Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун мурунку төрагасы: «БШК Келдибековду Конституциянын, Эл аралык Конвенциянын талаптары боюнча  талапкер кылып катташы керек болчу»

— Курманбек Эргешович, сиз сот тармагында бардык тепкичтерди басып өткөн дасыккан адис экениңизди эч ким тана албайт. БШК президенттик шайлоого талапкер болуп бараткан Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин каттоодон баш тарткан чечимди кабыл алды. Бул чечим юридикалык жактан канчалык деңгээлде мыйзамдуу болду?

— Бизде “Кыргыз Республикасынын депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө” бир мыйзам, ал эми Союздан тараган өлкөлөрдө башка-башка мыйзам кабыл алынган. Мисалы, Россияда президентти жана Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдар өз-өзүнчө. Ал мыйзамдар федералдык деп аталат. Бизде болсо Конституциялык мыйзам. Ошол мыйзамда “Соттуулугу жоюла элек же алына элек адам президенттикке шайлана албайт” деп жазып койгон. БШКнын мүчөлөрү, жумушчу тобу Ахматбек Келдибековго тергөөдө коюлган айыптардын баарын тизмектеп, коррупция боюнча айып коюлган, 304-берененин 4-бөлүмү менен соттолгон деп токтомдоруна жазып алышыптыр. Мен бүгүн дагы радиодон “Коррупциянын номур биринчи символу болгон Ахматбек Келдибеков БШКдан талапкер болуп катталбай калып, шайлоого болгон мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды” деп берген маалыматты уктум. Ушул сыяктуу маалыматтар менен элге «Келдибеков коррупционер» деген сөздү сиңиргенге аракет көрүп жатышат. Келдибеков коррупция беренеси менен соттолгон эмес. 304-берене болсо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу. Бул кылмыш иши да шектүү болуп жатпайбы. Келдибеков парламенттин төрагасы болуп турганда Москвага парламенттин өкүлчүлүгүн ачып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген кине коюлган. Кызматта турган адам кол алдындагылардын үстүнөн кызматтык абалын пайдалануу үчүн анда административдик, эмгектик, социалдык, укуктук негизде рычагы болушу керек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы деген төрдө олтуруп жыйынды алып барганга төрагалык кылат. Бир дагы депутатты сен деп айтууга, административдик чараларды колдонгонго укугу жок. Депутаттар менен эле тең укуктуу. 2002-жылы баардык КМШ өлкөлөрү чогулуп, Молдованын борбору Кишинёв шаарында 7-октябрь күнү Конвенция кабыл алышкан. Ал Конвенция “Шайлоолордун жана жарандардын шайлоого болгон укуктары, эркиндиктеринин демократиялык стандарттары” деп аталат. Ага биринчи президент Аскар Акаев кол койгон. 2003-жылы 3-августта Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйыны ошол Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамды эл өкүлдөр жыйыны жактыргандан кийин мыйзамга президент кол койгон. Мындан сырткары азыркы кезге чейин иштеп жаткан Санкт-Петербургда Парламенттер аралык Ассамблея бар. Мен ошол Ассамблеянын укук комитетинде иштегенмин. КМШ өлкөлөрүнүн баарына улуттук мыйзамдарды шайлоолордун демократиялык стандарттары боюнча кабыл алынган Конвенцияга шайкеш келтирип ылайыктагыла деген сунушту жөнөткөн. Биздин өлкө ошол сунушту дагы кабыл алган. Бул Конвенция асмандан түшүп калган жок. Бүткүл дүйнөлүк адам укугу боюнча декларацияга, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө кабыл алынган дүйнөлүк ПАКка негизделип иштелип чыккан. Сөз болуп жаткан Конвенцияда “КМШ мамлекеттеринин баарысы тең ушул Конвенцияда жазылган принциптерди, шарттарды аткарууга милдеттүү” деп жазылып турат. Ошол Конвенцияда ким президент болуп шайлана албайт деген нормада “Сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган адам, соттун өкүмү менен эркинен ажыратылып, жазасын эркинен ажыратылган жерлерде өтүп жаткан адам президент болуп шайлана албайт” деп каралган. Биринчилерден болуп Россия өзүнүн улуттук мыйзамдарын Конвенцияга шайкеш келтирген. Россиянын мыйзамдарында ар кандай кылмыш кылып соттолгон адам шайлоого бара албайт деген норма жок. Оор кылмыш, өзгөчө оор кылмыш жана экстремисттик кылмыштарды жасаган, соттун өкүмү менен камакта жаткан адамдар гана шайлоого бара албайт. Соттуулугу жоюла же алынып салына элек адамдар президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло алат.

— Россияда соттолуп, соттуулугу алынып салына элек же жоюлбаган саясатчы шайлоолордо талапкер болуп катталган мисал барбы?

— Мисалы, орустарда Навальный деген белгилүү оппозиционер саясатчыны билесиңер. Навальный боюнча соттордун 3-4 чечими бар. Бир чечим Конституциялык сот тарабынан чыгарылган. Навальный бир топ жолу соттолгон, бирок оор же өзгөчө оор кылмыш менен эмес, эркинен ажыратылбаган, ошон үчүн депутаттыкка да, президенттикке да талапкер боло алат деген чечим бар.

— Эл аралык Конвенция боюнча Ахматбек Келдибековду БШК президенттик шайлоого талапкер кылып каттаганга милдеттүү беле?

— БШК Ахматбек Келдибековду Эл аралык Конвенциянын, өзүбүздүн Конституциябыздын талаптары боюнча да талапкер кылып катташ керек болчу. Конституциябызда бир беренеде 4 талап көрсөтүлгөн. Дагы башка беренеде бир талап бар. Кыргыз Республикасынын президенти болуп Кыргызстандын жараны жашы 35 жаштан кем эмес 70 жаштан жогору болбогон адам шайлана алат. Кыргыз тилин билүүсү керек. Мындан сырткары жалпы жонунан Кыргызстанда 15 жыл жашаган адам болуусу зарыл. Бул 62-беренеде көрсөтүлгөн талаптар. Дагы бир беренедеги талап боюнча талапкерди колдогон 30 миңден кем эмес кол чогултуш керек. Конституциядагы нормалар ушулар гана. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча миллион сом күрөө коюш керек. Ушунун өзү Конституциянын чегинен чыккандык. Эл аралык мыйзамдардын бирөөсүндө дагы миллион сом же доллар, рубль күрөө коюш керек деген норма жок. “Жалпы коомчулук тааныган Конвенциялар Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс жана иштеп жаткан бөлүгү болуп эсептелет” деп Конституцияда жазылып турат. БШКда токтомду даярдап келчү жумушчу тобу бар экен. Ахматбек Келдибековдун өкүлү катары ошол жумушчу топтун жыйынына өзүм дагы катыштым. Жумушчу топто дагы, БШКнын мүчөлөрү өткөргөн жыйында дагы, чечимди окуган кезде дагы Эл аралык Конвенциялар жана алардын Конституциялык байланыштары жөнүндө бир сааттан ашык сүйлөсөм, бирөөсү ооз ачып койгонго жарабады. Жок дегенде элди ишендирүү үчүн “Сиздин айтканыңыз туура эмес, биздин өзүбүздүн мыйзам бар, ошону жетекчиликке алып жатабыз, Эл аралык Конвенцияны жетекчиликке алууга милдеттүү эмеспиз” деп коюшса болмок да. Төрайымы баш болуп үн катпай олтуруп беришти.

— БШК Келдибековду кылмыш-жаза кодексиндеги беренени негиз кылып талапкер катары каттабады. Кылмыш-жаза кодексинде айып пул төлөсүн деген соттун өкүмү чыккан адам шайлануу эркинен ажыратылат деген норма барбы?

— Андай норма жок. БШКнын төрайымы Шайлдабекова “Эркинен ажыратуу Ахматбек Келдибековго айып пул менен алмашылган да” дейт. Мына, БШКнын төрайымынын укуктук деңгээли. Мен ордумдан туруп “Сиз туура эмес айтып жатасыз. Айып пул менен кандайдыр бир жазаны алмаштырган эмес. Айып пул деген негизги жаза катары колдонулган” деп түзөсөм чычалады. Мыйзамда кылмыштын оордугуна, белгиленген жазага жараша соттуулугунун жоюлуу мөөнөттөрү коюлган. Эң кызыгы БШК “Ахматбек Келдибековго 31-августка чейин соттуулугу алынып салынгандыгы тууралуу далилдерди БШКга алып келсин” деп кат жолдоптур. Бул боюнча Келдибековдун өкүлү катары “Кечээ эле операция болуп чыккан адамды бул операция болгон эмес деген справка алып кел деген менен барабар болуп жатпайбы” деп айттым. Жумушчу тобунда болсо “Ушул мыйзамдарды талкуулоо үчүн кимге кайрылабыз?” деп олтурушат. БШК укук колдонуучу, өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды, мыйзамдын конкреттүү нормаларын, Конституциянын нормаларын колдонгон орган. Чыгарган чечимдери мыйзамдын чегинде, негиздүү болушу керек. Жөнөкөй алфавит сыяктууну билбей туруп укук колдонуучу органдар, анын ичинде БШК сабаттуу, негиздүү, мыйзамдуу чечим чыгарышы кыйын.

— Конституциянын талаптары, Эл аралык Конвенциянын нормалары боюнча Келдибеков талапкер болуп катталууга толук укуктуу болсо, БШКнын чечими укуктук эмес, саясий чечим болдубу?

— Келдибеков шайлоодо татыктуу атаандаштыкты жаратчу саясатчылардын бири экени талашсыз. Ошондуктан ага эптеп бир нерсе таап, буттан чалыш керек болду. БШК укуктук чечим кабыл алганга окшоштурабыз деп аракет кылганы менен ал аракети окшошпой калды.

— Курманбек Эргешович, сиз Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө беришкен деп Ташиев менен Бекназаровдун үнүнө окшогон аудио жазуу тууралуу өз пикириңизди билдирип, аларды камаш керек деп айтканыңыз маалымат каражаттарына чыкты эле. Ал аудио жазуу ошол эки адамдын сүйлөшүүсү экенин далилдебей туруп камаш керек деген тыянакка кантип келдиңиз? Бул юридикалык маселелерди ийне-жибине чейин билген адамдын пикири эмес го?

— Мен эч нерсе далилденбей туруп бир адамды камаш керек деп айтчу акылсыз адам эмесмин. Журналист мага телефон чалып “Белгилүү юрист, Жогорку Сотту жетектеген адам катары ушул маселе боюнча оюңуз кандай?” деп сураган. Мен сотто жалган көрсөтмө бергени үчүн мыйзамдарда жарандардын жоопкерчилиги каралган, Бекназаров менен Ташиевдин аудио жазуудагы сүйлөшүүсү тууралуу эч нерсе деп айта албайм, жалган көрсөтмө болгонбу же жокпу далилдеш керек деп айткам. Ташиев же Бекназаров камалсын деген сөздөрдү айткан эмесмин. Ташиев менен Бекназаров камалышы керек деп Курманбек Осмонов айткан деп менин айтканымды аудио же видео жазуусу болсо далилдеп коюп берсе бир жөн. Текебаевдин иши боюнча дагы Курманбек Осмонов Текебаевге жаза мөөнөтүн төмөн берип койду деп айтты дедиртип жарыялашып жиберишиптир. “Текебаев укуктук негиз менен соттолдубу же саясат болдубу?” дешип сурашкан. Мен адис катары кылмыш иштин ичине сүңгүп кирип, окуп чыкмайынча ак же көк деп айта албайм, антип айтышка менин укугум да жок деп жооп бергем. “8 жыл азбы же көппү?” деп сураган, эгер 303-берене менен соттогон болсо, анда каралган жазадан кыйла төмөн деп айткам. Анткени, ошол берене боюнча 12 жылдан 20 жылга чейин деп каралган. Текебаевге жаза мөөнөтүн төмөн берип койду дегеним жок. Журналисттер өзүнө ылайыктуу кылып менин сөзүмдү бурмалап алышыптыр.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *