Кубан Мамбеталиев, экс-элчи: “1916-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшү болгон эмес, кыргыздар орус мужуктарынын жазалоосунан эле үркүп качкан”

“1916-жылы кыргыз элинде эч кандай улуттук боштондук көтөрүлүш болгон эмес. Кыргыз эли кадимкидей эле орус жазалоочу мужуктарынан үркүп качкан. Жылкы үрккөндөй эле үркүп качкан,” – деп билдирди  30-августта Кыргыз-түрк Ала-Тоо университетинин окутуучусу, публицист,  Кыргызстандын Улуу Британиядагы экс-элчиси, илимпоз Кубан Мамбеталиев Бишкекте өткөн америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколдун  “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш”  (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары аземинде.

“Кыргыздар орус падышачылыгынын эмгек армиясына чакыруусуна каршы көтөрүлүшкө чыккан дегенге мен кошулбайм. Ал учурда Россия колонизаторлор бийлиги кыргыз жерине, айрыкча бейиштин жери болгон Ысык-Көл менен Чүйгө көптөгөн мужуктардын үй-бүлөлөрүн көчүрүп келип отурукташтыра баштаган. Аларга жер керек болчу. Ошондуктан элдин нааразычылыгын пайдаланып, көтөрүлүшкө чыкты деген шылтоо менен  Ысык-Көлдүн жана Чүйдүн элинин 70% кырып салышкан. Кыргыздарды кырууда окту да аяшып, массалык түрдө мылтыктын штыгы менен сайып өлтүрүшкөн. Орус бийлиги Чүй менен Ысык-Көлдү кыргыздардан тазалап,  калгандарын Нарынга сүрүп таштоону пландаштырган. Анткени алар үчүн Чүй менен Ысык-Көл бейиштин жери болчу. Ошондуктан орустар Чүй менен Ысык-Көлдүн элинен башка кыргыздарды кырган эмес. Үрккөн кыргыздар да орус армиясынан эмес орустун мужуктарынан качып үрккөн. Анткени көчүп келип олтурукташа баштаган орус мужуктары өздөрүнчө отряддарды түзүп алышып, көтөрүлүштү шылтоо кылып, Чүй менен Ысык-Көлдүн кыргыздарын массалык түрдө кыра баштаган. Аларга дунгандар жардам беришкен, дунгандар орус мужуктарына кошулуп кетишкен. Кыргыздар үркүп качып гана кутулушкан.  Жусуп Абдракманов да “1916-жылы кыргыздын бир эле душманы болгон – алар орус мужуктары” деп жазган. Ал эми орус армиясы орус мужуктары жардам сурап кайрылганда эле аларга жардам берген. Ошондуктан 1916-жылдагы окуяны улуттук-боштондук көтөрүлүшү дебей эле кыргыздар Үркүн деп туура атаган. Бирок, мындан ары бирөөлөргө доомат артпай эле бул тарыхты өзүбүз үчүн изилдеп, тактап алышыбыз керек”, – деди окумуштуу Кубан Мамбеталиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы Кубан Мабеталиев  “1916-жылдагы көтөрүлүш: документтер жана материалдар” аттуу китеп чыгарган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *