Күмөндөр билген күлкаштар

Күмөндөр Абылов Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын кеч алганына бир чети кыжыры кайнап, бир чети күлкүсү келип жүргөн кезде белгилүү куудул Келдибек Ниязов тамашага салып:

-Күкө, арактын чеңгээлинен чыга албаган кишини алкаш деп айтат эмеспизби. Ал эми күлкүсүн эч тыя албагандарды эмне деп аташыбыз керек?-дептир андан куйкум сөз уккусу келип.

-Күлгөнгө эмне жетсин… Андайларды алкашка уйкаштырып эле “күлкаш” деп эле айтканыбыз туура эле болот окшойт,-деген экен Күмөндөр байкебиз күлүмсүрөп.

Булак: Жаңы Ордо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *