Кубатбек Боронов:«Министр болуп узак мөөнөткө олтурушум – бул президенттин ишеними»

Учурдагы Кыргыз өкмөтүнүн эң узак мөөнөт олтурган министри бул Кубатбек Боронов. Министр мырза, 2011-жылдан бери КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келет. Албетте, кесипкөй адис өз ишин мыкты алып кете ала тургандыгы талашсыз. Артынан жаман сөз ээрчитпей, өз ишин жогорку деңгээлде аткарып келген Кубатбек Айылчиевичтин бейнеси менен таанышытрабыз…

Кубатбек Айылчиевич, сизди Алай районунун кулуну деп жүрсөк, «жок, ал Өзгөндөн болот»  деген сөздөрдү угуп калдым…

Менин кичи мекеним Ош областына караштуу Алай районунун Жошолу айылы. Бирок Өзгөн районунда төрөлгөм. Себеби атам Өзгөндө 16 жыл жетекчилик кызматта эмгектенди.

Алайга кийин эс тартып калганда эле барыптырсыз да?

Ооба, 4-класска чейин Өзгөндөгү 1-май атындагы мектептен билим алып, андан кийин кичи мекенибиз Алайга көчүп бардык. Орто мектепти Жошолу айылындагы Үч-Чат аймагында жайгашкан Свердлов атындагы мектептен аяктадым. Жошолу айылы өтө чоң айылдардын бири, жогору жагында жашагандар аягын тааныбайт дегендей. Биз Жошолу айылынын Кердегей деген аймагынан болобуз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев байкем болот, уруулаш жакын тууган болобуз. Раматылык улуу агам Адинанын кесиби филолог, өзү чыгармачылыкка өтө жакын адам эле. Ал киши Кубатбек байке менен өтө жакын мамиледе жүрдү. Эсимде, мен кичирээк кезимде Адина байкем Кубатбек Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» деген чыгармасынын кол жазмасын үйгө алып келген. Мен ошондо  ал чыгарманы китеп болуп чыга элегинде окугам.

Канча бир туугансыз?

Биз 8 бир тууганбыз, мен бешинчисимин. Ажал улук экен, улуу агам Адина оорунун айынан 56 жашында өтүп кетти. Атам Боронов Айылчы 82 жашта, бир топ жыл ветврач, парторг, райондук ветеринардык кызматынын директору болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Апам Боронова Кайры 81 жашта, балдарынын жакасына чаң жугузбай бапестеп чонойтуп, үй түйшүгү менен алек болду. Атам менен апамдын кашыбызда чайыбызды ичип, батасын берип олтурганы бизге чоң күч-кубат берет. Бактылуу карылыкта узак өмүр сүрүшүн Кудайдан тилейм. Учурда айылда кичүү инимдин колунда турушат.

Жеңебиз кайсыл жердин кызы?

Келинчегим Макаева Гүлмира өзүбүздүн эле Жошолу айылынын кызы.

wd_4d6f

Мектепте окуп жүргөндө эле көз салып жүргөн экенсиз да?

Кайдан? Башында айтпадымбы, биздин айыл өтө чоң айыл деп. Чынын айтсам биздин айылда ушундай кыз бар экендигин да билчү эмесмин. Мен орто мектепти аяктап, 1983-85-жылдары аскердик кызмат өтөп келдим. Аскерден келгенден кийин таякемдин сунушу менен жогорку билим алуу максатында Политехникалык университетке тапшырып студент болдум. Анан 4-курсту аяктаганда Москвага практикага жиберишти. Практиканы өтөп бүтүп келсем, жатаканада чогуу жашаган дос балам айтып калды, биздин университетке Ташкентте окуган кыздар которулуп келишти, жердеш карындашың бар экен, жүрү тааныштырайын деп. Көрсө 1990-жылы болгон Кыргыз-өзбек чыр-чатагында коопсуздук үчүн Ташкентте окуган кыргыздарды Бишкекке, бул жактагы өзбектерди Ташкенттеги окуу жайга которушкан экен. Ошентип Гүлмира менен таанышып калгам. Кудайдын буйругу экен,  тил табышып, 4 ай сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук, уулубуз Эркин 24 жашта, кызыбыз Арууке 3-класста окуйт.

Министр болгонго чейин бизнес тармагында жүргөнүңүздү дагы айтып калчу элеңиз?

Эми бизнес дегенде кандай? Өтө чоң бизнесмен болгон жокмун, баягы Союз тарагандан кийинки күч алган жумушсуздук бизге да кесепетин тийгизди да. Анан үй-бүлөнү багуу аракети менен дос балдар чогулуп алып соода-сатыкка аралашканбыз. Бизнесте деле көпкө жүргөн жокмун, 4-5 жыл иштеп, кийин орган тармагына кирип кеттим. Менин бүгүнкү даражага жетишиме таякем Умаров Турдубай менен таажеңем Турусбүнүн эмгеги өтө чоң. Таякем илимдин кандидаты, көп жылдан бери Политехникалык университетте эмгектенип келет. Ушул киши жол көргөзүп, жогорку билимге ээ кылбаса, бүгүнкү ийгиликтерге жете алмак эмесмин деп ойлойм.

wd_5f22

Ишкүнүңүздү эмнеден баштайсыз?

Чөнтөк телефонума күнү-түнү мааылмат келип турат. Анын жүзүн ары кылсын, өтө жогорку деңгээлдеги чукул кырдаал боло турган болсо, күнбү, түнбү ал жерге баруу — менин милдетим. Иш күнүм оперативдүү маалыматтарды алуу менен башталат. Ошондой эле мурунку коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат алам. Мен ар дайым конкреттүү маселелерди конкреттүү чечүү керек деген талап менен иш алып барам.

Сиз бүгүнкү күндө иш алып барып жаткан министрлердин «сакалдуусу» болуп саналасыз. Аларга салыштырмалуу узак мөөнөткө олтурдуңуз, 3-4 премьер-министр менен иштештиңиз дегендей. Мунун сыры барбы?

Эч кандай сыры жок. Өз ишимди так, таза аткарганга болгон аракетимди жумшап келем. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, башка министрлерге салыштырмалуу менин узак мөөнөткө олтурушумдун негизги өзөгү —  президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин ишеними. Ал киши ишеним артпаса, жылына премьер-министр алмашып жаткан кырдаалда жетекчи болуп 5 жыл бир жерде иштөө мүмкүн эмес эле.

Амантур МУСАГУЛ УУЛУ

Булак: Де-Факто

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *