“Кумтөрдүн” чатагы парламентте кызуу талкууга түштү

17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун укту. Өкмөт башчыга көп суроолор берилди. Сапар Исаков “Кумтөр” келишимин узартуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бул маселеге каршы чыккан «Ата Мекендин» лидери Алмамбет Шыкмаматов: “Биздин өкмөт “Кумтөрдө” экологияга келген зыян боюнча 7 миллиард сом утушу керек эле. Бирок, өкмөт мындан баш тартты. Бул мамлекетке кылган кыянаттык. Сиздин өкмөттүн тушунда биздин өлкө “Центеррадан” алган үлүшү 6 пайызга азайды. Азыркы келишим кыргыз элинин кызыкчылыгын толук колдобойт. Кытайдан чоң насыя аларда жоопкерчиликти чогуу тарталы деп, ал маселени парламентке алып келесиңер да, ал эми «Кумтөр» менен келишимди биз менен макулдашпай өзүңөр чечип койдуңар. Мына ушул жерде эле мандем жатпайбы? «Кумтөр» боюнча коркпой эле саясый чечим кабыл алып, эл аралык сотко берүү керек. Буга чейин «Кумтөр» маселеси боюнча келишимден чыгабыз дегенде, алар кокуйлап чуркап келишкен”,- деп агынан жарылды.

Сапар Исаков 2009-жылкы келишимдин негизинде “Кумтөр” боюнча “Центерра Голд” компаниясын сотко берүүгө болбой турганын мисалдар менен айтты. Ал өз сөзүндө: “Биз “Центерра Голд” компаниясын эл аралык арбитраждык сотко берсек бизде кандай шанстар бар экендиги боюнча бир канча компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул боюнча менде расмий кагаздар бар. Анда биздин дүйнөлүк сотто утуп алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун жана тескерисинче 2 млрд, доллар төлөп калышыбыз мүмкүн экенин так жазып жатып жатат. Ошондуктан биз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек. Учурда “Кумтөр” ишканасында 3 миңге жакын кыргыз жараны иштеп жатат. Ошондой эле “Кумтөр” өлкө бюджетине түздөн-түз таасир тийгизет. «Кумтөрдүн» инфраструктурасына эң башынан бери 1 млрд доллардан ашык инвеститция келди”,- деп баса белгилегени менен Шыкмаматов 2009-жылкы келишимде өкмөт сотко бере албастыгы боюнча эч бир жерде жазылбаганын айтып, кеч болуп кала электе бул маселе ишке ашышы керек деген оюн ортого салды. Ошондой эле ал биздин Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра» Монголияда да алтын казып жатканын, монголдор эч нерседен коркпой эле, саясый чечим кабыл алып, улуттун кызыкчылыгында иштетип жатканын мисалга тартты.

Булак: “Багыт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *