Кудаярхандын ордосу

Кириш сөз ордуна

Мезгил деген өжөр, эч нерсеге ээ-жаа бербеген, кээде таштан-ташка урунуп, тээ бийиктен күргүштөп агып түшкөн тентек дарыяга окшош.

Коконду нечен ирет кан буугандай бууп, хан жашынган чепти ороп, үстөмдүгүн көрсөтүп, кылыч шилтеп, айгай салып келген ата-бабаларыбыздын аттарынын айлананы жаңырта кишенегени, жер кызыткан туяктарынан чыккан ааламды дүңгүрөткөн дүбүрттөрү кылымдарды артка калтырып келгендери азыркы учурда да кулагыма жаңырыктап угулуп турат. Ортодон не деген замандар өтүп, китептин саргайган барактарындай шуулдап баракталып, карт тарыхтын дарагынын баригиндей шамалга дирилдеп калдактап алда-кайда учуп барат. Андан бери не замандар өттү, бабалардын ошол тарыхы бул кезге какшыган сайдын суусундай өз нугун жоготуп, алда качан аккан агымы эбак соолуп сай ордунда шагыраган таштай майдаланып, эленген куму сапырылып калган кези эмеспи. Бир тамчы сууга зар болуп чөлдө калган жолоочу адамдай бабаларыбыздын тарыхтагы издерин издеп Кокон шаарына барып келүүнү көптөн бери эңсеп жүргөн кыялым бар эле. Ошол кыялым орундалды. Барганымдын себебин сөзүмдүн аяк ченинде окурман журтуна айтамын деген ниетим бар.

Кудай буйруп, жакында гана Кокон менен Самарканд шаарларына Жээнбек, Сайип миңбашы досторум менен барып келдик. Ал жактан, бизди Чыңгыз менен Айбек деген өзбекстандык инилерибиз тосуп алышты. Түрк дүйнөсү жараткан, ааламдын жети кереметинин бири аталган атактуу Регистанды, Аксак Темирдин сөөгү жаткан бейитин, башка дагы ыйык жерлерди көрүп, зыярат кылып, өзбек элинин тарыхка болгон аяр мамилесин көрүп кайттык. Бизде болсо Өзгөн шаарындагы Караханиддер доорунда салынган байыркы мунара менен мавзолейдин үстүнөн суу өтүп, жарака кетип, терезелери сынып, кароосуз калган абалын көрүп адам ыйлай тургандай абалда. Мына биздин жетекчилерибиздин, элибиздин тарыхка болгон жапайы маданияты. Регистан, Аксак Темирдин сөөгү жаткан байыркы имараттар кечээ күнү гана салынгандай жаркырайт.

Каримовдун коңшу мамлекеттерине “темир эшиги” ичинен бекем жабылгандан бери, бир арыктан суу ичкен эки элдин каттоосу да солгундап, жакшылык, жамандыкка да баралбай кыйла алыстап калышкан эле. Өзбекстанга барбаганыма да көп жылдар өтүп кеткен экен. Кыргыз элинде “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген жакшы сөзү бар. Көчөлөрүнүн тазалыгын, шаарларынын түнкү жарыгын айтпа. Ичи тардык кылбай эле айталы, Өзбекстандын экономикасы эбак өсүп, бизден ат чабым алыска узап кетиптир.Көрсө биздин эл, так талашып биринин артынан, экинчи падышаларын ит кубалагандай кубалап жүргөн кезде Каримов коңшулар менен болгон мамилени катуулап, “дубалды” бекем жаап алып, өз мамлекетинин экономикасын өстүрүп, гүлдөтүп келген тура. Бийликтен кеткен Атамбаев, “Биздин мамлекет баштагыдан башка, экономикасы өнүккөн, чыныгы көз карандысыз мамлекет болдук. Коңшулардан алдыга кетип калдык…”-деп мактанганы тыйынга турбай калды. Эми Атамбаев менен “шопурунун” үй-бүлөлүк экономикасы өссө-өскөндүр, ал эми мамлекетибиз карызга белчесинен батып, элибиздин жашоосу жакырлангандан-жакырланып, эгемендүүлүктү алган жыйырма беш жыл ичинде машина чыгарган завод эмес, ийне чыгара албаппыз. Эмнесин жашырабыз! Анан кайсы арыбызга жараткан ийгилигибиз, жетишкендигибизди айтып дүйнөгө жар салып мактанабыз, ушуга таңмын. Ал эми Өзбекстандын чыгарган жеңил автоунааларын, орточо, оор жүк ташыган машиналарды көрүп бейиши болгур Ислам акеге айласыздан ыраазы болот экенсиң. Өзбекстандагы ушул заводдор убагында бизге келген экен. Паракор бир чиновниктин айынан Өзбекстанга заводду куруп салышкан дешет. Бетке айтсам, Алмаз Атамбаев алты жыл ичинде элибиздин жүгүн көтөрө алган өзүнүн мыкты командасын түзө алган жок. Өзү да кыйратып иштей алган жок. Ал тургай ак үйдөгү кабинетинин жарыгы кээде гана күйчү, бул дагы ачуу чындык. Ал эми Атамбаев президенттик алты жылдык мөөнөтүнүн көпчүлүк бөлүгүн резиденциядан чыкпай, эл көзүнө көрүнбөй калк арасында “заочный президент” катары айтылып, пешене терин төгө турган убактысын өткөрүп жиберди. Ачык эле айталы, экс-президентибиз өзү да кыргыз эли үчүн билек түрүнө маңдай терин төгүп, шымалана иштеп бере албады. Ал эми азыр болсо Атамбаевге салыштырмалуу жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсү жаркырап күйүп жатып калды. Жаңы президент ишке шымалана катуу киришти окшойт. Менин оюмча, президент боло турган талапкер адамдарды шайлоого катыштырардан мурун ишке жөндөмдүүлүгүн, ден-соолугун дыкат карап чыгышыбыз керек экен. Атамбаев кээде резиденцияда жата берип тажаганда бук болгон букадай топуракты челип, бакырып-өкүрүп, экс-президентке асылып, коңшу президенттерди сындап, аларга акаарат кылып, өзүнүн атаандаш саясатчыларын боктоп, коркокторун ийнине киргизе сөгүп, “түрмөгө тыгам!”-деп коркутуп, сот менен жүрөгүнүн үшүн алып, өзүнөн коркпогондорун түрмөгө тыгып коюп, кайра резиденциясына кетип калчу. Элдин көз алдында ушулар эле калса керек. Атамбаевдин алты жылы, экономиканы өнүктүрүү эмес, өз атаандаштарына болгон кекти алуу, аларды камоо, сындап койгон ММКды кызмат абалынан пайдаланып, Башкы прокурордун, кошоматчы соттордун колу менен ТВ, гезит, электрондук сайттарды миллиондогон акчаларды мойнуна илип ооздуктап, өз пикирин айткандарды тизе бүктүрүп келди. Улуттук коопсуздук кызматы кыргыз эли үчүн эмес, Атамбаевди ким жамандап жатат, оппозиция эмне туурасында сүйлөшүүдө деп саясатчыларды аңдуу, аларды тыңшоо менен бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн тизе жырта иштеп беришти. Мындайча айтканда, Кокон хандыгындагы зулум хандын бийлигинин бир бутагын Атамбаев түзүп кетти десек да болот. Кантсе да ажобуздун теги Кокондук эмеспи. Алты жыл ичинде Атамбаев Кыргызстанды кыйратып деле кыдырып чыкпады, ал тургай элдин көйгөйүн жакындан угуп, жашоосун өз көзү менен көргөн да жок, аким менен губернаторлор чогултуп койгон дүжүр активдер менен жолугуп кайра келе берчү. Кыргыз жерин кыдыргандан көрө чет өлкөгө көбүрөөк чыкканын элибиз жакшы билет. Ушинтип да президент болуп өлкө башкарабы? Атамбаевдин мактай турган бир эрдиги болду, ал президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин отурду. Кыргыз эли да коёндун терисиндей Атамбаевдин “Кудай буйруса президенттиктен кетем!”-деген сөзүнө чыдап берди. Кандай болгон күндө да ал кызматынан кетти. Бул жагынан Атамбаев мурдагы президенттерге караганда сөзүнө туруп, жигитчилик кылганын айта кетүү керек. Кызматтан кеткен адамга жаман сөз айтпайт эмеспи, таш менен да урбайлы. Атамбаевди бийликти өткөрүп берип кеткени үчүн сыйлашыбыз керек. Кетпейм деп, көгөрүп туруп алса эмне кылат элек. Бирок Конституция деген ыйыгыбыз бар болчу. Ал боюнча экинчи ирет шайланууга укугу да жок болчу. Болору болду, боёгу канды дегендей. Убагында Акаев Кыргызстанды, экинчи Швейцария кылам деп кыялданган эле. Акаевдин бизди кай жакка алып барып, таштап кеткенин өзүбүз да билбей калдык. Батыш мамлекеттери эмес, коңшу Өзбекстандан үйрөнө турганыбыз көп экен. Каримовдун көп жылдык эмгегин баалап, өзбек эли Самаркандга Ленин атабыздын эстелигиндей кылып айкелин тургузуптур. Тим эле көргөн көзүң ыраазы болот. Бул – көзү өткөн лидеринин эмгегин баалоо деп түшүнөм. Айланып эле, саясатка кирип кеттим окшойт. Сасыган саясаттан көрө, кеп учугун буруп Кокондун тарыхын аралайлычы…

 

БАЙЫРКЫ КОКОН

Самарканддан Кокон шаарына кеч кирген кезде келдик. Шаардагы Кудаяр хандын ордосуна жакын жердеги мейманканага жайгаштык. Канткен күндө да, Кокон хандыгы биз үчүн бөтөн хандык эмес, кыргыз менен кыпчактар тарыхта аралашып хандыкты үзөңгүлөш башкарган мезгил болгонун эстедим. Эртеси күнү, Кокон шаарынын тарыхый-маданий очогу болгон Кудаяр хандын ордосуна бардык. Буга чейин ар кандай китептерден окуган болсом, бир кезде Шералы хан, Алымкул аталык, Жусуп миңбашы, Мусулманкул аталык, Алымбек датка, жети күн такта отурган Мурат хан, Кудаяр хан, Мала хан, Жаркын айым, Насирдин хан, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек, Мусулманкул аталыктын баласы Абдурахман аптобачы жана башка тарыхый инсандар көз алдыма келди. Ал тургай он эки жылдай Түркстанды башкарган генерал-губернатор фон Кауфман, өзүнүн мыкаачылыгы, чечкиндүүлүгү менен белгилүү болгон орус офицери, генерал Скобелев, генерал Черняев, генерал Куропаткин, генерал Колпаковский, жана ошондой эле Түркстанда жашап, Фергана өрөөнүндө өмүрүнүн теңинен көбүн өткөргөн Владимир Петрович Наливкин, ж. б. XIX-кылымдагы басып алуучу орустардын аскер башчылары, атактуу инсандары – Кокон хандыгы, анын тарыхы менен тыгыз байланышканын эске алдым.

Кудаярхандын ордосун аралап жүрүп, ата-баларыбыз кыл чайнашып, баштарын баталгага байлап коюп, Кокон хандыгын сактап калуу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, опурталдуу, кандуу кагылыштар өткөн мезгилин айласыздан эстедим. Тарых жараткан ата-бабаларыбыз, ошол мезгилдин баатыр каармандары көз алдымдан мончоктун шурусундай тизилип өтүп жатты. Кудаяр хандын ордосун аралап жүрүп, өлкөнүн тагдыры чечилген сүрдүү дубалдарга, алдагы XIX-кылымдын кандуу тарыхын ичине тымпыя катып, мезгилдин жүгүн көтөрүп турган оймо-чиймелүү устундарга карап туруп, анын саргая түшкөн барактарын шартылдата барактап, өткөн доорго сиңип, ошол тарыхый инсандар менен аралашып кеткендей болдум.

Байыркы Кокон шаарынын тар көчөлөрүн аралап так талашып, жүздөгөн, миңдеген сарбаздары менен аттарын ары-бери чапкылап жүргөн ата-бабаларыбыз көз алдыма келди. Бир кезде алтын өрөөн аталган Фергана өрөөнүнө, курал-жарак жагынан алда канча күчтүү орус армиясын баштап келген генерал Черняев болгон эле. Ал Ташкентке согуш ачып кол салганда аны алгачкы эле согушта Кокон хандыгынын белгилүү аскер башчысы, полководец Алымкул аталык талкалап, ал артына кайтууга аргасыз болгонун көпчүлүк окурмандар билбесе керек. Коңшулардын кээ бир тарыхчылары Кокон хандыгынын пайдубалын тургузгандардын көбү бизден чыккан тың чыкмалардын теги кыргыз деп айтышпаганы өкүндүрөт. Алымкул аталык деле Баткен областынын Бужум кыштагында чоңойгонун кантип унуталы. Кийинки орустар менен болгон согушта Алымкул аталыктын арт жагынан мылтыктын огу тийип каза болгон. Бул деген орустар эмес, кокондуктардын арасынан ордо кутумдарынын бирөөсү карасантайлык менен аткан дегендик деп билсек болот. Анын сөөгү Ташкенттин четиндеги Шайхантаур көрүстөнүнө коюлганы белгилүү. Кокон хандыгы биз үчүн бөтөн эмес деген сөздү бекер жеринен айтып жаткан жокмун. Тарых барактарын барактасак, бир кездеги борборубуз Кокон шаарынын айланасындагы эски көрүстөндөрдө баштарын кыбыла тарапка жазданып түбөлүк уйкуда жаткан Кокон хандыгынын пайдубалын тикелеп тургузуп, өз өмүрүн арнаган канча миңдеген кыргыз баатырларынын сөөктөрү жатканы талашсыз. Өткөн тарыхыбыздын чындыгы ушундай экенин унутпасак. Кокон хандыгы бул орток хандык болгонун айта кетели.

Жусуп миңбашы Шералы ханды Талас жергесинен алып чыгып, ашууларды ашырып келип, анан Ала-Буканын Сафед-Булан деген ыйык жеринде ак боз бээни союшуп, ак кийиздин үстүнө салышып, “Кимдин-кимдин заманы, Шералы хандын заманы!”-деп хан көтөрүшкөн эмес беле. Ал эми Шералыны такка отургузган Жусуп миңбашы Жаркын айымдын тагасы болгону тарыхта айтылып келет. Хан ордонун так ортосунда кыргыздын боз үйүн кышы-жайын тигип, арча күйгүзүп, ысырыктап отурган акылман эжебиз Жаркын айым көз алдыма келип, Кудаярхандын ордосун аралап жүргөндө эстедим. Жаркын айым, тарыхта аты калган кадимки аксылык Токтоназар датканын кызы болгон. Шералы хандын Жаркын айым, Соно айым деген эки аялы болгон. Жаркын айымдан, Кудаяр, Султанмурат, Ажар, Айжан, Саадат, Нарсүчүк деген удаасы менен төрт кыздуу болот. Ал эми Соно айымдан Аптап, Маклар деген кыздуу, Малабек, Сопубек деген уулдуу болот. Шералы хандын жанында Жүзүп миңбашыдай баатыр адам тургандыктан душмандары “атала”, “жер көз”, “катынпоз” деп шылдыңдап айтып келишкени менен Шералынын көзүн тазалоодон айбыгып турушчу. Кандай болгон күндө да ордо кутумдары Шералыны жок кылыш үчүн Жүзүп миңбашынын көзүн тазалашат. Ошондо аялы Жаркын айым, Шералыга карап: “ Сүйрөлгөн гана жылкычы десе! Сени Таластан таап келип, ким тактыга отургузду эле? Сени такка отургузган Жусуп миңбашы экенин унуттуңбу? Бүгүн Жусуп миңбашынын башы кетсе, эртең сенин башың кетет! Жарым акыл, жарым эс десе!”-деп тоолук кыргыздын кыздары гана айталат эмеспи.

Ошондо ордо кутумдары Мусулманкул миңбашынын Кокондо жоктугунан пайдаланышып, Шералы хандын бала кезде өзү чоңойгон бак ичинде башын алышат эмеспи. Жаңы гана такка отурган Мурат хандын буйругу менен Шералы хандын жансыз денесин бак ичинен кокон арабага жүктөп, караңгы киргенде алып чыгышып шаардын четиндеги Чымындык көрүстөнүнө сөөгүн жашырышат. Ошко жакын Мадынын жака белинде Алымбек датканын башын алып келем деп оолугуп чыккан Мусулманкул өзү жекеме-жекеге чыгып аз жерден мерт болуп кала жаздайт. Ордо кутумдары ханды тактан кулатышып, кыбыла тарапты карап намазын эми гана окуп бүткөн кезде башын алып салышканын Мусулманкул кайдан билсин. Шералы хандын башы кетип, мүрзө башындагы топурагы да эбак муздап калганда гана Мадыда Алымбек датка менен согушуп жүргөн Мусулманкул миңбашыга кабар кеч жетет. Тактыдан ханды алып салышкан суук кабарды угары менен Мусулманкул күнү-түнү токтобой Коконду көздөй жүрүп отурат. Ал Коконго жетип келээри менен жети күндөй тактыда отурган Мурат ханды өлтүртөт да, Шералы хандын ортончу уулу Сайид Мухаммад Кудаярды жашырынып жаткан жеринен колунан жетелеп хан отурган тактыны көздөй алып жөнөйт.

Мусулманкул миңбашы:

— Кудаяр карагым! Мына ушул чактан баштап, ааламдын жарымы болгон Кокондун ханы, бул алтын тактын эгеси, ушул өлкөнүн өкүмдары, падышасы сен болосуң! Коркпо балам! Атаң Шералыдан калган такка келип отур! Атадан балага мураска калчу так ушул, эми сеники… – деп такка отургузат.

Ордо кутумдары, бул төңкөрүштү уюштургандардын баарысы жазаланат. Мусулманкул чолок, колунан жетелеп келип такка отургузган он үч жаштагы Кудаяр ханга аталык болуп, ал эрезе жеткенче, эки тизгин бир чылбырды колго алып хандыкты өзү башкарат. Кудаяр хан 1845–1858-ж.ж.,1862–1863-ж.ж., 1865–1875-ж.ж. үч ирет Кокон ордосун башкарган адам. Ал аталаш агасы Мала хан менен Алымбек даткага тагын алдырып койгон. 1875-жылы тактан кулатылып, буга чейин аны колдоп келген Түркстандын генерал-губернатору фон Кауфмандын буйругу менен такка келген уулу Насирдинге тоскоол болбосун деп Россиянын Оренбург шаарына сүргүнгө айдалат. Ал жерде жашап жүрүп, 1877-жылы кыргыздардын жардамы менен Оренбургдан качып чыгып Ооганстан, Индия аркылуу Меккеге барып, ажылык парзынан кутулуп, зыяратын кылат. Мекеде, анан Туркияда бир аз жашап, кайра Ооганстанга келе жатып Герат шаарына жакын жерде каза болуп, Керхит деген мазарга сөөгү коюлгандыгы айтылып келет. Кудаяр ханды эстегенде анын адам баласынын төбө чачын тик тургузган “Кыпчак кыргынын” айласыздан эске саласың. 1852-жылдары 9-октябрда оң миңдей кыпчакты кырдырып жибергени менен тарых барактарында жазылып калды. Ордо оюндарына башы жетип, өз алдынча хандыкты башкара баштаган кезде өз агасын өлтүрткөн кыпчактарга тымызын согуш ачууну ойлойт. Ал тургай өзүн такка жетелеп келип отургузган Мусулманкул аталыкты Кокондун борбордук аянтына колу-бутуна кишен салдырып, элди аралатып келип жыгач секичеге байлатып коёт. Мусулманкул аталыкты сындырыш үчүн Кудаяр хан бир канча миңдеген кыпчактарды бирден алдыртып маңдайына айдап келип, бир канча күн бою көз алдында койдой сойдуртуп, башын алдырткан шаар ушул Кокон болчу.

Хандын ордосун аралап жүрүп Алымбек датка башында турган кыргыз, кыпчактар биригип кубаттуу делген Кудаяр ханды тактан кууп чыгышып, аны качууга аргасыз кылышкан. Шералы хандын Соно айымынан төрөлгөн баласы, Кудаяр хандын аталаш агасы Мала ханды такка отургузат. Мала ханга баш вазир болгон күндөн баштап Алымбек датка ар кандай иштер менен хандын ордосуна көп ирет келип, кирип турууга туура келген. Ошол учурда баш вазир Алымбек ордонун экинчи адамы болуп, аялы Курманжан, баласы Абдылдабекти жанына алып Коконго Мала хан отурган такка ээрчитип келип, Коконго каттаган сайын каныке Жаркын айымдын хан ордонун ичиндеги кышын- жайын тигилип турган боз үйүнүн ичинде далай ирет даам таткан. Алгач, Мала хан менен Алымбек баш вазирдин хан ордодогу кызматы ушундай ынтымакта болгон. Узун-Агачка орустар менен болгон согуштан кийин Канаат шаанын ушагынан Мала хан менен Алымбек баш вазирдин баштагы жылуу мамилеси салкындап, акырындап ортосу муздап, ал Коконду, ээлеген кызматын таштап кетүүгө аргасыз болот. Качан гана Мала хан ордо кутумдары тарабынан өлтүрүлгөн соң Алымбек миңбашы Нарын тараптан Коконго кайтып келет. Бирок, ордо кутумдары да тынч жатышпай, күн санап кадыры кайрадан өсүп бараткан Алымбек миңбашынын жалпы кыргыз элинин башын бириктирип, бирдиктүү мамлекет курам деген кыялы ишке ашпай калат. Алымбек миңбашынын өлүмү ордо кутумдары тарабынан уюштурулуп, Чотон баатырдын колу менен башы Кокондо алынат. Алымбек миңбашынын сөөгү Кокондон алынып келинип, Оштун кире бериш жериндеги Сары мазар деген жерге коюлган болчу. Ал эми, 1907-жылы Курманжан датка дүйнөдөн кайтып, анын сөөгүн коюу зыйнатына түмөн эл келип, чоң кадыр-барк менен жерге беришкен. Азыркы күндө Алымбек миңбашы менен Курманжан датка экөөнө арнап күмбөзү тургузулуп, элдер зыярат кылган ыйык жайга айланып калды. Биздин ата-бабаларыбыз да Кокон хандыгында тизгин талашып, ат жалында шамал менен тең жарышып журт башкарып келгени чындык экенине тарых күбө.

Эки кылымга жакын тарыхы бар Кокон хандыгын орус аскерлери талкалап, быт-чытын чыгарган учурда акыркы деми менен дем алып жаткан кезде Алымбек баш вазир менен Курманжан датканын көкжал баласы Абдылдабек бүтүндөй Түркстанды багындырган генерал Скобелевдин бут алдында тизе бүкпөй, багынбаган бойдон бөтөн жерде каза болгон. Абдылдабектин ошол эрдиги, ушул кезге чейин дастан болуп муундан-муунга айтылып келет. Кудай буйруп, кийинки жылы тартыла турган “Алымбек датка” көркөм тасмасын тарта турган тарыхый жерлерди көрүп, бизге белгисиз бир топ керектүү маалыматтарды топтоп келдим. Азырынча оолукпай, ошол куттуу күндү күтө туралы…

Бекен Назаралиев

Бишкек-Баткен-Самарканд-Кокон-Ош

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *