КСДП мүчөсү Ренат Самудиновду партиянын съездине киргизбей жатышат

Бүгүн, 15-июлда КСДП партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов журналисттерге Т. Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жаткан КСДПнын 16-съездине киргизбей жатышканын билдирди.

Анын айтымында съезддин делегаттарынын тизмесинде аты жок болгондугу үчүн кирүүгө мүмкүн эмес дешкен.

“Бирок, мен Октябрь районунун жана шаардык конференциядан делегат катары чыгарылгам. Чоң съездге киргизбегенге кимдин акысы бар?”- дейт Самудинов.

Учурда ал филармониянын алдында турат.

Меня не пускают на съезд. Я был выдвинут делегатом на съезд на районной и городской конференции.

Posted by Renat Samudinov on Friday, July 14, 2017

Мурдараак Ренат Самудинов ММКларга президенттикке кандидатты саясий кеңештин же бир кишинин айтканы менен чыгарууга болбойт, аны праймериз методу менен көрсөтүү керек деп билдирүү жасаган. Анын айтымында Сооронбай Жээнбеков гана эмес, Чыныбай Турсунбековду да, КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду да көрсөтүшсө болот.

Фото Рената Самудинова.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *