Кудаларды жоо кылып, жаштарды ажыраштырган каада-салт

Редакциябызга Азима аттуу айым кайрылып, жашоодогу болор-болбос нерседен улам сүйүп кошулган жары менен ажырашып кеткенин айтты. Анын айтымында, чыр майда-барат нерселерден чыккан. Кылымдан калган каада-салтты карманабыз деп жатып Азиманын сүйүп кошулган күйөөсү душманга айланып, кадырлаган кайын журту менен жарашкыс жоо болгон.

Кудагыйлар чачташып…

Чынында эле, бүгүн башка каада-салттан мурун калың берип, сеп алуунун айынан ак нике бузулуп, ажырашкандар аз эмес. “Сен ата-энеме калыңды аз төлөдүң”, “Сенин ата-энең септи эки жууркан бир төшөк менен бүтүргөн” деген майда-барат нерселер чыр-чатактын башаты болуп берген сыяктуу. “Башта бул сөздөргө маани берчү эмесмин, кийин өзүмдү ата-энеме да, жолдошума да кереги жок, эски буюмдай сезе баштадым” деген каарманыбыз өткөн окуяны башынан эстеди.

– Кайын журтум калыңды жакшы беришкен. Бирок ата-энем септи шартына ылайык, азыраак берген. Ошол менин башыман кетпеген балээ болду. Чынын айтсам, жолдошумдун ата-энеси бизден бир топ эле жакшы турчу. Апам “теңиңе эле тийсеңчи” дегенин укпай койдум эле. Эки жылдан бери “сепсиз келгенсиң” деген сөздү угуп атып, кулагым чарчады. Сөз көбүнчө менин ата-энеме тийчү болду. Мени кемсинтсе макул, бирок, ата-энемди кемсинткенине чыдай алган жокмун. Акыры менин да чыдамым түгөндү. Кайненеме сөз кайрый баштадым. Жолдошум апасына болушуп, мага кол көтөрө баштады. Аягында апам менен кайненем урушуп, чачташканга чейин барышкан. Ошондон кийин мен ал үй-бүлөгө кантип барам? Же жарды турган ата-энемди кыйнай албай, же кайын журтумдун басымына чыдай албай, баламды алып баса бердим, – дейт ал.

Кудалардын ортосундагы сый аба менен суудай керек

Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, адамдар каада-салттагы айрым элементтер аркылуу өз кадыр-баркын көтөрүп, байлыгын көрсөтүүгө умтулушат. Ал жаштарга сүйүү кандай керек болсо, кудалардын ортосунда сый-урмат ошончолук зарылдыгын белгиледи.

– Мисалы, мен кыз берип, уул үйлөдүм. Келинге калың берип, кызыма калың алган жокмун. Өзүбүздү-өзүбүз кыйнап эмне кылабыз. Башка оптималдуу жолдорун тапса болот да. Калың берип, сеп алгандын машакаты көп. Анын айынан эки тарап урушуп, балдарын ажыраштырып жатат. Бул жерде жаштардын сүйүүсү түккө турбай калат. Башка элди айта албайм, бирок кыргызда балдардын очок ээси болуп, түтүн булатып кетишине ата-эненин салымы зор. Жаңы көктөп жаткан үй-бүлөгө жардам берип, суу куюп, бекемдей турган да ата-эне, уруштуруп, ажыраштыра турган да ата-эне. Тойго барсаң жаштар тууралуу эмес, алардын ата-энеси тууралуу сөздөр айтылат. Башкача айтканда, каада-салт, кадыр-баркты арттыруунун, байлыгын көрсөтүүнүн бир жолу болуп баратат.

Шайдуллаева каада-салттын айынан үй-бүлөлөр ортосундагы ажырымдын пайда болушуна коомдогу социалдык теңсиздик себепкер экенин айтат.

– Кедей катмар бай катмарга теңелем деп атып, кредит алып, карызга батып атат. Байларга эмне, 5000-6000 доллар калың берип коёт. Ушинтип отуруп калыңдын да көлөмү чоңоюп барат. Ал акча айрымдарга аз болгону менен көпчүлүккө көп. Айрыкча, кедейдин уулу байдын кызын алганда аргасы куруйт. Ушул катмарлануу биздин каада-салтты дагы тереңдетүүдө. Туура, каада-салтты унутпашыбыз керек. Бирок ошол эле маалда бардык нерсенин ченеми менен саресеби болуш керек да. Андыктан биз салттыбызды азыркы заманга, турмуш шартыбызга жараша карманганыбыз оң, – дейт социолог.

Калың кыздын өзүнө берилиши керек

Кыргызстан элинин 90 пайызынан ашыгы мусулман болгондуктан, көпчүлүк Ислам дининин эрежелери менен жашайт. Бирок динде калың берүү, сеп алуу деген эреже жок. “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы калың кыздын өзүнө балага турмушка чыгууга макул болгону үчүн бериле турган белек экенин айтат.

– Шариатыбызда бир гана Махр (калың) деген эле нерсе бар. Ачуу басар, сүт акы деген түшүнүктөр жок. Махр – кыздын ата-энесине эмес, кыздын өзүнө белек катары бериле турган нерсе. Ал акча, алтын дагы башка нерселер дагы болушу мүмкүн. Анын көлөмүн кыз өзү белгилейт. Кааласа аз айтат, кааласа көп айтат. Эгер бала туура жүрүм-туруму менен айрымаланса, кыз махр талап кылбай коюуга укугу бар. Мындай учурда кызга сооп жазылат. Ал эми сеп бул шариятта жок. Кызына ыңгайлуу болуш үчүн ата-эне айрым буюм-тайымдарды кааласа берип, каалабаса бербейт. Сеп бер деп кыйнаганга эч кимдин акысы жок, – дейт ал.

Кыз “кымбаты” Таласта, “арзаны” Көл менен Чүйдө

Каада-салттын бул элементи ар аймакта ар кандай калыптанган. Кээде калыңдын көлөмүнө кыздын жашы, келбети, билими, ата-энесинин даражасы да таасир этиши мүмкүн. Учурда “кымбат” кыздар Талас жергесинде деп айтылат. Таласта эң аз деген калыңдын суммасы 70 миң болсо, эң жогоркусу 200 миң сомго чейин жетет. Ал эми түштүк жергесинде аз дегени 50 миң болсо, 100 миң сом орточо деп эсептелип, кээде жылкы же уй кошулат. Нарында да калың баасы ушундай. Ал эми “арзан” кыздар Ысык-Көлдө жана Чүйдө. Бул аймактарда калың баасы 40 миңден 70 миң сомго чейин бааланат.

Блогер Камит Савай дал ушул аймактардагы айырмачылык түшүнбөстүктөргө себепкер болуп жатканын айтат. Ал көлдүк жигит таластык кыз алса, адатынча аз калың берип, кайын журтунун каарына калат. Бул учурда жигит берген калыңын жетиштүү деп ойлосо, кыздын ата-энеси аз акчаны шылдыңдоо катары кабыл алат, – дейт.

– Карап көрсөк, аймактардын баарында калыңдын максималдуу көлөмүнө чектөө жоктой. Колуңан келгенин бересиң, эч ким жок дебейт, көп дебейт, кааласаң самолёт бер. Бирок минималдуу көлөмү эмнегедир белгиленген. Аны элдин бардыгы билет. Андан аз берсең, артыңан сөз калып, уят болосуң. Адатта, калыңдын суммасы үйлөнгөндөр бир аз убакыт өткөндө уруша кетишсе эскерилет. Ошондо айрыкча, кээ бир келиндин кайненеси, кайнежелери көбүрөөк калың беришкенин баса белгилешет. Эгер аз калың берилсе анда айтышпайт. Ошондой эле кызга септи үйүп-жыйып берип, бирок калыңы аз болуп калса, куда-кудагыйлар чырдаша кеткенде айтылат.

Жаштар ата-эненин пикирин эске алса

Көбүнчө жаштар үйлөнүү, турмушка чыгуу чечимин өздөрү кабыл алышат. Кээде алардын жыйынтыгына ата-эне да кедерги боло албайт. “Шоокум” илим, турмуш жана маданий журналынын башкы редактору Абдилахат Матираимов жаштар турмуш куруудан мурун, ата-эне менен кеңешүүсү зарыл экенин белгилейт.

– Жаштар үйлөнүп жаткан чакта улуулардын, ата-энелердин пикирин укпай, бир гана өзүбүздүн жеке сезимдерибизге таянып өмүрлүк жар тандап жатабыз. Мындан 10-15 жыл мурун жаштар баш кошкондо өмүрлүк жарды ата-энелер тандап берчү. Ажырашуулар да азыраак эле. Азыр айрымдар жаштык сезимдерге таянып, “Ал үй-бүлөнүн абалы кандай? Биздин үй-бүлөгө туура келеби? Ата-энелер бири-бирин түшүнүшө алабы?” деген суроолорго кызыкпай эле баш кошууда. Жыйынтыгында ар кандай чыр-чатактар чыгууда. Ата-эне 50-60 жылдык тажрыйбасына таянат. Кээде алар биз тандаган түгөй бизге туура келеби, же келбейби, бизден жакшы билиши мүмкүн.

“Калың сеп көйгөйү курбу кызымды бузду”

Студент Асел Кайнарбек кызы ушул өңдүү окуялардын неченине тушугуп келе жатканын айтат. “Турмушка чыгуудан мурун ушундай майда-чүйдөлөр ата-энемдин артынан сөз ээрчитип, кадырын түшүрөбү деп корком” деген Асел буларга токтолду.

– Менин курбу кызым жакында эле турмушка чыккан. Алардын ата-энеси башта сеп албайбыз, калың бербейбиз деп сүйлөшүптүр. Бирок калыңы жок кыз болсо да, каадасы жок кыз болбойт дегендей, баары бир курбумду себи жок келин деп сөз кыла беришчү экен. Ушундан улам кыздын ата-энеси сеп бериптир. Эми курбум “мага сеп берди, бирок силер калың бербедиңер” деп өзүн жолдошунан өйдө сезе баштады. Кыз кезинде сонун кыз эле, азыр курбумду тааныбай баштадым. 6-класстан бери тааныш болуп жүрүп үйлөнүшкөн. Алардын сүйүүсүн бир аз акча бузат деп эч ойлогон эмесмин. Ушундай жагдайларга күбө болуп атып, өзүм турмушка чыгуудан корко баштадым.

Булак: Саресеп 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *