КСДП депутат Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарды

Бүгүн, 29-августта КСДПнын Саясый кеңеши КР Жогорку кеңешинин депутаты, Отун-энергетика комплекси жана жер кен байлыктары боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарды. Ошондой эле Саясый кеңеш КР ЖКдагы КСДП фракциясына депутат Кожобек Рыспаевди жогоруда аталган комитеттин төрагалыгы кызматынан, аракеттеги депутаттык комиссиялардын, жумушчу топтордун, туруктуу делегациялар жана чет өлкөлөр менен достук топторунун курамынан чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралу КСДПнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“Кожобек Рыспаев КСДПнын уставынын 2.8.-бөлүгүнө ылайык партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы иш кылгандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылат. Ал “КСДПда партиялык ишмердик, ынтымак жана өлкөнүн келечеги боюнча талкуулар болгон жок. Эгер КСДПнын Бишкек ЖЭБдеги айыптары далилденсе мен бул партиянын катарында кала албайм” деп айткан.  Кожобек Рыспаев ооз жүзүндө Бишкек ТЭЦиндеги мыйзам бузуулар боюнча курч сындарды айтат. Бирок Бишкек ТЭЦинин директору Өмүркул уулу Нурланды бул кызматка депутат Кожобек Рыспаев өзү алып келген…”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *