Кубатбек Айбашов: “Жылдыз Мусабекова 2009-жылы Жаныш Бакиевдин “Айат пресс” гезитине башкы редактор болуп, жылуу-жумшак эле иштеп жүргөн”

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова гезитибиздин кабарчысы Үпөл Анаркуловага чалып, адекватсыз сөздөрүн сүйлөгөндө менин да ысымымды кошуп кетиптир. Сөзмө-сөз келтирейин: “Эми сенин редакторуңду билем. Кубат Айбашов деген бир долбоёп бар. Бир кезде Жаныш Бакиевдин этегине намаз окуган. Долбоёп бала бар Кубат Айбашов деген…Просто менин колума илине албай жүрөт. 2009-жылы Жаныштын желдеттери менен келип, он бештей центральный СНБдан, беш городской СНБдан, беш ГУВДдан келип, мени айдап чыккан. Сен деген неугодныйсың деп…  Кубат Айбашов деген бир долбоёп бар силерде. Икрамдын этегине намаз окуган долбоёп бар. Мен андай эркектерди не признаю…”.

Эми гезитке чыккан Ж.Мусабекова тууралуу макала, анын даярдалышы жана депутаттын жогорудагы сөздөрүнө ырааты менен түшүндүрмө берейин. 13-апрель күнү гезиттин редакциясына Рита Исмаилова аттуу жаран “менин укугум бузулуп жатат, жогору жактарга кайрылуум, айтаар сөздөрүм бар эле” деп кайрылган. Биз ал эжени дыкат угуп, суроолорубузду берип, диктофонго жаздырып алганбыз. Натыйжада “КСДП фракциясынын депутаты айылга “крыша”” аттуу макала жазылган. Текст кайрылуучунун баяндоосу менен сөзмө-сөз жазылган. Ал жерде бир катар адамдардын, алардын ичинде депутат Жылдыз Мусабекованын да ысымдары аталгандыктан, журналист Үпөл Анаркулова ага бир канча ирет телефон чалып, байланыша алган эмес. СМС жазып да кайрылган, эч кандай жооп болгон эмес. Гезит терилип бүткөн акыркы мүнөттөргө чейин 15-беттин жарымы депутаттын пикири үчүн бош сакталып турган. Аягында кабарчынын аны менен байланышуу аракеттеринен майнап чыкпаганда, ордуна башка материал кетти. Тексттин астындагы эскертмеде Ж.Мусабекова менен байланышуу аракеттери оңунан чыкпагандыгы жазылган. Кыскасы журналисттин милдеттерине кирген, стандарттарында айтылган эрежелер толук сакталган. Эгерде кайрылуучунун айткандарын калп десе, аны сотко берип, териштирип алсын же алкынып-жулкунбай, гезитке жакшынакай болуп келип, төгүндөө пикирин айтсын, эч ким каршы эмес.

Ал эми депутат Ж.Мусабекованын мен тууралуу айткан сөздөрү боюнча айтсам, ал карандай калпты урдуруп жатканын белгилегим келет. Мурунку бийлик тушунда Жаныбек Бакиевдин фондунда ММК тармагын тейлеп иштегеним анык. Бирок, белгилеп койчу бир жагдай бар. 2009-жылы Ж.Бакиев “Айат пресс” гезитин Сыймык Бейшекеевден сатып алган. Ал гезитте Ж.Мусабекова башкы редактор эле, жумушун улантып Жаныш Бакиев менен жылуу-жумшак эле иштешип жүргөн. “2009-жылы Жаныштын желдеттери менен келип, он бештей центральный СНБдан, беш городской СНБдан, беш ГУВДдан келип, мени айдап чыккан. Сен деген неугодныйсың деп” – деген сөздөрү карандай калп, аны далилдеп берчү күбөлөр да бар. Тактоо киргизип койчу бир жагдай – гезиттин редакциясына органдын 15 кызматкерлери менен эмес, мен, журналист Азамат Кыязов (кийин редактор болду) жана анын бир досу – болгону үчөөбүз барып, гезит дагы башка бирөөгө сатылып, учредителдери өзгөргөндүгүнө байланыштуу жаңы редактор дайындалганын жылуу-жумшак, эч кандай эмоциясыз, күч колдонуусуз же психологиялык басымсыз эле айтканбыз. Редакциядагы жаңы компьютерлердин бирөөсү, диктофон жок болуп чыкты. Анын чоо-жайын сураганымда ошол жерде да чыр чыгарып, “сен мени кысымчылыкка алып жатасың, ББСге кайрылам, ызы-чуу салам” – деп догурунган күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Ал эми Икрам Илмияновдун этегине намаз окуп-окубагандыгымды журналист журтчулугу, гезит окуган коомчулук жакшы эле билет чыгаар. Жердеш, тууган экендигиме карабай, аны эң көп жана эң ачуу сындагандардын сап башында турам.

Урматтоо менен, Кубатбек АЙБАШОВ “Алиби” гезитинин башкы редакторунун орун басары

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *