КТРКга жаш сулуулар “төшөк аркылуу” гана тандалып алынабы?

Жакында “тубаса менеджер” аталган Илим Карыпбеков жетектеген КТРКда чоң чуу чыкты. Кептин ток этери – КТРКнын жетекчилигиндеги айрым адамдар практикага келген кыздарды “эфирге чыгасың” шылтоосу менен “жайлап”, анан убадасында турбай жатыптыр…

Мына ошондой катаал тагдырга тушуккан жаш сулуулардын бири КТРКнын Байкоочу кеңешине расмий кайрылыптыр. Айтымында, ал КТРКга практикага барган учурунда Социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын жетекчилеринин бири З.О. “эфирге чыгасың” шылтоосу менен алдап, арам ишин бүтүргөн соң (андай жолугушуулар көп убакытка созулган имиш) убадасынан тайып, “мен сени билбейм” дегенге чыгыптыр. Жаш сулуу (аты-жөнүн этикалык жагдайдан улам жашырдык) көп өтпөй боюна бүтүп, “эмне кылабыз?” деп кайрылса, тигил абийирине шек келтирген ыплас кептерди айтып тилдегенден улам, Байкоочу кеңешке кайрылууну туура тааптыр. Баса, арманын айтып Илим Карыпбековго кирген экен, ал “знать не знаю” деп, кайра кызды тилдеп узатканы угулду.

Байкоочу кеңеш төрагасы Абды Сатаров деле ачык, “жабыркаган тарап үстүнөн кайрылган КТРК кызматкери мурда башка жерден да дал ушундай жоругу үчүн айдалган. Анда кийинки карьерасына жолтоо болбош үчүн Эмгек кодексинин беренесинин колдонушкан эмес. Көрсө, көнгөн адат калбайт экен. Мындай адамдар КТРКнын кадырын кетирет”,- деп ачуу чындыкты ортого койсо, И.Карыпбеков: “бир эле случай үчүн аны кызматтан ала албайм, эки-үч адам кайрылса другой иш”- деп кутулганы эмнеси? Илимдин корккону эмне? Же… аркысын айтпай эле ак коёлу.

Айтор, аргасы куруган жаш сулуу милицияга арыз жазууга аргасыз болгонун уктук. Мына тууган, КТРКнын чыныгы жүзү!

Ч.Токтобеков

Булак: “Майдан.kg

4 comments

  • Азамат says:

    Бул болгону , Бир Гана ктрде эмес коптогон маданият кызматкерлердин данкын же булгагандар аябай коп , корунуктуу Эле адамдар арасында мындайлар бар ,таланттуу жаштарды чынында буту колун тосуп алган, Анча мынча белгилуу боло калган жаштарыбыздын да башынан откон -алар айта албайт , Эч качан, ! Тигил же Бул Деп айтуу керек эмес , Бир убакта бирок баары закон чегинде картайганда да жоопко тартуу керек ! Чогу чойросундогу адамдар да билишет бирок айла жок -жашырыш керек ! Бул кызды азыр Эми ошол сымал Эле бири-биринин абийирин токкусу же маданият чойросунун баркын тушурбоо учун коргоп , -кызды басмырлап же анын озуно жалаа жаап чыкканынар туура эмес ! Ал да бироонун Кызы -молодец Эр-журок экен! Коркпой барыптыр! Коросунор ошол кыз жетет -энсеген кесибинин же кыялданган максаттарын орундатат! Эр журок -журналистер иликтеп матерьял даярдаса миндеген жабыркагандар чыгат ! Баары эмес бирок -таза адамды булгаган адамдар бардык жерде кездешет! Кутобуз , Бул нерселер баары Бир учурда суурулуп созсуз чыгат , бирок твдан Эч качан бербейт ! Отвечаю ! Короче жаш кесипкой таланттарды колдойм-тигинтип же минтип жардам берем дегендер -Бир куну силердин да козунор чукулуп-тазаланарынар кун келет ! Жараткан баарынын жообун берет ! Аппак адам жок –

  • Белгисиз says:

    Пикир:Бир эле КТРК эмес жаштарды саясатка тартууда да, жакшы жумушка орноштурууда да болот мындай нерселер. Бут колду байлап алгандардын кобун билем, бирок айтуу, доказательство беруу ото кыйын. Азыр ойлоп журом кантип ачсам беттерин деп. Журналисттер менен суйлошуп коройун дедим эле ушул тууралуу.

  • Журналист says:

    Белгисиз, Азамт, экооно тен абдан туура ойлоп жатасынар. КТР менен маданият кызматкерлеринин андай абийир жокторун айтсан, жон эле теледен тукурмоксунор. Жаны еомур алып болсо да, байланышка телефон жазсанар, анан мен байланышам. Кооптон бери кеоп нерселер бышып бутуп калган. КТРде 85%ти ошондой да. Кудай озу кечирсин, тазалар да бар. Ырчылардын 95%ы ошондой, ооздорун керип суйлоп журбойбу.

  • Gulzat says:

    Азыркы учурда тилеке каршы дал ушундай фактылар көп катталууда. Жумушка кириш учун таанышын, акчаң болуш керек ал адамды коноктош керек, бул сунушка макул болбосо сөздүн торкүнүн түшүнө берсен болот. Азыркыр заманда ар бир жаран өзүнүн жеке укугун коргой билген дурус. Бул темада айтылган каарман иштин башын баштаган соң аягына чейин чыгарганы дурус. Эч бир жактан, эч кандай жардам көрсөтүлүп, ишти карабай жатышкан болсо азыркы интернет деген бар коомчулукка жарыя кылып, ал адамдын чыныгы жүзүн ачсыш керек!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *