КСДП бир ок менен эки коён аткысы келет

Конституциянын айынан карт бөрү Өмүрбек Текебаев бийлик менен  (Атамбаев башында турган КСДП) тирешип, ажонун, команданын башында турган колбашчылардын жинин кайнаткан соң, өлөсөлү болуп турган коалиция ыдырады. Бул айласыздыктан келип чыккан жагдай болду. “Ата-Мекен” менен “Өнүгүүнү” коалициядан чыгып кеткиле” деген КСДП, Текебаевдин “Духуңар жетсе өзүңөр чыккыла” деген контр чабуулунан кийин нокдаунга түшкөн КСДП өзүнө келип, коалициядан чыгууну туура көрдү. Алардын мындан башка айласы да жок болчу. Биринчи жолу бийликте турган партия өз атаандаштарына туруштук бере албай, өнөктөштүктөн кол үзүүгө барды. Эгер чыга албаса эртең эле “духу жоктор” деген атка конмок. Текебаевдин алдында баштарын өйдө көтөрүп жүрө алмак эмес.

КСДП коалициядан чыгуу менен өздөрүнө баш бербеген фракциялардан кутулууга жетишсе, кийинки шайлоодо негизги атаандаш болчу адамды өз карамагына алууга аракет жасайт. Муну менен алар бир ок менен эки коёнду аткысы келип жатат. Кийинки коалицияда кимдер болот? –деген суроого жооп даяр. Конституциялык реформага каршы чыкпагандар, бийликтин көздөгөнүн ишке ашырууга тилектеш болуп жаткан РАЖ менен “Кыргызстан” КСДПга макулдугун берери анык. “Ата-Мекен”, “Өнүгүү”, “Бир Бол” Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы болуп жаткан соң, көпчүлүктүн катарын толукташы күмөн. КСДП, РАЖ жана “Кыргызстан” бирдиктүү Союз кура алабы? Бул дагы көп маселени жаратат. РАЖ лидери Өмүрбек Бабанов менен “Кыргызстан” лидери Канат Исаевдин көз караштары көп жерден төп келе бербейт. Учуру келип калса бири-бирине азуусун салып жибергенге чейин барышчу жагдайы бар. Шайлоо учурунда эмне деген гана сөздөр менен биринин үстүнө бири жугундуну куюшпады. Бабанов Өкмөт башчылыгына дайындалып жаткан кезде Канат Исаев кол шилтеп басып кетип, шагын сындырган. Фракциясынан өз тобун бөлүп чыгып, БӨТтү бир топ алсыраткан. Муну БӨТ унутуп коюшу мүмкүн эмес. Ал дагы өз учурун күтүп жатат. Бүгүн Конституцияны өзгөртүү үчүн гана бир Союзга баш бакса, референдум өткөндөн соң КСДП үчүн алардын кызыкчылыгы түккө турбай калат да, өзүңөр чечишип алгыла деп этегин кагып туруп кетиши толук мүмкүн. Саясатта кызыкчылык биринчи орунда турат эмеспи. КСДПнын кызыкчылыгы референдумду өткөрүү. “Кыргызстан” менен РАЖдын ички кызыкчылыгы алар үчүн кызыксыз. Андыктан мындай Союздун көпкө кармалып турушу кыйын. Канат Исаев тормоз тээп, “назад” бериши мүмкүн. Кечээ эле “Спикер да КСДПдан, премьер-министр да КСДПдан болуп, таасири бир топ күчөдү, ошондуктан комитет башчысын башка фракцияга берсе болмок” деп айтпадыбы.

Бабанов КСДПнын сунушуна макулдугун берип, колуна шакек салдыра турган болсо бийликтин айтканы менен болуп, өзү көксөгөн бийиктиктерге кол суна албай шүк олтуруп берет. Премьер-министрликти КСДП башка бирөөгө ыроолобойт. Муну Иса Өмүркулов “Премьер-министр ордунда калат” деп ачык айтпадыбы. Эгер ал дагы өз айтканын бербей каршы чыга турган болсо фракциясындагы депутаттарды ич ара бөлүп жарат да, өзүнүн артындагы калбырын көрсөтүп, коомчулукка жарыя кылынат дагы, иликтөө иштери башталат. Эгер ажонун жини келсе баарын балп эттирет да, андан кийин текшерүүчүлөр текшерип киришет. Бул Бабанов үчүн опурталдуу.

КСДП коалицияны таратуу менен “Ата-Мекенди” алсыратууга жетише алды. “Ата-Мекендин” баары Текебаевди ээрчий тургандар эмес. Көчүгүндө калдыраган калбыры барлар бийликти ыктап турат. Сайдулла Нышанов бийликке каршы чыкмак турсун, азыр катуу чүчкүргөндөн коркуп жүрөт. БНК боюнча иш козголсо эле ал алапайын таппай калат. Абдимуктар Маматов болсо өзүнүн бизнесин сактоону ойлойт. Садык Шерден оппозиция чыгышы күмөн. Кыскасы Текебаев  Салянова, Никитенко жана Шыкмаматов  менен гана калат.

Үч фракцияны оппозицияда калтыруу бийликтин максаты болгон болсо, кийинки шайлоодо өздөрүнө кыйынчылыкты жаратып алышы да мүмкүн. Оппозицияда калган “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Өнүгүүнүн” партбосстору үчөөсү тең түштүк аймактан. Айрыкча Сулайманов менен Төрөбаевдин ал жактагы командасы күчтүү. Мындан сырткары үчөөсүнүн тең бийлик менен кармашканга финансылык ресурсу жетиштүү. Башкысы кийинки жылы боло турган президенттик шайлоодо КСДП алып чыккан кадрды түштүктө жүдөтүп, оюнду башка нук менен көрсөтүп койгонго кудуреттүү. Текебаев публикага ойногонду мыкты өздөштүргөн оюнчу экенин эске алганда, азчылыкты түзө турган болгон үчөө көпчүлүктөн да күчтүү саясатты жүргүзүүгө жетишет. Үч фракция оппозицияда калганы КСДП үчүн опурталдуу.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *