«Кумтөрдө» мөңгүлөрдү талкалаган мыйзамга каршылык күчөдү

Бишкекте жарандык активисттер президент Атамбаевди «Суу кодексине» ѳзгѳртүү киргизген мыйзам долбооруна кол койбоого чакырып, 8-ноябрда Ак үйдүн алдында каршылык акциясын өткөргөн жатышат. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери жактырган тийиштүү мыйзам долбоорунда Кумтөр алтын кенинде гана мөңгүлөрдү башка жакка көчүрүп иштегенге уруксат берилет, калган жерлерде тыюу салынат.

Атап айтканда, мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануу менен мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген. Комитетте болгон талкууда, өлкөдө бийик тоо арасында 17 кен иштетилген жерде мөңгүлөр бар экендиги белгилүү болду.

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү көчүрүп алууга уруксет берилип жаткан себеби, кен казуу бул жакта көп жылдардан бери мөңгүлөрдүн үстүнөн болуп келатат. Ошол себептүү өкмөттүн өзүнүн маалыматына караганда, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн теңинен көбү жок болуп кеткен.

Image captionКумтөр кенинде мөңгүлөрдүн үстүнө өндүрүштүк таштандылар төгүлө бергендиктен, Давыдов мөңгүсүнүн бир өңүрү таптакыр жок болуп кеткен.

Экинчиден, мөңгүгө тийбей алдынан казуу чыгымдарды аябай көбөйтөт, ошол себептүү кенде иш токтоп калышы мүмкүн. Анын үстүнө Кумтөр алтын кенинин өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси зор экенин эске алып, Башкы прокуратура дагы бул объектиде иш токтобосун деген чечим чыгарып берген экен. Ошол себептүү, бул мыйзам долбоорунун өтүшүнө Ѳкмөт өтө кызыкдар болуп жатат.

Экологиялык олуттуу келишимдер

Би-Би-Сиге берген соңку маегинде вице-премьер-министри Дүйшенбек Зилалиев экологиялык маселелерди чечүүдө “Центерра” менен олуттуу макулдашууларга жетишилгенин белгилеген эле.

“Экологиялык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз. Дароо эле бир түшкөндө 50 млн доллар Ысык-Көлдүн экологиясына жумшалат. Андан сырткары, жыл сайын экологиялык иш чараларга 310 миң доллар бөлүнүп келген болсо, бул сумманы биз келишим менен он эсе көбөйтүп 30 млн долларга көбөйттүк. Ошондой эле он млн доллар биздин балдар үчүн онкологиялык борборго берилет. Андан сырткары, АМЕК деген абройлуу эл аралык уюмдун корутундусу боюнча “Центерра” кеткенден кийин калыбына келтирүү иштерине 69 млн доллар керек болот. Булар ошого да макул болуп жатат”,-деген вице-премьер-министр.

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү өндүрүштүк процесстин таасири алдында калып, көп бөлүгү эрип же талкаланып жок болуп баратканына көп болду. Анткени көп жылдар бою анын үстүнө өндүрүштүк калдыктар төгүлө берип, экологиялык тийиштүү көзөмөл болгон эмес.

2011-2012-жылдарда Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссия канадалык компанияны дал ушул мөңгүлөрдү жок кылып жатканы үчүн экологиялык ири зыян алып келди деп айыптаган. Кийин Кыргызстандын тийиштүү органдары Центерраны экологиялык зыян үчүн көп миллиондогон сотко берген.

“Центерра” соттошуп, өкмөттүн экологиялык доосун кабыл алган эмес. Көп айлап жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ушул жылы сентябрда Кыргыз өкмөтү экологиялык доолордон баш тарткан. “Центерра” өз кезегинде экологиялык төлөмдөрдү он эсе көбөйтүүгө, Ысык-Көлдүн айланасындагы экологияны коргоого 50 млн АКШ долларын бөлүүгө макул болгон.

“Жоопкерчиликтен куткаруу оюну”

Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссиянын курамында иштеген эколог адис Динара Кутманованын айтымында, өкмөттүн аракети “Центерранын” кылмыштуу иштерин мыйзамдаштырып бергенге жатат:

“Мөңгүлөрдүн үстүнө топурактарды, таштандыларды төгүшкөн. Экинчиден, карьерде жардыруу жасашканда Давыдой менен лысыйдан башка мөңгүлөргө да чаңдар барып жабышып атпайбы. Ошондон дагы зыян келип жатат. Бийликтер мыйзам бузууларга көз жумуп койгонунун айынан Давыдов мөңгүсү жок болуп барат. Эми жоопкерчиликке тарталы десе, биздин мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, тигилерди жоопкерчиликтен чыгарып кеткен жатышат. Бул оюн төрт жылдан бери болуп жатпайбы”.

“Кумтөрдө” мөңгүлөрдү көчүрүп туруп кен казууга Жогорку Кеңеште биринчи кезекте “Ата Мекен” фракциясы катуу каршы болуп келген. Ошондуктан мурдакы чакырылыштагы парламентте бул мыйзам долбоору өтпөй келген. Жогорку Кеңеште оппозициялык фракциялардын алсырашына алып келген бир топ саясий окуялардан кийин бул маселени парламенттен өткөрүү азыр жеңилдеп калды деп жатышат. Анткен менен жарандык коом ичинде каршылык күч алганы байкалат.

Булак: “BBC”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *