Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Чириген дубалды түртсөң кулайт”

Генерал Кубатбек Кожоналиев менен биригип жаткан оппозиция, алардын максаттары  жана жаңы шайланган мэр боюнча  ой бөлүштүк.

-Кубат мырза жаз жарыш күз күрөш демекчи жазды утурлай качантан бери оппозиция менен иши жок болуп калган адамдар бириге баштады. Оппозиция Ташиев, Келдибеков, Мадумаров менен күчтөнүп, Кыргызстандын турмушун оңдоонун айласын издеп, кризистен чыгаруунун жолун табууга далалаттанып жатышыптыр.  Булардын түпкү максаты  эмнеде болушу мүмкүн?

-Ар бир оппозициянын максаты бийликке жетүү болуп эсептелинет. В.И.Ленин өзүнүн чыгармаларында айткандай: ал маселе бийлик маселеси. Чынында, элге берген убадаларын ишке ашырыш үчүн оппозиция бийликке келиши керек. Ошон үчүн бийликке жетүүгө болгон аракеттерин жумшайт.  Азыркы бийлик деле оппозицияда жүргөндө өз максаттарын жашырган эмес, жарым-жартылайы Бакиев кезинде эле ошол бийлик менен иштешкен. Ал эми ким элге берген убадасын кандай аткарганын бизден мурун  эл өзү тараза ташка салып  жатат.

– Өмүрбек Суваналиев, Мукар Чолпонбаев баштаган топ да оппозициянын бир учун чоёру айтылууда. Оппозиция чындап чоң күчкө айланууга аракеттенип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга далалат жасап  жатабы?

– Мен мурда да белгилегендей, азыркы бийликке элдик нааразычылыгы көбүрөөк роль ойноп жатат. Жашоо-турмуш татаалдашкан саясый күрөш күн сайын кучөп баратканын  өзүңөр  деле көрүп жатасыңар. Ар кайсы жерлерде өкмөттүн саясатына нааразычылыгын билдиргендер, бийликтин элге таңуулаган демилгелерине каршы чыгуулар  сыр деле  болбой калды. Ошону көргөн бийлик өзүнүн демилгелерин кайра артка алуу жана ошондой эле ар түрдүү демилгелерди ойлоп чыгаруу менен алек. Кардиналдуу реформалар болбогондуктан жана багыттарыбыз туура алынбагантыктан жагдай татаалдашканына байланыштуу нааразычык күчөшүнө алып баратат. Элдин жашоосун жеңилдеткен  чаралар бийлик тарабынан көрүлбөсө азыркы саясатка каршы чыгуу жана коюлган экономикалык талаптар саясый талапка өтүүсү мүмкүн. Бул жерде, жалаң ички жагдайлар эмес, сырткы да жагдайлар кошулушу мүмкүн. Акыркы убакта байкалып жаткан сырткы саясатты корректировка кылуу аракеттери дал ошол темадан чыгып жатат. Элдин талабын колдогон күчтөр  чоң күчкө айланып кетиши мүмкүн.

Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов да оппозицияга кошулары айтылууда. Булар оппозициянын катарын толуктаса  эмне өзгөрөт?

– Барандуу нерсе өзгөрбөсө дагы аты айтылган саясатчыларды колдогон өздөрүнүн электораты бар. Аларды  мамлекеттик ММК эмне деп жамандабасын, бокочо көрсөтүүгө аракет кылбасын аларды колдогон эли колдой берет. Айтайын дегеним,  мурунку режимдерде деле жамандаган саясатчы жаман болуп,  элдин ишениминен чыккан эмес, тескерисинче аларды колдоп бийликке келишине шарт  түзүлгөн. Ушул жагынан алып караганда алар өзгөртчү, мамлектетин өнүгүшүнө салым кошчу күндөр алдыда.

Жогоруда ачык оппозицияга өттүк дегендер кызмат берсе, аркы жээке өтө калып, ляппай деп адаттарынча Атамбаевди мактап калбайбы?

– Андай  болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кайсыл жээкке кандай кызмат кылат алардын өз абийирлеринде…

– Бу сапар оппозиция чындап жандандыбы же жаз келгенде жанданган адатын жасап жатабы?

– Саясатчынын гениалдуулугу, классиктер айтмакчы, келе жаткан окуяларды сезип, билип туруп анын башына туруу болуп эсептелинет. Өз убагында В.И.Ленин да жандармдар берген суроосуна (“Алдында дубал турат, кайда баратасын?”- дегенге): “Ал дубал чириген, түртсөң кулайт!”- деп жооп берген экен. Көп өтпөй царизм системемасы элдик нааразычыкка чыдыбай кулаган. Муну мисал кылганым  мезгилдин талабына жооп берип, өзгөрүлө  албаган система кулаганга дуушар болот, андай мисалдар көп.

Бир караганда оппозицияга бийлик жетпей калгандар чогулгандай туюлат. Ошол оппозиция эл үчүн пайда алып келе турган иштер менен алек болот деп ишенсек болобу? Анткени көпчүлүгү пендечиликке алдырып, бийликке жеткенде элди унутуп калышат го?

– Кайсы бир журналист оппозициядагы саясатчыларды классификациялап андайларды  айтканы бар. Менде башка суроо туулат: Азыркы бийликте ошондой адамдар жокпу деген.  Акылмандар айтмакчы, эң татаал сыноо бул бийлик болот. Аны ар ким көтөрө албайт. Кандай болгон күндө да, бийликтин улам-улам алмашуусу (бир адамга тагылып калбай) демократиялыктын белгиси болот.

– Мадумаров менен Ташиевдин шайлоо алдында тузгөн тандемдери жакшы жыйынтык бербегени үчүн кайра оппозицияга өтүүгө аргасыз болуп жаткан жокпу?

-Булар тургай парламентке өткөн партиялар деле күтүүсүз тандемдерди түзгөндөй, азыркы оппозициячыл саясатчылар ар кандай конфигурациядагы бирикмелерге барышы мүмкүн.

-Мэрге жалгыз талапкер КСДП дан  чыкканы бийликтин таасирдүүлүгүнөн кабар береби же бийликтин кадыры кеткенинен кабар береби?

– Бийлик бир колго топтолгонунун кабарын билдирет: ал талапкер кимдин кишиси жана ким аны ал жерде көрүүгө аракетенип жатканы айтпаса да көпчүлүккө маалым. Азыркы сындалып жаткан бийликтин кадр саясаты бир эле негиз менен тандалат: ал бийликке лоялдуулук (өзүнүн кишиси болуш керек), башка негиздер – ишке жөндөмдүүлүк, ал иштеги тажрыйбасы, жетишкендиги ж.б.у.с. көрсөткүчтөр аны кызыктырбайт. Аны Кыргызстандын саясый талдоочулары  эмес чет өлкөлүк адистер (Михеев, Собянин ж.б)  да белгилешкен.

-Айтканыңызга ынаналы, бирок, бийликте стабилдүүлүктүн жоктугунан башка партиялар  КСДПнын талапкерин колдоого аргасыз болушту деген кептер да айтылып жүрөт го?

– Бийликтин стабилдүүлүгүнүн жоктугу чынында  ал башка жагдай. Айтайын дегеним,  канчалык бийлик жана карапайым калктын, кедей менен байлардын ортосунда ажырым күчөгөн сайын бийлик ошончолук деңгээлде стабилдүүлүгүн жоготот.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “майдан.кж”

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *