“Кумтөр” качанкыга чейин Канаданын мыйзамы менен иштейт?

«Кумтөр» алтын кени 1989-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган, бирок түбөлүк тоңголок муздун шартында иштетүүнүн татаалдыгынан улам, коммерциялык жагынан ишке ашырууга болбой турган кен деп эсептелген. Бирок 1992-жылы Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин жана Канаданын “Камеко” корпорациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлган, анда “Камекого” кенди иштетүүнүн эксклюзивдүү укугу берилип, “Кумтөрдөгү” алтындын алгачкы уютмасы 1996-жылдын 31-декабрында алынган.

Ошол мезгилде алтындын запасы 953 тонна болсо, 2010-жылдын ап­рель окуясына чейин 260 тонна ал­тын казылып алынып, 693 тонна ал­тындын запасы калган. А бүгүн бийлик эмне деп жатат? 150 тонна алтын запасы калды деп алакан жайышууда. Анда 543 тонна алтын кайда кетти?

Акаев менен Бакиевдин бийлигинин тушунда 13 жылда 260 тонна алтын казылып алынса, кантип эле Атамбаев бийлик жүргүзгөн акыркы төрт жылда 543 тонна алтын жоголууда. Балким эл оозунда айтылып жүргөн «Кумтөрдө» кичинекей са­молет коно турган аянтча бар, ошол жерден алтындарды Канадага чыгарып кетишет» деген божомолдор чындыкка жакын болуп жүрбөсүн…

Балким бийлик башындагылар 543 тонна алтынды өлкөдөн чыгуу үчүн «Кумтөр» маселесин чечүүнү улам артка жылдырып, элди алдоо үчүн бир канча премьер-министрди садага чаап, төрт жыл убакытты создуктуруп келишти…

1990-1997-жылдары Макмалда талкуу жүргөндө, “Кумтөрдүн” келишими бир тараптуу экенин адистер менен биргеликте, көрүнүктүү профессорлор Б.Мамбетов, И.Айтматов, Т.Усубалиев келишим кылмыштуу экенин айтып чыккан эле. Бирок бул келишимге А.Акаевдин күчү ме­нен кол коюлуп, өзү жеке көзөмөлгө алган. Ошондон бери алтын ордосу президенттин көзөмөлүндө тураарын унутпайлык.

Кечээ эле улутташтыруу зарыл же 50-50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү керек деп кыйкырып жаткан саясатчылар бүгүн өз ойлорун кескин түрдө өзгөртүшүүдө. Бирок «Кумтөрдө» алтындын запасы азайып, ууланган калдыктардын көбөйүп кеткениненби деген суроого азырынча жооп жок.

“Кумтөрдө” дүйнөлүк масштабдагы катастрофа күтүлүшү мүмкүн

Биз «Кумтор» маселесин көтөргөндө, анын экологиябызга тийгизип жаткан терс таасирлерин көз жаздымда калтырып келебиз. Мына канадалык ишкерлер мөңгүлөрдүн үстүнө тоо кен калдыктарын жайгаштырышып, ал жерде азыркы учурда 1 млрд, тоннадан ашык калдыктар бар экендиги баарыбызга маалым.

Ошондой эле 1996-2011-жылдар аралыгында 80 млн. куб. метр музду чагып алышкан. Калдыктардын басымдуулугунан жана муздарды чаккандыктан мөңгүлөрдүн жылышы күчөй баштаган. А бул жөнөкөй көңүл бурууга арзыбаган көйгөй эмес. Мунун баары эмне себептен келип чыкты? Канадалыктардын нормага ылайык эмес, тескерисинче норма­га каршы технологиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн келип чыгууда. А эмне үчүн кыргыз бийлиги чет элдик ишкерлердин биздин экологияга келтирген зыяндары тууралуу ооз ачышпайт? Эгерде биз бул нерсенин алдын албасак “Кумтөрдө” дүйнөлүк масш­табдагы катастрофа күтүлүп жатат.

Анткени Петров көлүнүн жээги эрип, жарылып кетүү коркунучуна келип такалды. Эгер жарылып кетсе, ал төмөн жагындагы уу калдык сактоочту жууп кетип, түз эле Нарын суусуна алып барып куят. Бул дүйнөлүк масштабдагы катастрофанын башталышы болуп калышы толук мүмкүн. Анткени уу калдык сактоочу жайда 200 миллион тоннадай цианид жатат.

Ал эми Нарын суусу, коңшу мамлекеттерди аралап, Арал деңизине чейин жетет. Бул чөлкөмдо 10 миллиондон ашуун адам ушул суулар ме­нен тирлик кылышат. Бул 10 мил­лион адам суусуз калат деген сөз.

Канаданын мыйзамдарынын чегинде иш алып барабызбы?

Экинчи маселе жакында баарыбыз күбө болдук. Кыргыз бийлиги «Кумтөрдү» улутташтыруу же канадалыктар менен 50-50 пайыз үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн пайдасыз жана мүмкүн эмес деп коомчулук күтпөгөн билдирүү жасады. Ушул билдирүүнү айтуу үчүн кыргыз өкмөтүнө эки жыл керек болдубу?

Убагында кыргыз бийлиги «Центерра» менен пайдасын тең бөлүшкөн ишкана түзүүнү колдоп, ал тургай сүйлөшүүлөр аяктап калды деп парламентти гана эмес, элди да ишендирип келбеди беле? Ал гана эмес, биргелешкен ишкана түзүү үчүн бизге кеңеш беришет дешип, эки жыл аралыгында эл аралык үч компанияга, мүмкүн эмес деген сөздү айтуу үчүн 3,5 миллион евродон төлөп келиштиби?

Анан дагы эң таң калычтуусу уба­гында бир өкмөт башчыбыз «Биз болгону башкаруу менеджментин кыргыз тараптын пайдасына оптималдаштырышыбыз керек. Албетте, баары Канаданын мыйзамдарынын чегинде болот» – деп айты эле. Эм­не үчүн өлкөбүздүн кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголбой, чет өлкөлүк инвесторлордун же башка өлкөнүн мыйзамдары менен чечилиши керек?

Кытайдан алынган насыяларыбызды Бээжиндин мыйзамы менен төлөсөк, өз жерибизде жайгашкан алтын кенибиз үчүн өзүбүз чет элдик иш­керлердин алдында Канаданын мый­замы менен жооп берсек, анда Кыр­гыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецеши жана Өкмөтү деп өзүбүздү- өзүбүз эмнеге ооз көптүрүп- айтып жүрөбүз? Анда биздин көз карандысыздыгыбыз кайда калды?

Биз Кытайдын же Америка Кошмо Штаттарынын карамагындагы көз каранды мамлекетпизби? Өз же­рибизде өз мыйзамдарыбыз менен мамлекетгин кызыкчылыгын коргой албаган бийликтин кереги барбы?

Мына убагында “Кумтөрдө” казыла турган алтындын запасы 208 тонна эмес, 157 тоннаны гана түзөт. Ошондуктан “Кумтөрдөн” түшчү пайда 21 пайызга кыскарат деген чет элдик ишкананын бир гана билдирүүсү, башкасын кой, президент Алмазбек Атамбаевди эл аралык маалымат каражаттарына чейин биргелешкен ишкана түзүлөт деп айтып келген сөздөрүн төгүнгө чыгарып, кыргыз бий­лиги мүмкүн эмес деп алакан жайып, парламент алиге чейин эстерин жыя албай дендароо болуп отуруп калбады беле же калппы?

Кыргыз бийлигин каалагандай калчап көнүп калган чет өлкөлүк иш­керлердин бир гана билдирүүсү бүтүндөй кыргыз бийлигин “нокаут” кетире алаарын да көрдүк. Бирок убакытты созуп, чет элдик ишкерлер­дин таламын талашкансып отурган өкмөт, тиешелүү органдар өз пикирлерин айтып, эмне себептен алтын­дын запасы азайганын алиге чейин текшерише элек? Эмне үчүн анда өк­мөт сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эки тарапка тең пайдалуу чечимдер кабыл алынат деп, бул маселени улам артка жылдырып келди. Мындан ким утушка ээ болууда? Бир гана “Центерра”. Анткени алар мурункудай 67-33 пайыз деген келишим боюнча иштеп, мурункудай эле 67 пайыз кирешеге ээ болушууда. Демек кыргыз бийлиги билип туруп «Центерранын» кирешенин 67 пайызын алышына шарт түзүп жатат. Эмне үчүн?.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *