше турган пландарыбыз, алга койгон максаттарыбыз көп – деп, келген окумуштууларга ийгилик каалап кетти.

Кыргызстанда токой илиминин башатында турган Петр Алексеевич Гандын кызы Наталья Петровна Ган иш-чара боюнча жылуу пикирин билдирип төмөнкүлөрдү айтты:

  • Мен атамдын атын урматтап институтту атап, анын жасаган иштерин улап жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Россия, анын ичинде Красноярск менен мамиленин сакталышын мен атамдын өмүрүнүн уланышы деп эсептээр элем. Себеби ал Красноярскийде билим алган. КР Улуттук илимдер академиясынын жетекчилерине Токой институтун колдогондугуна,, мындай маанилүү иш-чара өткөрүп жаткандыгына ыракмат айтам.

Казакстандын Алма-Ата шаарындагы Ботаника жана фитоинтродукция институтунан келген, Шренк карагайын изилдеген Александр Кердяшкин Кыргызстандагы токой чарбачылыгынын абалы, изилдөө иштери кандай жүрүп жаткандыгын көргөнү, тажрыйба топтогону келген.

– Мен Иле Ала-Тоонун токойлорун кайра калыбына келтирүү менен алектенем. Мындай иште  албетте окумуштуу П.А.Гандын илимий эмгектерине таянуу керек. Себеби анын изилдөөлөрү фундаменталдуу, маанилүү, демек ал изилдөөлөрдү кайып өтүү эч мүмкүн эмес, кийинки изилдегендер – толуктап гана коюшубуз мүмкүн. Мурда, 50-жылдарда Шренк карагайын урук себүү менен өстүрүп келишкен. Кийин 4 жашка чыккан көчөттөрдү өстүрүү жакшы натыйжа берээрин байкашкан. Мына ошол тажрыйбалар бүгүнкү күндө кандай экендигин билгим келет  – дейт Александр Кердяшкин.

Маалымат үчүн:

Ган Петр Алеексеевич Алупка (Крым) шаарында 1916-жылы туулган.

Красноярскийдеги  токой техникалык институтун (1941) аяктаган.

Өзгөн токой чарбасынын директору, Биология институтунун токой бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Токой илимин таануу жана токой чарбасы боюнча мыкты адис болгон.

КР илимине эмгек сиңирген ишмер (1990).

Жетимиштен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монография жазган.

  1. Опыт горного лесоразведения, интродукция в поясе еловых лесов Прииссыккулья.
  2. Леса Киргизии.
  3. Ход роста культур лиственницы сибирской и сосен обыкновенной и крымской в Прииссыккулье.
  4. Лесная проблема в Киргизии.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *