Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: Түзүлгөн саясий жагдайдан демократиялык процедуралар менен чыгаарыбыз өтө күмөн

Кубатбек Калыбекович, кадр саясатында жаңылыштык кетиргенин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев деле мойнуна албадыбы. Азыр деле ошондой кадр саясатында калпыстыктар кетип жатса керек. Булганбаган, таза кадрларды бийлик башына алып келүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

-Биздеги айыгышкан күрөшкө карабай өсүп жаткан коррупциянын башаты дал ушул кадр тандоодо жатат. Түздөн-түз саясий коррупциянын очогу ушул жакта. Бул жагдайда таза кадрлар саясий сахнага чыгышы ныпым мүмкүн эмес. Эми эмне кылуу керек деген маселенин тегерегинде сөз жүгүртө турган болсок, менде оптимизм абдан азайды. Түзүлгөн жагдайдан демократиялык процедуралар менен чыгаарыбыз өтө күмөн болуп калды. Себеби эки тизгин, бир чылбырды мыкчып олтургандар, бийликти ыктыярдуу бөлүштүрөөрү болбогон божомол. Ал эми төңкөрүш тескери гана жыйынтыкка алып келээрине көзүбүз жеткидей эле болду. Башка кандай жол бар? Ал элдин аң-сезиминен көз каранды. Жагдай саясий эрк, граждандык талапка байланыштуу. Бул процесс узак. Акыры жүрүп жаңы конституция менен жыйынтыкталышы керек. Анда эл бийлигин калыбына келтирүүгө багытталган жаңыча, прогрессивдүү, жоболор пайда болушу зарыл. Албетге биз адамзаттын тарыхында мындай кырдаалды биринчилерден болуп башыбыздан өткөрүп жатканыбыз жок. Маселен, элүүдөн ашык өлкө “учредительное собрание” деген жалпы элдик чогулуш жолу менен өзгөрүүлөрдү түптөгөн. Бул тууралуу мен буга чейинки көп макалаларымда жазган элем. Кызыккандар таап окуса болот. Кыскасы жол узак, татаал, бирок ал жол бир эле…

-Бүгүнкү айтылып жаткан парламенттик башкаруу менен мамлекет өнүгүү жолуна түшөөрүнө ишенесизби?

-Биздин парламенттик башкаруу дегенибиз иш жүзүндө “боз ала борук болбогон жорук”. Мамлекетти башкаруудагы жоопкерсиздиктин, делитанттыктын үлгүсү болду. Болбосо партиялык тизмени киргизсек эле парламенттик башкаруу орнойт деген алабармандыкты башкача кандай баалайбыз?

Илимпоздор партиялык башкаруу туура түзүлбөсө, үй-бүлөлүк башкаруудан кыйла коркунучтуу болоорун эскертип келишпеди беле. Партиялык башкаруу шайлоо жана партиялык система менен бир “дизайнда” болбосо эч нерсе чыкпай, ал түгүл терс натыйжа чыгаарын билишти беле? Же билип туруп өзүмчүлдүк, кара өзгөйлүктүн кучагында калыштыбы идеянын конструкторлору?.. Партия дегениң иш жүзүндө, табиятында көбүн эсе “общакты” элестетсе, шайлоо дээрлик көз боёмочулук болсо, кантип бул далалаттан оң натыйжа чыкмак? Ийгиликтүү натыйжа чыгарыш үчүн партиялык жана шайлоо системаларын олуттуу өзгөртүү керек эле. Маселен, партияларда кеминде алардын ички демократиялык процедураларын, атаандаштыкты, жер-жерлердеги прапорционалдык өкүлчүлүктөрүнүн жалпы санын, тизмеге киргизүү эрежелерин, айтор көп өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу кажет болчу. Ал эми шайлоону бир сөз менен айтсак, акыйкат болуусуна мамлекет кепил болушу керек эле. Эми жыйынтыгында “коалиция” деген коркунучтуу узурпатор пайда болду. Мамлекеттик кызматты үрүп чыгаар итине чейин бөлүштүрүп, өзүлөрүнүн жараксыз мүчөлөрүн “вахтерлордон” бери коюп бүтүштү. Ансыз да таңсык кадр потенциалыбызды өзүлөрүнүн тар чөйрөсүнө кептешти.

Бийликтин мамлекеттик жогорку кызматтарды реформалоо боюнча аракети канткенде ишке ашат?

-Тармактагы реформалар, алардын эффективдүү иши, мекемелердеги, ал түгүл бийлик бутактарынын жетекчилеринин алмашуусунан эч көз каранды боло албайт. Алар ал түгүл, өз алдынча эч кандай реформа жасоого да ыйгарым укуктары жетишсиз. Көпчүлүк учурдагы жаңы адамга кеңири орун алган жаңылыш ишеним, кыргыз коомчулугун куру үмүткө алдап келет. Биздикиндей авторитардык өлкөдө мамлекеттеги реформа борбордук бийликтин, керек болсо биринчи жетекчинин гана колунан келчү нерсе. Азыр тилекке каршы миң жеринен ийгиликтүү болсо дагы, айрым тармактык реформа (анын ичинде соттук) өлкөдөгү акыбалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Себеби башкаруу кризисинин деңгээли өтө терең. Жаңы өзгөрүүлөр, калган эски институттардын терс таасири астында тез эле иштен чыгаары турган иш. Маселен, эски арабага мерседестин бир дөңгөлөгүн салгандай эле нерсе. Биздин акыбалда бийликтин табиятын өзгөртүүгө багытталган комплекстүү, илимий негизделген саясий реформа гана оң таасирин бериши мүмкүн. Канткен менен Конституциялык реформа кайрадан актуалдуу.

-Мисалы бийликтин үч бутагынын бири сот бийлиги тазалоо, сотторду таза иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жаткандай, жакында эле Жогорку соттун төрайымы алмашты. Жетекчинин алмашуусунан натыйжа болобу?

-Жогорку соттун жетекчиси тууралуу айтсам, ал кызматкердин ыйгарым укуктары өтө чектелгендигин белгилешибиз керек. Иш жүзүндө анда эч кандай административдик укуктар жок. Иштерди гана бөлүштүрөт. Процессуалдык, кадрдык, ал түгүл тартиптик да укуктары чектелүү. Эгерде Жогорку соттун төрайымына ишеним артып, реформа кылуусуна үмүттөнсөк, анда анын укуктарын кайра кароо керек. Ал эми соттук-укуктук реформа тууралуу сөз кылсак, ал көп сөз болот…

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *