КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиевага КР жараны Бабырбек Жээнбековдон Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

төрайымы    Г.Ү.Калиевага

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Бостери

айылындагы К.Акматов көчөсүндө жайгашкан

«Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсынын өкүлү, Бишкек шаарынын

Кокчетавская көчөсүндөгү №234-үйдүн тургуну

Жээнбеков Бабырбек Субановичтен

 

УРМАТТУУ    ГҮЛБАРА      ҮТҮРОВНА!

Мен 2016-жылдан бери Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.Молдакуновду, анын ошол кездеги орун басары А.Досмамбетовду, КР Жогорку сотунун судьялары А.Базаралиеваны, Б.Аманалиеваны жана Б.Акматовду «коррупционерлер» деп атап, алардын иш-аракеттеринде КР КЖКынын 303-304,328-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери ачык-айкын көрүнүп, доументтер менен тастыкталып тургандыгын экс-президент А.Атамбаевге жана анын жан-жөкөрлөрүнө жеткире алган эмес элем. Анын себептери бүгүн ачык-айкын болуп отурат. Көрсө, алар өздөрү да ошол эле коррупциянын сормо сазына кекиртегинен батып калышкандыгын турмуш өзү көрсөтүүдө.

Бүгүн, жогорудагы коррупционерлердин катарына ошол эле Ысык-Көл облсотунун судьялары Г.С.Алиеваны (төрага орунбасары), М.М.Жаныбековду, У.Суранчиевди, Г.Кудабаеваны, А.Өмүралиеваны жана мага канчалык оор болсо дагы М.У. Шамбетованы, КР Жогорку сотунун судьялары Т.Чаргынованы, М.Мельникованы жана Н.Сатыбалдиеваны кошууга аргасыз болуп отурам. Булар Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 9-октябрындагы №АД-583/14 МИ иши боюнча мыйзамдуу чечимин бузуп, «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсына тиешелүү «Асыл-Таш» пансионатынын 1,73га жер аянтын жерди тартып алуучуларга (рейдерлерге) алып берген А.Молдакуновдордун уятсыз иш-аракеттерин бүгүнкүгө чейин колдоп, мыйзамсыз сот актыларын кабыл алууну улантып келатышат. Ал эми А.Молдакуновдор болсо архивдик документтер тастыктап тургандыгына, менин КР ЖПКнын 187-беренесинде көрсөтүлгөн жалган далил жөнүндөгү бир нече жолку арыздарыма карабастан ишти кылмышкерлердин пайдасына чечип беришкен.

Бүгүн өлкөдө бийлик өзгөрдү. Учурдагы президентибиз С.Ш.Жээнбеков сот аргандарынын коррупцияга малынгандыгын ачык сынга алып, аларды түп-тамырынан жоюу тапшырмасын коюу менен Сиздин кандидатураңызды Жогорку соттун төрайымдык кызматына колдоп берди.

Ишенимди актоо, актабоо эми өзүңүзгө гана байланыштуу. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын төргөө башкармалыгынын Ысык-Көл областы боюнча тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Курвангалиев тарабынан менин тынымсыз Башкы прокуратурага кайрылууларымдын натыйжасында кылмыш иши аягына чыгып, «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсына тиешелүү «Асыл-Таш» пансионатынын 1,73га жери жалган, жасалма документтердин негизинде жер басып алуучуларга мыйзамсыз берилгендиги аныкталып отурат. 2018-жылдын 15-сентябрында тергөөчү токтом кабыл алып, бирок кылмышкерлерди кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти өндүрүштөн кыскарткан.

Тергөөчү Б.Курвангалиевдин бул токтомун негиз кылып КР АПКнын 27-главасынын 267-273-беренелерин жетекчиликке алып мен Ысык-Көл областтык сотунун административдик жана  экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына өзүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы мыйзамсыз чечимин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайрадан карап, мыйзам талаптарына ылайык чечим кабыл алуу өтүнүчүн келтиргем.

Тилекке каршы, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары  «мыйзам», «адилеттик»- деген түшүнүктөрдөн кол жууп калышкандыгын, коррупция илдети аларды биротоло чырмап алгандыгын дагы бир ирет далилдеп беришти.

Областтык соттун төрагасы А.Молдакуновдун, анын ошол кездеги орун басары А.Досмамбетовдун, судья М.Шамбетованын, КР Жогорку сотунун судьялары А.Базаралиеванын, Б.Аманалиеванын, Б.Жусуповдун ишти рейдерлердин пайдасына чечип бергендиги үчүн он миңдеген долларларды алгандыгын Ысык-Көл районунунун Бостери айылынын жашоочулары бүгүнкүгө чейин айтып жүрүшөт. Албаса, мыйзамсыз чечим чыкпасы айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи.

Бүгүн жогорудагы коррупционерлердин катарына Ысык-Көл облсотунун төрага орунбасары Г.С.Алиева, судьялар М.Ж.Жаныбеков, М.У.Шамбетова кошулду дегеним-булар өтүп бараткан жылдын 5-ноябрында дагы бир коррупциялык кадамга барып отурушат. КР АПКнын 268-беренесинин 2-пунктунун 1-подпунктунда «арыз берүүчүгө жана (же) сотко талаш туудурган сот актысын кабыл алган учурда белгисиз болгон жана белгилүү болуусу мүмкүн болбогон, ишти чечүүдө олуттуу мааниге ээ документ мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароого негиз болот»-деп белгиленген. Жогорудагы үч судья болсо кымырынып-кысталбай, уялбай этпей эле процессуалдык мыйзамды тебелеп-тепсешип, алар үчүн мыйзам эмес- кызматтык жалган тилектештик, жетекчинин мыйзамсыз талап-көрсөтмөсү жогору тураарын 5-ноябрдагы аныктама менен өздөрү далилдеп коюшту.

Ушул чакан, кыска кайрылуум менен мен Сизге эмнелерди айткым келди? Ишти караган судьяларга ал боюнча көрсөтмө берүүгө Сиздин дагы укугуңуз жок экенин билем. Ошол эле убакта, Жогорку соттун төрайымы катары сот кызматкерлерин мыйзамдуулукту сактоого чакыруучу жана алардан мыйзам талаптарын кыйшаюуусуз аткарууну талап кылууга милдеттүү мамлекеттик жогорку даражадагы кызматкер катары Сизге төмөндөгүлөрдү билдирем жана суранам:

1.Дүйшөмбү, 3-декабрь, күнү Жогорку сотко жөнөтүү үчүн Ысык-Көл облсотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 5-ноябрындагы мыйзамсыз аныктамасына кассациялык даттануумду Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна жөнөттүм. Даттанууну карай турган Жогорку соттун соттук коллегиясына мен ачык эле «коррупционер» деп айыптап жаткан А.Базаралиеваны Б.Аманалиеваны, Б.Акматовду, М.Мельникованы, Н.Сатыбалдиеваны жана Т.Чаргынованы кошпосоңуз. Ишти башка курамдагы, мыйзамды анча-мынча болсо да сыйлаган судьялар карап берсин.

2.Сизге ушул кайрылуум жарыяланып жаткан ММКнын дагы бир бурчунда мен «коррупционер» деп айыптаган Ысык-Көл облсотунун, КР Жогорку сотунун судьяларына менин доомат катым кошо жарыяланат. Алардын судьялык ыйык жана өтө жогорку жоопкерчиликтүү кызмат орундарына татыксыз, нагыз кылмышкерлер экендигин документтер менен далилдеп берүүгө мен качан да болсо даярмын. Мени менен макул болбогондору «жалган билдирүү жасады» деп каалаган органына кайрылышсын. Акыйкат териштирүү жүрсө өз чындыгымды далилдеп берүүгө кудуретим жетет.

3.Мен өзүмдүн кассациялык даттануумда Ысык-Көл облсотунун 2018-жылдын 5-ноябрындагы аныктамасын жокко чыгарып, ишти маңызы боюнча кароону Бишкек шаардык же Чүй областтык сотуна өткөрүп берүүнү сурандым.

Ысык-Көл облсотунун төрагалык кызматында коррупционер А.Молдакунов отурганда талаштын мыйзам чегинде чечилээри күмөн. Себеби, А.Молдакунов төрага катары кол алдындагыларга көрсөтмө берээри, башка судьялар болсо өз терилерин сактап калыш үчүн сураныч келтирээри айдан ачык. Ошондуктан, мен бүгүнкү күндө Ысык-Көл областтык сотунун бир дагы судьясына ишеним арта албайм.

4.Менин Сизге бул кайрылуумду адам катары дагы, кесипкөй юрист катары дагы айрым судьялардын мыйзамсыз, кылмыштуу иш-аракеттеринен биротоло көңүлү сууган Кыргыз Республикасынын катардагы бир аксакал жаранынын оор үшкүрүгү катары кабыл алып, сот кызматкерлеринин өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылуу маселесин ылайыгы келген учурда Соттор кеңешинде үзгүлтүксүз ортого салып турууңузду.

5.Мен, өз чындыгын качан да болсо далилдеп берүүгө даяр, мыйзамдуулукту туу туткан жаран катары ушул жана өзүм аралашкан башка иштерди мыйзам чегинде чечтирүү үчүн биздин өлкөнүн эң жогорку бийлик бутактарына чейин, керек болсо эл аралык сотторго чейин кайрылууга даяр экенимди билдирем. Ошондуктан, Сизге «Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын адилет аткарылуусун камсыз кылып берүүгө болгон аракетин жумшайт»- деген ишеним менен кайрылып жатам.

УРМАТТОО МЕНЕН

БАБЫРБЕК ЖЭЭНБЕКОВ

Бишкек шаары

05.12.2018-жыл.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары 

А.Базаралиевага,  Б.Аманалиевага, Б.Акматовго, Н.Сатыбалдиевага

М.Мельниковага жана Т.Чаргыновага;

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.Молдакуновго,

орун басары Г.Алиевага, судьялар М.Шамбетовага, М.Жаныбековго,  

У.Суранчиевге, Г.Кудабаевага жана А.Өмүралиевага;

Учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы  А.Досмамбетовго

Бишкек шаарынын Кокчетавская көчөсүндөгү  №234-үйдүн

жашоочусу, юрист Жээнбеков Бабырбек Субановичтен

(байланыш телефонум 0770-83-10-83)

А Ч Ы К    Д О О М А Т    К А Т

А соттоочулар өздөрү кимдер экен деги?

Мен 2014-жылдын 22-июлунан бери Ысык-Көл районунун Бостери айылына чукул, көл жээгине катарлаш жайгашкан «Асыл-Таш» пансионатынын ээси «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы менен келишимдик негизде юридикалык жардам көрсөтүү менен алектенип келем.

2018-жылдын 1-октябрында эки тараптын макулдашуусу менен «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы өзүнүн башкалар тарабынан ага келтирилген материалдык жана моралдык зыяндарды өндүрүп алуу, күнөөлүү жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин көтөрүп чыгуу укугун мага өткөрүп берүү келишимине кол койду.

Демек, 1-октябрдан тартып мен граждандык жараяндын түздөн-түз катышуучусу болуп эсептелем.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 4-пунктунда «мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат»-деп  жазылса, 16-беренесинин 5-пунктунда «Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей» экендиги белгиленген.

Ошол эле убакта, мен ошол эле Конституциянын 94-беренесинин 1-3-пункттарынын, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 3,11-12,14-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин судьялардын кол тийбестиги жана көз карандысыздыгы жөнүндө ченемдери менен жеткиликтүү деңгээлде таанышмын. Аталган беренелерде көрсөтүлгөн чектөөлөр «судьялар кызматтык укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык иш-аракеттерге кекиртегинен малынып, билип туруп атайылап мыйзамсыз сот актыларын кабыл ала берсе аларга карата эч кандай кылмыш, административдик, тартиптик же жарандык  жоопкерчилик колдонулбайт»- дегенди билдирбейт.

Аталган мыйзамдарда «судьялардын кынтыксыз жүрүш-турушу»- деген түшүнүк камтылган. Ал эми Конституциянын 95-беренесинин 2-пунктунда «судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат»-деп белгиленсе, 4-пунктунда «судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга  Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет»-деп көрсөтүлгөн.

Ал эми судьялардын жарандык тартиптеги жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе, менин түшүнүгүмдө, бузулбаган дың боюнча калып келет. Мыйзамдуулуктун ушул кенемтесин толуктоо максатында мен ушул доомат катым менен аты аталган судьяларды жарандык тартипте материалдык жана моралдык жоопкерчиликке тартууга граждандык мыйзамдар жол бере тургандыгын далилдөөгө аракет жасап отурам.

Уятсыз, ар-намысы жок, элге жек көрүнүп бүткөн айрым бир судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттерине кыргыз коомчулугунун көңүлүн буруу, алардын жосунсуз жоруктарына бөгөт коюу максатында мен адилетсиз иштерине өзүм күбө  болгон Ысык-Көл областынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бир топ судьяларына доомат кат менен кайрылып жатам.

Ортодо өзүнөн-өзү «деги бул судьялар кимдер? Кантип бул уятсыз адамдар судьялык кызматка келип алышкан? Эмне үчүн ушундай уятсыз, жексур адамдарга адамдардын, башка тийиштүү жактардын талашын чечип, тагдырын аныктоо милдети жүктөлгөн?»-деген арабөк суроолор жаралууда.

Мен Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.Молдакуновду, анын бир кездеги орунбасары, учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы А.Досмамбетовду, төраганын учурдагы орунбасары Г.Алиеваны, судьялар М.Шамбетованы, М.Жаныбековду, У.Суранчиевди, Г.Кудабаеваны жана А.Өмүралиеваны, Жогорку соттун судьялары  А.Базаралиеваны, Б.Аманалиеваны, Б.Акматовду, Т.Чаргынованы, Н.Сатыбалдиеваны жана М.Мельникованы «өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын көз-көрүнөө, одоно тебелеп-тепсеген коррупционер судьялар»- деп эсептейм.  Булардын аталган ишкананын, анын өкүлү катары менин мыйзам ченемдүү талап-өтүнүчтөрүбүзгө атайылап көз жумду мамиле жасап, ишканага 35 миллион сомдун тегерегинде материалдык зыян, соттук талаштын жыйынтыгына жоопкер, ишкана ээсинин эң жакын, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон адамы катары менин ден-соолугума орду толгус моралдык жана физикалык зыян келтиргендиги же ага көмөктөш болгондугу тиешелүү документтер менен тастыкталат.

Ошондуктан, мен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 14-16, 993,1008,1012,1014,1027-1028-беренелерин жетекчиликке алуу менен А.Молдакунов, А.Досмамбетов, М.Шамбетова, А.Базаралиева, Б.Акматов, Б.Аманалиевалардын ар бири 5 миллион сомдон материалдык зыянды жана 5 миллион сомдон моралдык зыянды, Т.Чаргынова, Н.Сатыбалдиева жана М.Мельникованын ар бири 1 млн.сомдон материалдык жана 1 млн.сомдон моралдык зыянды, Г.Алиева, У.Суранчиев, М.Жаныбеков, Г.Кудабаева жана А.Өмүралиеванын ар бири 500.000 (беш жүз миң) сомдон материалдык жана 1 млн сомдон моралдык зыянды 2018-жылдын 20-декабрында чейин төлөп берүүсүн талап кылам. Аттары аталган судьялар менен көрсөтүлгөн датага чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенимди дагы билдирем. Маселе оң жагына чечилбесе соттор менен соттошууга бара турганымды,  күнөөлүү судьялардын жазык жоопкерчилигин карап, кылмыш жообуна тартуу маселесин козгоп Кыргыз Республикасынын Президентине, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына натыйжалуу жыйынтык чыкмайынча тынымсыз кайрылууларды жасай бере турганымды, эл аралык сотко чейин кайрылууга даяр экенимди дагы эскерте кетмекчимин.

«Менин бул доомат катым аттары аталган жана аталбаган башка судьялар үчүн мындан ары сабак болоор, мыйзамды тебелеп-тепсөө жолу менен адамдардын жана  юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мазактоолорго бөгөт коер»- деген тилек менен

Бабырбек Жээнбеков.

Бишкек шаары.

2018-жылдын 5-декабры.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *