Кубатбек Боронов, Өзгөчө кырдаалдар министри: “Авиа кырсык болгон 5 гектардан ашык жерге мындан кийин турак жай салынбайт”

— Кубатбек Айылчиевич, бүтүндөй кыргыз калкын кайгыга салган учак кырсыгы катталып, бир топ адамдар кайтыш болуп кетти. Сиз кырсык болгон жерде күндүр-түндүр жүрдүңүз. Азыр ар кандай сөздөр, божомолдор коомчулукта көбөйүп кетти. Куткаруу кызматы үч сааттан кийин келди, өз учурунда келип калганда мынчалык жоготуу болбойт эле деген сөздөр айтылды. Сизге кырсык болгону тууралуу кайсыл убакта маалымат түштү да, куткаруу кызматы кайсыл убакта ошол жерге барып, куткаруу иштерин жүргүзө баштады?

— Ар түрдүү сөздөр айтылып жатканын эки түрдө жоруса болот. Биринчиси, окуяны саясатташтырууга жасалган аракет. Кээ бирөөлөр кырсыктан дагы өзүнө саясий упай топтогусу келип, ошондой сөздөрдү айтып жаткандар. Дагы бирөөлөрү өзү кырсык болгон жерде болуп, өз көзү менен көргөндөй кылып айтып жүрүшөт. Чындыгында ошол адамдар ал жерде болсо дагы 5 мүнөт тургандыр, болбосо бут басып барбаган болуш керек. Экинчиси, кырсык болгон жердеги кээ бир адамдар куткаруу кызматы 3 сааттан кийин келишти деген сөздү айтышыптыр. Мен буга такыр кошула албайм. Адам бир нерсени күтүп жаткан болсо такыр убакыт өтпөгөндөй туюлуп кетет эмеспи. Мындан сырткары жардам күтүп, көзү чачырап олтурган адамга бир мүнөт бир сааттай сезилип кетет. Ошондуктан, айтылган сөздөргө кечиримдүү менен мамиле кылсам, экинчи жагынан адам өмүрүн алган кырсыкты саясатка айландыруу аракети болуп жатканы өкүндүрөт. Кыйын учурда бүтүндөй калкыбыз жабыркагандар менен кошо кайгыга батып, колунан келген жардамын берип жатса, кээ бирөөлөр ошол жерден дагы саясий упай топтогусу келип жатат. Менин колумда кырсык болгон жерге кайсыл кызмат кайсыл мезгилде келгени тууралуу хронологиясы турат. Мага эртең мененки жети жарымда биздин “112” кызматыбыз “Кырсык болгону айтылды. Так маалыматты эч ким бере албай жатат. Бирок, учак кулаганы ырас. Адамдар каза болгону жөнүндө так маалымат жок. Учак айылдын четине түштү деп да айтып жатышат” деп телефон чалды. Мага ошондой маалымат болгондон кийин эле өзүбүздүн кызматтагыларга команданы бердирип, өзүм иш бөлмөмө келип, тийешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, кырсык болгон жерге чыгып кеттим. Учак кулаган жерде тогузга жетпей болуп калгам. Мен барганда бул жактан түз чыгып кеткен Саламаттыкты сактоо министри, ИИМ министри, бир нече министрликтердин орун басарлары, УКМКнын төрагасынын орун басары ошол жерде экен. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, куткаруучулар ошол жерде адамдарды алып чыгуу иштерин жасап жаткан. Жетиден он тогуз мүнөт өткөндө биздин бирдиктүү нөөмөт кызматына ошол жердеги айылдагылардан телефон чалуулар болуп, так маалымат бере албай, Сокулук районуна караган жер деп Сокулук жакты айтышкандыктан, биздикилер биринчи өрт өчүрүү кызматын Сокулуктан көтөрүшкөн. Жетиден жыйырма мүнөт өткөндө диспетчер Молдокматова “Манас” эл аралык аэропортунун өрткө каршы кызматынын диспетчери Шестаковский дегенге “Учак кулады деген маалымат келди, тактап бериңиз” деп телефон чалат. Жетиден жыйырма беш мүнөт өткөндө ошол эле Молдокматова төртүнчү, сегизинчи аскерлештирилген Сокулук районунда турган кызматтарды “тревога” менен көтөргөн. Жети кырк беште төртүнчү өрткө каршы кызматынын башкы командири прапорщик Исмаилов маалыматты биринчилерден болуп билдирген белгисиз аял менен байланышып, команданы “Манас” аэропорту тарапты көздөй багыттаган. Ошондо гана “Манас” аэропорту тарапта экени аныкталган. Ага чкйин аэропорттун өрткө каршы кызматы чыккан. Бирок, диспетчер маалыматты так бере алган эмес. “Манас” аэропортунун өрткө каршы кызматы өзүнчө. Алардын өрткө каршы кызматынын жетекчисинин орун басары мага жазуу түрүндө берген маалыматы бар. Жетиден жыйырма алты мүнөт өткөндө “Манас” аэропортунун өрткө каршы кызматынын машинасы аэропорттун дарбазасынан чыгып кеткен. Жети отузда ошол жерге барып, өрттү өчүрүү иштерине киришкен. Биздин төртүнчү өрткө каршы кызматы сегизден алты мүнөт өткөндө жетип барган.

Мен жолдо баратканымда өрткө каршы кызматынын жетекчиси телефон чалып, “Сегиз кызмат иштеп баштады. Төртөө биздики, төртөө аэропорттуку” деп маалымат берди. Өрткө каршы кызмат ал жерге жеткенде дагы күйүп жаткан учакка талкаланган үйлөрдү аралап жетүү да өзүнчө эле тозок болду.

— Куткаруучулар өз ишин аткарбастан жүктү тытып киришкени айтылып жатпайбы. Ал сөздөр ушакпы?

— Мен да ошондой пикирлерди кээ бир маалымат сайттардан, социалдык баракчалардан окудум. “Каза болгондордун 80 пайызын биз чыгарып койгондон кийин куткаруучулар келди, адамдарды куткаруунун ордуна учактагы жүктөрдү чукуп, ташый башташты” деп айтып, жазып да жатышат. Курчоого алынган жерден жүктү ташып, алып чыгып кетүү деген орун албайт. Жүктөрдү ташып жыйнаган учур болгон. Бүтүн калган буюмдарды өрт болуп жаткан жерден алып чыгышып, же болбосо чачылып калган жерден жыйнашып, ошол жердеги иликтөө кызматынын балдарына 350 кг жүктү өткөрүп беришкен. Ошону көрүп алышып “куткаруучулар жүктү ташып кетишти” деген сөздү чыгарып жатышат. Каза болгондордун 80 пайызын чыгарып койгондон кийин келди деп айтып жатышпайбы. Мен окуя болгон жерге барганымда каза болгон 12 адамдын сөөгүн алып чыгып, тизип коюшуптур. Бул саат тогуздагы көрүнүш. Ошондо куткаруучулар толук кандуу иштеп жаткан. Андан кийин 17 адам болду. Ондон кырк беш мүнөт өткөндө ал жерден кайра кеттим. Он бир жарымда президентке кирип, доклад беришим керек болчу. Ал жерден кетип жатканда 22 адамдын сөөгүн алып чыккан элек. Жолдо баратканымда дагы эки кишинин сөөгүн алып чыктык деген маалымат беришти. Президентке кирип доклад бергенимде каза болгон 24 адамдын сөөгү алып чыгарылган болчу. Президенттен чыгып түз эле кайра ошол жакка бардым. Мен баргыча дагы каза болгондордун саны көбөйүп, сөөктөрүн алып чыгып коюшкан экен. Каза болгондордун дене бөлүктөрү толук болбой, аларды чогултуу иштери жүрүп, түштөн кийин гана баардыгын МОРГко алып келип тапшырып бердик. Эртең менен эсептегенде 38 адам болду.

— Учкучтардын бирөөсүнүн сөөгүн табуу кыйынчылык жаратканы айтылды. Ал сөөк качан табылган?

— Түнү менен каза болгондорду таануу иштери жүргөндө биздин жарандардын баары аныкталып, төртүнчү учкучтун сөөгү жок болуп калды. Эртеси эртең менен ишти улантканда түшкө чейин дагы бир сөөк табылды. Күйүп калган экен. Биз дагы, медиктер дагы төртүнчү учкучтун сөөгү болуш керек деп болжодук. Айыл өкмөт менен биздин кызматкерлер чогуу иштешип, ошол күнү айылда болгон адамдардын санын чыгардык. Келген коноктор менен чогулуп, ошол күнү 130 адам болгон экен. 130 адамдын кимиси кайсыл жакта экенин аныктап келгенде, биздин жарандардын каза болгону, жаракат алганы белгилүү болду. Учкучтун бирөөсү жок болуп калды. Таанылбаган, күйүп калган эркек адамдын сөөгү табылды. Ошол сөөктү учкучтуку болушу керек деп, медиктерге таануу иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүп бергенбиз.

— Куткаруу ишинде ӨКМ өз функциясын так аткара алдыбы?

— Мен ӨКМ өз функциясын так аткарды деп айта алам. Мен кырсык болгон жерге барганымда Беловодскийден келген биздин куткаруучуларыбыз толук кандуу иш жүргүзүп жатканын өз көзүм менен көрдүм. Түшкө калтырбай 38 адамдын сөөгүн таап алып чыгышты. 26 үй бузулган болсо, 26 үйдүн урандыларын, учактан калган таштандылардын баарын күрөк менен казып, бир жактан бир жакка ыргытып карап чыгышты. Бул сүйлөп койчу иш эмес.

— Бүгүн Дача-СУда абал кандай? Калыбына келтирүү иштери аягына чыктыбы?

— Биринчи эле куткаруу иштери жүргүзүлдү. Экинчи этап менен кырсыктын кесепетин жоюу жумуштары аткарылды. Үчүнчүсү болсо калыбына келтирүү жумуштары аткарылат. Биз азыр экинчи этабын бүтүрдүк. Ал жер 5 гектар 13 сотых жер экен. Тазалоо иштерин жүргүзүп, комиссиянын суранычы боюнча учактын калдыктарын чыгарып бердик. Үйлөрдүн ордун толук тазалап бүттүк. Учак келип кулаган жердин эң аягында учактан авиа керосин төгүлгөн жер бар. Ошол жерге аябай сиңип калган экен. Жерди бир метрге чейин казып, топурагын башка жакка алып барып таштап, ал жерге кум септик. Учак күйүп жатканда өрт өчүргүчтөр суу менен иштеген да, суу аралашкан керосин четки көчө менен айылды аралап аккан. Элдин баары көчө менен керосин агыптыр деп ойлоп жатат. Андай эмес, өрттү өчүрүү үчүн колдонулган суу менен керосин аккан. Ошондон улам керосиндин жыты ошол жерге сиңип калган. Ал жерди тазалап, кум менен опилканы аралаштырып төшөдүк. Күн ысыганда керосиндин жытын опилка менен кум өзүнө сиңирип алат экен. Азыр көчөнүн ичинде жыт калган жок. Учак түшкөн жерде гана жыт аябай сиңип калыптыр. Ошол жерде гана бир аз жыт бар. Ал да акырындык менен кетет.

 Ураган үйлөрдөн тышкары жашоого мүмкүн болбой калган, дубалдарынан жарака кеткен үйлөрдүн маселеси кандай чечилип жатат?

— Авиа компаниянын жетекчилери кандай жардам керек болсо, биз баарын төлөп беребиз деп жатышат. Ким кандай материалдык зыян тартса, аны төлөп беребиз деген убадасын берүүдө. Биз азыр чыгымды эсептеп жатабыз. Кийинки жумада аягына чыксак, алар менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондо сумманын көлөмү айтылат. Каза болгондорго өзүнчө, үйү бузулгандарга өзүнчө компенсация берилиши мүмкүн. Бул камсыздандыруу компаниясы төлөп берчү маселе. Аны өзүнчө алышат. Авиа компания өзүнчө жардам берели деп айтышууда.

— Келтирилген чыгым 187 млн сомдон ашты деп айтылды. Бул сумманы кайсыл методика менен эсептеп чыктыңыздар?

— Граждандык коргонуу системасында өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгымдарды эсептөөчү атайын методика бар. Ошонун негизинде келтирилген чыгым эсептелип чыгарылат. Мисалы, буудай айдалган айдоо жерди суу алып кетсе, буудайдын орточо түшүмдүүлүгү алынып, ошол эсептелет.

— Сиздер эсептеп чыккан суммага түрк компаниясы макул болобу? Бул дагы өзүнчө маселе эмеспи.

— Мен макул болушат деп ойлойм.

— Алар “Биз дагы эсептеп чыгалы” деши толук мүмкүн да?

— Сөзсүз түрдө. Алар да өздөрүнүн эсебин чыгарышы керек. Алар бачым чече турган маселелерге жардам берели деп жатышат.

— Сиз президентке кирип, окуя тууралуу доклад берип турдуңуз. Ал кишиге кирип, биринчи жолу окуя тууралуу маалыматты толук жеткизгенде, ал киши кандай абалда болду? Кандай тапшырмаларды берди?

— Маалымат мага чейин эле Өкмөт башчыдан жетип турган экен. Адамдардын каза болгону тууралуу маалыматтарды мен бердим. Адамдын жүзүнөн эле ал кандай абалда экенин билсе болот эмеспи. Президент да кырсыкта адам өмүрү кыйылганын уккандан кийин кайгырып турганы билинди. Жаракат алгандарды, үйү жок калгандарды тез арада жайгаштыруу тапшырмасын берди. “Каражат маселеси кандай болуп жатат? Жетпей жатса айткыла! Мен өзүмдүн фондумдан бөлүп берейин” деп айтты. Каза болгондорду жерге берүү иштерин уюштуруу боюнча тапшырма берди. Биз каза болгондордун баардыгы ошол эле жерге коюлса керек деп ойлогонбуз. Көпчүлүгү кичи мекенине алып кетмей болуп калышты. Президенттин тапшырмасы менен кичи мекенине алып кеткендерге ӨКМ тарабынан атайын транспортторду бөлүп бердик. Маркумдарга жай казуу иштерине, аларды жерге берүү маселелерине дагы биздин кызматкерлер колунан келишинче жардам беришти.

— Жабыркагандарга деп атайын эсеп ачылбады беле. Бүгүнкү күндө ал эсепке канча акчалай каражат топтолду?

— Эсепке келип түшкөн акчанын суммасы бүгүнкү күндө 48 млн 674 млн сомдон ашты. Мындан сырткары республикабыздын баардык аймактарында 22 аталыштан турган материалдык жардамдар келип түштү. Биз муну жергиликтүү бийликке өткөзүп берип жатабыз. Жергиликтүү бийлик элдин катышуусунда түзүлгөн комиссия менен элдерге бөлүп берет. Чогулган акча азырынча эсепте турат. Аны эч кимге берген жокпуз, бербейбиз дагы. Эсепке которуучулардын баары акчаларын которуп бүттү деген чечим кабыл алынгандан кийин комиссия өзүнүн чечимин чыгарат. Ошол чечимдин негизинде акчаны дагы эл айткан комиссияга которуп беребиз. Министрлик акча бөлгөнгө катышпайбыз. Комиссияны жергиликтүү бийлик өзү түзөт. Ага аксакалдардан, аялдардан, жаштардан мүчө кылып киргизет. Менин сунушум менен ушундай деп чечилди. Ушул жол менен барсак элге да ачык-айкын болуп, акча кандай бөлүнгөнүн өздөрү да көрүп билет. 2015-жылы Чайчиде болгон жер титирөөдө 60 млн сомдон ашык акча каражаты чогулган. Ал акчаны да эл айткан комиссияга которуп берип, эл өзү бөлгөн. Бир да жерде акча жок болуп кетти деген сөз чыккан эмес.

— Бүгүн кырсык болгон Дача-СУга мындан кийин жашаганга уруксат берилеби же ал жердегилерди башка жакка көчүрүү иштери жүрөбү деген тема актуалдуу болуп турат. Бул боюнча маселе каралып жатабы?

— Авиа кырсык болгон 5 гектардан ашык жерге мындан кийин турак жай салынбайт. Президенттин да ою ушундай болчу, Өкмөт мүчөлөрү биз дагы ошону туура деп таап ага токтолдук. Ал жерди колдон келсе жаз алды менен аллея кылып, дарактарды отургузуу иштерин жүргүзүш керек. Үйү барларды башка жерге которуу иштери болот. Кыскасы, кырсыкта ураган үйлөрдүн ордуна жаңы үй салынбайт. Ал жерде жашап жаткандардын да ою да ушул жерден көчүрүп, башка жерге үй салып бергиле деген болуп жатат. Ошол аймакта үч жүздөн ашык кожолук бар экен. Анын баардыгын көчүрүп, үй салып берүү бүгүнкү күндө оор маселе. Кимдин эсебинен салып бере алабыз? Кээ бир адамдар ушундай кырдаалдан пайдаланып калайын деп да ойлонушат экен. Азыр “Биз бул жерде жашабайбыз. Коркуп калдык” деп жатышат. Андай маселе да бар. Бирөөлөр чындап эле коркуп калышса, кээ бирөөлөр башка ойдо болушат. Бир үй-бүлөдө он бала болсо, онунун он мүнөзү болот эмес. Бул дагы ошол сыяктуу болуп жатат.

— Алмазбек Атамбаев жакындарын жоготкон адамдарды кабыл алганда сиз дагы барып катыштыңыз. Жолугушууда жабыркагандар кайсыл маселени көтөрүштү?

— Президент жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, өзү куран окуду. Болгон жардамды берүү тапшырмалар берилди. Жолугушууга 27 адам барды. Көтөрүлгөн негизги эле маселе турак-жай, компенсация болду. Үйү талкаланып кеткендиктен көбүнүн өздүк, турак-жайдын документтери жоголду. Ошол документтерди тез аранын ичинде жасоо суранычтары айтылды.

— Каза болгондордун ичинде ошол айылда батирде туруп, күн өткөрүп жүргөндөр дагы бар экен. Аларга кандай жардамдар каралып жатат?

— Каза болгондор мыйзамдын чегинде камсыздандыруу боюнча компенсациясын алышат. Үйдө квартирант болуп жашап жаткан адам жабырлануучу болсо, үйдүн ээси да жабыр тартып жатат. Ал ошол үйдө жашабаса дагы, анын мүлкү талкаланып калды. Үйү жок болгон адамга сөзсүз түрдө камсыздандыруу боюнча компенсация берилет.

— Батирде жашап каза болгондорго үй салынып берилбейби?

— Ал маселе азыр чечилип жатат. Комиссиянын чечими чыга электе бир нерсе деп айтуу кыйын.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *