КСДПчы Музаффар Исаков жер сатып жүрүп Жогорку Кеңешке жеткен депутат тура

Жогорку Кеңеште Музаффар Исаков деген депутат бар экени Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондон кийин көпчүлүк билип жатат. Атың чыкпаса жер өрттө деген ушул да. Музаффар Исаков болгондо дагы бүгүнкүнүн күчтүүсү КСДПнын катарындагы депутат болуп атпайбы. Бир жылдан бери үн чыгарып олуттуу маселе көтөрбөгөн бул депутат балыгы тойус былыгы көптөрдүн катарынан орун алып олтурбайбы кашайгырдыкы десе. Болгондо дагы коррупциялык иштерге колун чыканагына чейин салып булганып калган экен. Башкы прокуратура Исаковго коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Музаффар Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондогу каттоо кызматы жана архитектурадагы таасирлүү адамдар менен тил табышып, 2010-жылдан 2015-жылга чейин 315 мыйзамсыз токтомдорду чыгарып, айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди турак жай курууга пайдаланганга уруксат берип, участок катары сатып жибериптир да. Айыл өкмөт башчысы болуп ушунча жерди тууралап жиберген Музаффар райондун акими болуп эле калганда Сузактагы айдоо жерлерди дүңүнөн тууралап, пулдап жибермек экен да кизпуруштуку. Ал жерлер 1,5 доллардан 3000 миң долларга чейин сатылыптыр. 14 гектардан ашык жерден түшкөн акча Исаковду Жогорку Кеңешке жетелебей коймок беле? Мыйзамсыз жер сатып байыгандар президенттин партиясына кире качып, депутат болгонго жетип алганына таң каласың. Көчүгүндө калбыры барлар кантип анан президентке тирөөч болуп бере алсын…

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *