Күлазык-көчмөндөрдүн негизи тамагы

Көчмөндөрдүн III Дүйнөлүк Оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн иш-чаралардын эң бир маанилүү жана кызыктуусу улуттук тамак-аштардын «Күлазык» сынагы болду.

Алдын-ала, 2016-жылы көчмөндөрдүн II Дүйнөлүк оюндарын өткөрүү убагында уюштурулган этно тамак-аштардын көргөзмө-сынагынын жыйынтыктарын эске алуу менен түзүлүп бекитилген жобонун негизинде, быйылкы тамак-аштын бир гана түрүнө, күлазыкка сынак жарыяланды.

Күлазык ата-бабаларыбыз көчүп-конуп, жоокерчилик-жортуулдук кылып, мергенчилик менен алектенип жашаган доордо алардын жашоосунда, ден-соолуктарын сактоодо, ачарчылыкка учурабоосунда абдан зор мааниге ээ болгон. Анткени бул азык көбүнчө эттен жана сүттөн жасалган. Ал замандарда эле көчмөндөр күзүндө союлган малдын этинин жана жайкы сүттүн мыкты сапаттарын, азыктык кубаттуулуктарын жакшы түшүнүшкөнүнөн улам, күлазык даярдоого ошол өнөктүктөрдөгү эт-сүттү жумшашкан.

Күлазык азыркы тамак-аш технологиясынын тили менен айтканда негизги төрт өзгөчөлүккө ээ: тамактануу үчүн жеткиликтүү даярдалышы; узак мөөнөткө бузулбай сакталышы; ар-кандай катаал шарттарда тез ичилип-желиниши; тогумдуулугу жана кубаттуулугу. Айта кетчү нерсе, бул тамактын «күлазык» болуп аталышы анан күлдөй майдаланып даярдалганына байланыштуу. Ал эми «гүлазык» болуп айтылып калганы тыбыштык гана өзгөчөлүк.

Күлазыктын негизги түрү көчмөн элдерде (кыргыз, казак, монгол) эттен жасалгандыктан бул жолку сынакка республикабыздын 7 областынан, Бишкек, Ош шаарларынан жана үч коомдук уюмдарынан (Ала-Too айымдары, Кыргыз жолу, Сары-Өзөн) азыктын ушул түрү менен талапкерлер катышышты. Баардык 12 топтон күлазыкты элдик технология менен эттин майынан, чарымынан ажыратып, бышырып, сокуга жанчып, андан кийин жаргылчакка тартып даярдашыптыр. Кээ бир топтор чийки, сүрсүгөн эттен да жасаган күлазыкты сынакка коюшту. Ошону менен бирге ар бир областтын өкүлдөрү түрдүүлөп уйдун, койдун, жылкынын, топоздун, кайберендин, канаттуунун этинен, ич эттерден да күлазык жасап келишкен. Булардын баары жалпы окшоштук деп эсептесек болот. Ал эми айырмачылыктарга көңүл бурсак, өлкөбүздүн ар кайсы аймактары ар түрдүү күлазыкты жасалганга аракет кылышканы байкалды. Демек, элибизде бул азыктын жасалышын муундан-муунга сактап, анын түрлөрүн жергиликтүү, табигый кошулмалардын эсебинен көбөйтүп келгендиги айкын болду. Мисалы, Жалал-Абад областтынын атынан Тогуз-Тородон келген чеберлер топоз жана кийиктин этинен жасалып, тери жана бөз баштыктарга салынган күлазыкты эл алдына коюшту. Нарын областынын өкүлдөрү эт күлазыктын озолон деген чөптүн бүрү кошулган түрүн көрсөтүштү. Ысык-Көл областы болсо «Каныкей эненин күлазыгы» деген ат менен көк чегиртке кошулган бул тамактын бир нече түрүн сынакка алып чыгышты. Талас областы жупка жана катырма менен аралашкан күлазыкты жасап келишиптир. Баткен областынын өкүлдөрү куруттун, кургак өрүктүн түрлөрү кошулган күлазыкты жасашыптыр. Чүй областынын талапкерлери эт күлазыгын улуттук оюнга айкалыштырып көрсөтүштү. Ош шаары, Ош областы жаңгак, карагат, дагы башка кургатылган мөмө-жемиштер кошулган күлазыктар менен сынакка катышышты. Бишкек шаарынын өкүлдөрү жасаган кулазыкка илгерки заманда табыптар сунуштап келген жыландын эти кошулуптур.

Күлазыктын жогоруда белгиленип кеткен өзгөчөлүктөрүнүн негизинде баардык катышуучулар анын сүттөн алынуучу курут, бышкан курут, сары май, күлазыктырына кирген талкан, акшак, калама, катырма, жупка сыяктуу түрлөрүн да ала келишиптир.

Сынакты өткөрүүнүн жобосуна жана талабына ылайык катышуучулар төмөнкү аныктамалардын негизинде кулазык жөнүндө айтып беришти: күлазыкты даярдоодо салттуулуктун сакталышы жана табигый түрдө жасалышы; даярдоонун аймактык өзгөчөлүктөрү жана азыркы убактагы колдонулушу; азыктын түрлөрү, көчмөн турмушта колдонуу зарылчылыгы.

Сынактын биринчи жеңүүчүсү болуп Жалал-Абад областы аталды. Баткен, Талас областтары экинчи эки орунга, Ысык-Кол, Ош областтары, Ош шаары үчүнчү үч орунга татыктуу болушуп дипломдор жана акчалай байгелер менен сыйланышса, калган катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктардын ээси болушту.

Жыйынтыктап айтканда, бул кароо-сынак байыркы доордон бери келаткан, көчмөндүк, жоокерчилик шарттарга ылайыкталып жасалуучу улуттук болуп саналган тамактардын бири күлазыктын заттык, технологиялык, керектөөчүлүк сырларын, азыктык касиеттерин элибизге, Көчмөндөр оюнуна келген меймандарга, чет элдик турист-саякатчыларга жогорку деңгээлде зор ийгиликтер менен көрсөтө алды. Демек, ата-мекендик ишкерлер мындай өзгөчө азыкты келечекте өнөр-жайлык технологияларды колдонуп өндүрүүнү колго алышар деп ишенсек болот.

Кеңешбек Алымбеков, Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк III Оюндарында “Күлазык” боюнча калыстар тобунун башчысы, Техникалык илимдердин доктору, профессор, КР Инженерлер Академиясынын корреспондент-мүчөсү

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *