КСДПнын съездинде делегаттар Чыныбай Турсунбековго “сөзүңдү бүтүр!” “кыскарт!” деп кыйкырып турушту

Бүгүн, 15-июлда Бишкекте өткөн КСДПнын XVI съездинде сөз сүйлөп жаткан парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековго съезддин делегаттары “сөзүңдү бүтүр!” “кыскарт!” деп демите кыйкырып турушту. Алтургай жер тепкилеп, ышкырып, түшүнүксүз үн чыгарышып, шылдыңдагандар да болушту.

Чыныбай Турсунбеков президент Алмаз Атамбаевди мактаса да, КСДП партиясын асманда көкөлөтсө да эмнегедир делегаттарга жакпай туруп алды.

“Биздин гана КСДП партиясы президенттик шайлоого 2-3 талапкерди сунуштап жатат. Ал эми калган “Өнүгүү”, “Республика-Ата-Журт”, “Ак шумкар”, “Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар бир гана талапкерди – лидерин гана сунушташты. Анткени алар бир гана адамдын партиясы. Бул биздин КСДП партиясынын өлкөдөгү эң демократиялуу алдыңкы партия экендигин далилдейт. Мен президенттикке өз талапкерлигимди коём деп жарыялаганда кээ бирлер “КСДП бөлүнүп-жарылып жатат, добуштарды өз ара бөлүп кетип азайтып жатышат” деп ушакташты. Бирок, мен айтып койгум келет, эгер биз партиядан эки талапкер чыгарсак тескерисинче эки эсе көп добуш жыйнайбыз “, – деди Чыныбай Турсунбеков. Бирок делегаттар анын сөзүн уккусу келбей “сөзүңдү бүтүр!” “кыскарт!” деп демите беришкенинен акыры сөзүн бүтүрүүгө аргасыз болду.

Съезддин жыйынтыгында КСДП Турсунбеков айткандай өлкөдөгү эң демократиялуу партия катары президенттикке 2-3 талапкер чыгарбай эле бир, бирдиктүү талапкер – Сооронбай Жээнбековду чыгарышты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • даанышман says:

    Демек, партиянын делегаттарынын маданияты жок, көчө балдарындай турбайбы. Чыдап угуп, туура баа бериш керек болчу, бул өз ара ынтымактын жоктугун билдирет. Башкаруучу партиябыз ушундай болсо, башка партиялардан деле үлгү албайбыз го.
    Президенттикке талапкерлердин көп болушу, татыктуу талапкердин жоктугун билдирип жатат го ойлойм.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *