КРнын Эл артисти куудул-сатирик Келдибек Ниязов: Бишкегим, Бишкегим…

Өгүнү филармониядан теле жакка кетип бара жатып, «Эл куту» деген эстеликтин жанында балдарын ойнотуп жүргөн эки келинге токтоп бул кайсы эстелик десем, экөө мени карап туруп ушул эстеликпи деп кайра мага суроо узатып жатышпайбы. Эми мен кайрадан Бишкектеги эстеликтерге кайрылгым келип турат. Филармониянын алдындагы Манас атанын Бакай, Каныкейлердин эстеликтери ал жерге коошпой турганы күндөн-күнгө байкала баштады. Колдон келсе аянттагы Манас атанын эстелиги менен филармониядагы Манасты бириктирип бир укмуш заңкайган эстеликти ошол тарых музейинин алдына коюш керек экен. Эстеликтин оңтарабына Бакай баштаган Манастын чоролорун, сол тарабына залкар манасчыларды, Саякбайдан башкасын. Саякбайды калтырганым, а киши ошол филармонияда иштеген да. Эми филармониянын алдына кимди коесуң деп жатасыңар го? Токтогулдун эстелиги турбайбы опера менен Айыл банктын ортосунда. Ал киши комузун колуна алып филармония тарапты карап отурат, качан алып кетесиңер деп. Анан Токомдун тегерегине Калык, Муратаалы, Осмонкул, Алымкул, Атай, Муса, Бекмурат, Шаршендерди койсок, тигилер өмүрүнүн аягына чейин филармонияда иш-тешкен. Концертке келген эл даты тигилерди аралап көрүп, анан Токтогул атындагы филармонияга кирип кетишет. Кээси мүмкүн гүл коет. Алардын тукумдарынан келишсе куран окушат. Эми андан ары жылалы. Эркиндик гүлбагынын башында Фрунзенин эстелиги турат вокзалды карап. Ушундан көрө мени темир жол менен алып кетсеңер боло дегенсип. Биз аны жалгызсыратпай, акырын Лениндин оң капталына жылдыралы сол капталына капталына Горькийди. Горький деле жыргаган жерде турган жок. Ал жерде анда-санда пикет, митинг, кечкисин ит ойноткондор, андан кечкисин анын бутунун ту-бүнө отуруп алып, жаш кыздар-дын тамеки чегишип, өздөрүнчө дискотекасы. Эми үчөөнүн чыгышында Маркс менен Энгельс, ылдый жагында Фрунзенин уй музейи. Көрдүңөрбү СССРден калган эстеликтердин 7 аллеясы болду дагы калды. Эл операнын алдына келели.

Аалы Токомбаев отурат Кемин жакты карап, айланайындар бул жерге менин эмне тиешем бар дегенсип. Ал кишинин орду вокзалдын тубу. Фрунзенин эстелигинин орду. Ал кишинин өмүрүнүн көпчүлүгү ошол бульварда өткөн да. Биз деле ал кишини эртели-кеч ошол жерден көрчүбүз. Эми ар көчөнүн бурчуна бирден эстеликти соройтпой, баарын Аалыкенин тегерегине чогултуш Түгөлбайды, Кубанычбекти, Мидин, Райкандарды ж.б. алардын эстеликтерин кайра карап чыгып. Аалыке жыйналыш өтүп жаткандайбы же Мидии, Райкандар аларды кулдуруп жаткандай кылыппы, араларын ачык кылсак. Жумуш издеп Россияга же андан алые кетип жаткандар ошолордун арасына туруп сүрөткө түшүшөт эле. Кайра аман-эсен келишкенде биз келдик аталар деп, аларды кучактап өөп тарап кетишет эле.

Эми кезек апаларга келди. Уркуянын эстелигинин тегереги кенен, ушул жерге төрүнө Курманжан датканы көчүрсөк. Зууракан, Керимбубу, Кулуйпа ж.б. чогултсак. Алардын эстеликтерин ар кай жерге бытыратпай. Өзүнчө эле ак элечек эстеликтеринин комплекси болот эле. Операнын асты бош калбадыбы дейсиңби? О кокуй, мандайына Абдылас Малдыбаев, оң капталында Бубусара, Сайра эжелер, сол капталында Болот, Кадырбек, Асек, Кусейин агалар. Көрдүңөрбү операнын көркүнө-көрк кошулуп, багы ачылмак. Ал эми Курманжандын ордуна Чыңгыз Айтматовдун салмактуу, барктуу эстелиги тургузулса, капталында агабыздын атындагы орус театры. Чьщгыз агабызга арналган иш-чаранын баары ошол жерде өтүп турмак. Кандай дейсиң окурманым? “Фабуланын” өткөн санын-да Сүймөнкул байкем жөнүндө айткам. Таттыбубу эженин атындагы гул аянтка Муратбек атадан баштап Советбек, Арсен, Болот, Бакен, Даркул, Сабира, Төлөмүш, деги койчу баарын ошол жерге чогултсак. Алардын эстеликтерин жон эле белден өйдө, белден ылдый кылбай, жумуштан кийин эс алып жатышкандарын элестеткен көрүнүш болсо элдин баары ошол жерде болот эле. Капталында алар эмгектенген кыргыз театры, ары жагы өздөрү эс алган парк. Эгерде эртеден берки ойлор ишке ашат, Бишкек шаарыбыз мындан дагы көрктүү, мындан дагы кооз болот эле. Мен буттум, калган сөз сизде окурманым.

КРнын Эл артисти куудул-сатирик Келдибек Ниязов

Булак: “Фабула”

 

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Ниязов айтса эле макул боло калчу кыргыз жок. Даана чыр башталбайбы. Тынч жаткан элди козутат бейм бул киши. Филармониянын айланасы жакшы эле болуп турат, болбосо бир жаны нерсе жаратыш керек да, биздин “домдун” алдына коюш керек деп жамырап митингге чыгышса кантебиз анан.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *