Курманбек Жороев, КР эмгек сиңирген юристи, жогорку категориядагы судья: «Сотторго чечимди кабыл алып жатканда эч кимден коркпой турган эрк керек»

— Курманбек агай, сот тармагында «Устат» долбоорун пилоттук түрдө киргизип жатабыз деп айттыңыз эле. Ошол долбоор эмне болуп жатат?

— “Устат” долбоорун Ош шаардык сотунда, Чүй облусу боюнча Аламүдүн райондук сотунда, Бишкек шаарында Свердлов райондук сотунда пилоттук түрдө жүргүзүп көрдүк. 70 пайызга чейин соттор алмашып, сот тармагында тажрыйбасы жоктор дайындалды деген кептер айтылып жүрбөйбү. Ошол сотторго кеңеш берип, туура багыт көрсөтүү максатында IDLOнун каржылоосу менен Жогорку Сот “Устат” долбоорун уюштурган болчу. Устат болгон тажрыйбалуу сотторго экиден соттторду бекитип берип, биз өзүбүзгө бөлүнгөн аймакта эки сот менен иш алып бардык. Иш жөнүндө эки ай сайын жазуу түрүндө отчёт берип аттык. 6 айлык мөөнөтүбүз 2-ноябрь күнү бүткөн. Иштеген ишибизди жыйынтыктоо тууралуу Жогорку Сот тегерек үстөл уюштуруп, 8-декабрга саат тогузга чакырышкан экен. Мен жыйынга авто тыгындын азабанын 15 мүнөттөй кармалып кечигип келсем, жыйын башталып Жогорку Соттун төрайымы А. А. Токбаева өзүнүн сөзүн орус тилинде сүйлөп, шашалып кетип калыптыр. Андан кийин Чүй облустук сотунун төргасы, Соттор кеңешинин төрагасы К. Жунушпаев дагы сөз сүйлөп кетип калыптыр. Жыйынга модераторлук кылып Жогорку Соттун судьясы А. Давлетов алып барып жаткан экен. Орус тилинде жыйын өтүп жатканын көрүп, биз эгемендүү мамлекет болсок, өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз болсо, эмне үчүн ушундай чоң жыйындарыбызда сот системасында адилеттүүлүк болсун деп эне тилибизде сүйлөшпөсөк, кайсыл жерде мамлекеттик тилибизде колдонуп сүйлөйбүз?-деп айттым. Жыйында катышкан башка улуттардын бир да өкүлү жок болчу, жалаң кыргыздар орус тилинде сүйлөп олтурабыз. Тегерек үстөлдү дагы Жогорку Соттун чакан бир бөлмөсүнө уюштурушуптур. Ал жерге дагы “Устат” долбоорун киргизгендердин баарын эмес, кээ бирөөлөрүн гана чакырыптыр. Ошол жыйынга сот тармагынын тажрыйбалуу ардагерлерин, сот системасында кадыр-баркка ээ болгон судьяларды, жаңыдан биринчи жолу сот болуп дайындалгандардын баарын чакырып, жыйынды кенен өткөрүп, ар биринин ой-пикирин угуп, андан соң бир жыйынга келсек жакшы болмок. Ал жерде мындан ары кандай иш алып барабыз, устаттык керекпи же жокпу, ушул институтту киргизүү туура болобу же туура болбойбу деген маанидеги сөз талкуу болду. Ким сөз сүйлөбөсүн, баары бул институт керек деп чыгышты. Жаңыдан дайындалган соттор “Бул институт керек экен. Биз көптөгөн ар тараптуу тажрыйбага ээ болот экенбиз. Устаттыкты мындан кийин да улантсак жакшы болмок” деп сөз сүйлөштү. Сот болуп жаңыдан дайындалгандардын арасында сот системасында мурда иштебеген, ички иштер тармагында, юридикалык компанияларда же адвокат, прокурор болуп башка системаларда иштегендер, соттук процесске такыр катышпаган илим багытындагы юристтер да бар. Булар судья болуп иш башташкандан кийин парашют менен сазга таштап койгон десант сыяктуу эле болуп калышкан. Ар кимиси өзүнүн ккылынын, тажрыйбасынын жетишинче эле иш алып барышкан. Аларга кабинет, жардамчы, катчы берген дагы, иштей бер дегендей мамиле жасалгандыгы байкалат. Кээ бирөөлөрүнүн жардамчылары, катчысы мурун сот тармагында иштеген болсо, ошолордон кеңеш алып иштеген соттор дагы болуптур. Соттук иштерди дайындаганда аны толук окуп, таанышып албай, иш менен даярданбай, тартип менен дайындабай эле, жазык иш боюнча тергөө учурунда 100 киши суралган болсо, анын баарын бир күнгө чакырып алып, чакырылгандардын кимисинин көрсөтмөлөрү маанилүү экенин билбей, ошондон улам да сотторго болгон нааразычылыктар жаралганына себеп болгон окуялар болгон.

— Сиз сот системасында иштебегендер дайындалып келип калган деп айтып жатпайсызбы. Алар коррупциялык жол менен дайындалып келишти да?

— Сот системасы эле эмес, соттун иши жөнүндө толук түшүнүгү жок адамдар дайындалып калган. Алар кандай жол менен кантип келгенин билбейм.

— Сотторду тандоо кеңеши бар эмеспи. Таза тандоо болгон болсо тажрыйбасы бар, билим деңгээли күчтүүлөр тандалат болчу да?

— Сотторду кимдер тандап жатты? Алгач сотторду тандагандардын өздөрүн алгач электен өткөрүп тандаш керек эле. Ар бир партиянын 2–3дөн өкүлдөрү, ошол партияга жан тартып жүргөн, кызыкчылыгын көздөгөн, соттун иши менен түшүнүгү жок кишилер келип калгандыктан маселе келип чыгып атпайбы. Баарын эле жөндөмсүз, кудурети жетпейт деген сөздөн алысмын. Арасында татыктуулары, мурун сот тармагында иштегендер дагы бар.

— “Устат” долбоорун мындан ары уланта турган болдуңарбы же токтой турган болдубу?

— Балабакчада тарбиячы баланын тилин таап, аны менен сүйлөшүп, анын мүнөзүнө жараша мамиле жасап тарбия бериши керек болот эмеспи. Жаңыдан дайындалган сотторго насаат менен жардам берүүдө балабакчадагыдай дагы мамиле жасалбай калыптыр. Ошондуктан, башында көптөгөн катачылыктар кеткен. Бүтүндөй өлкөнү алып караганда соттук чечимдер, аныктамалар, токтомдор, өкүмдөр, соттук акттылар бузулган учурлар болуптур. Ошондуктан насаатчы, устат жаңы дайындалган сотторго абдан керек. Бирок, бул долбоорду каржылагандар мындан ары да каржылайбы белгисиз. Буга өзүбүздүн мамлекет кызыгышы керек. Эгер сот тармагын толук кандуу реформа кыла турган болсок, ушул кезге чейин топтолуп келген тажрыйбанын баарын пайдаланып, устаттык институтту улантуу керек экенине толук ишендик. Сот отурумун алып баруу деле өзүнчө искусство. Ал жерде башкы дрижер сот болот. Соттук отурумду ачкандан баштап аягына чейин абдан кылдат карап, иш боюнча катышкан тараптарга шек санай турган башка ойго жеткирбей, өзү чечим ала турган болушу керек.

— Соттук ишти мыйзам чегинде алып бара албаган соттор аз эмес. Алар элдин сотторго болгон ишенимин жоготуп жатат. Ошондой сотторду устат болгондор ушул сот иштей албай жатат, кызматтан алса болот деген пикир бере алабы?

— Андай соттор бар экени көрүнүп эле турат. Устаттар сен айткан пикирди айта алат. Пикир бергени менен ал пикирди ким текшерип чыгарын бир Кудай билет. Устат жаңыдан ишин баштап жаткан соттордун соттук отурумдарына катышып, кетирген каталарын, мыйзамды бузган жерлерин айтып, кемчиликтерин толуктап, бул жерин мындай кылсаң болмок деп, өзү менен маек жүргүзөт. Устаттыктын негизги максаты сотторду тарбиялоо, жол көрсөтүү болуп саналат. Биз соттор караган баардык иштерин окуп чыгып, ар бир иш боюнча өзүбүздүн оюбузду, пикирибизди айттык. Ишти карап жатканда анын аракети кайсыл мыйзамга туура келет, кайсыл мыйзамга туура келбей турганына чейин көңүл бурдук. Мисалы, жазык иш боюнча боло турган болсо кайсыл статьянын нормаларын бузганын айтып, мындай жоопкерчиликке тартылса туура болмок деп жол көрсөтүп, насаатыбызды айттык. Кээ бир соттук отурумга катышкан адвокаттар жүйөөсүз шылтоолорду айтып, ишти жылдырган учурлар болот. Аларга соттор тарабынан эч кандай чара көрүлбөйт экен. Кээ бир прокурорлор соттук отурумга келсе келип, келбесе телефон аркылуу “мен ооруп аттым эле” деп, эч кандай тактаган документи жок эле келбей коёт экен. Сот иш келип түшкөндө же жарандар доо арыз менен кайрылган күндөн баштап баарын бир рамкага салып, ишти бир багытта алып кете тургандай кылып пландаштырып, даярдап алышы керек. Соттук процесс эки тараптын жарышы. Алардын укуктарын эч ким буза албайт. Сот алардын баарына бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берип, бирине артыкчылык бербей, алардын айткандарын ийне-жибине чейин протоколго жазып түшүрүп, протокол менен чыгарган чечим дал келе тургандай болууга тийиш. Мына ошондо гана соттук процесс туура жүргөн болот.

— Сиз эки судьяга устат болуптурсуз. Сиздин кеңешиңизден кийин эки судьянын ишинде өзгөрүү болдубу?

— Менин карамагымда жаңыдан дайындалган соттор Ж. Сабырова менен С. Чотонов болду. Өзүм эки судьянын өзгөргөнү тууралуу сөз кылсам туура болбой калса керек. Бирок, ошол жерде соттук отурумдарга катышкан прокурор, адвокаттар менен танапис учурунда сүйлөшүп калып жаттым. Ошолор “устаттык киргенден бери судьялардын жүрүм-туруму, ишке болгон мамилеси, чыгарган чечимдери орчундуу болуп өзгөрдү” деп айтышты. Ушундан кийин “Устат” долбоору натыйжасын берди деп ойлоп жатам. Кээ бир жаңыдан дайындалган соттордун арасында соттук материал менен административдик материалдын, жазык иштин айырмасын билбегендери да бар экендиги байкалат. Биз көпчүлүгү менен сүйлөшүп да көрдүк. Кээ бирөөлөрүнүн мен деген сотмун, коомго өзүм өрнөк болушум керек эле деп жүрүм-турумун оңдоп, өзүн тартипке чакырганы байкалбайт. Ишке жинсы шым кийип келгендери да бар. Жогорку кызматта иштеген чиновник же карапайым жаран болобу, сот келатканда “Сот келатат” деп мамилеси өзгөрүп, сезиши керек. Азыр соттун кийип жүргөн формасын көргөндөр аны тоготуп да койбойт. Сот өзүнүн ишине туура мамиле кылганда элдин сотко болгон мамилеси өзгөрөт, ишеними пайда болот. Жөнөкөй жарандар өз укук, милдеттерин билүүгө аракеттенет. Маселен, жөнөкөй жаран болбогон эле маселе боюнча юридикалык кеңеш алам деп юристтерди издеп жүрөт. Кеңеш берген кишилер ошол адамдан акча алып жатпайбы. Адамдар укук-милдеттерин билбегени үчүн акча төлөөгө мажбур болууда. Кээ бир адвокаттар мактанышып, “Биз соттук процессти утуп алдык” дешет. Алар соттук процессти утуп алган жок. Сот процессти туура багытта алып барып, мыйзамды туура колдонду. Ал эч кимди уккан жок, өзүнүн тажрыйбасына таянып, мыйзам менен Конституциянын негизинде гана жыйынтык чыгарды. Доогер менен анын адвокаты өзүлөрүнүн туура экендигин далилдеген фактыларын алып келип, кимдерди сураш керек экенин көрсөтүп же болбосо экспертиза өткөзүү керек болсо аны өткөзүү керек экенин келтириши шарт. Айыптоочу тарап тиги тарапка койгон айыбын далилдеген фактыларын толук алып келе албаса, айыпталуучуну акташ керек.

— “Устат” долбоорун үч гана сотто сыноодон өткөрдүңөр. Бул долбоор мындан кийин да иштей турган болсо жалпы өлкөгө жайылтыш керекпи?

— Ушул тажрыйбаны мындан кийин баардык региондорго сөзсүз түрдө таратыш керек деп ойлойм. Сотторго чечимди кабыл алып жатканда эч кимден коркпой турган эрк керек. Ал коркпош керек. Мен Свердлов районундук сотунда болдум. Соттор өз убагында ишке келип жатабы, канча ишти карады, иштин мөөнөттөрү бузулбадыбы дегенге ошол жердин жетекчисинин иши деле жок экен. Кызыгып да койгон жок. Устат келип жатабы, балдарга кандай кеңеш берди дегенге жараган жок. Башка судьялардан деле кызыгып, бул учурда кандай болот эле, силердин учуруңуздарда бийлик тарабынан кийлигишкен учурлар болгонбу деп сурагандар болбоду. Соттук процессти алып бара албай, өзүн жаман абалга алып келген судьялар деле бар экен. Мага тийешеси жок судьялардын дагы процессине кирип көз жүгүртүп көрдүм.

— Сиз жаңы президенттин бир тууган агасы Искендер Шарипов менен университетте чогуу окуган экенсиз. Ал киши кандай жөндөмү менен айырмаланып турчу?

— Жаңы президент Сооронбай Шарипович мен билгенден оор-басырыктуу, салмактуу, бир маселени чечерде шашпаган, өзүм билемдикке салып чечип койбой, тажрыйбасы бар кишилер менен кеңешип, алардын ой-пикирин билип, таразалап чечкен жигит. Өзү дагы ток, аттуу-баштуу жердин баласы. Булардын үй-бүлөсүн да жакшы билем. 7 уул, 5 кыз. Искендер уулдардын үчүнчүсү эле. Биз менен университетте бирге окуган. Узун бойлуу, шайыр, салмагы оор болсо да өзүн жеңил сезген шамдагай, тил табыша билген, адамга жасаган мамилеси да жакшы болчу. Өзү да спорттун дзюдо түрү менен машыгып, Кыргызстандын биринчилигине гана эмес, Союздун биринчилигине да катышып келген. Ал кез Союздун маалы болчу да. Дзюдо жаңыдан эле Совет өлкөлөрүнө тараган учур болчу. Искендер А. Юнусов, К. Касмалиев, Лавринсов менен күрөшүп жүргөн жигит эле. Окууну да жакшы окуп бүттү. Ал кинолорго тартылып, ролдорду да жаратты. “Первый” деген тасмада Жумадылов биринчи катчы болуп, Искендер Шарипов айыл чарба башкармалыгынын мүдүрү болуп аткарган. Искендерде уюштуруучулук, көрөгөчтүк, лидерлик сапат дагы бар болчу. Окууну бүткөндөн кийин прокуратура системасында иштеп калды. Ишин Нарын аймагынан баштаган. Андан кийин Жалал-Абад, Ош тарапка барды. 1992-жылы декабрдын аяк ченинде Искендерди шум ажал арабыздан алып кетти. Анын сүйкүмдүү элеси биздин жүрөктө ар дайым жаш кезиндегидей сакталып келет. Мен Шарип акенин колунан чай ичип, насааттарын да угуп калдым. Ал кезде Шарип аке Жалал-Абадда керек-жарак тармагында иштеп жүргөн. Искендер Шариповдун жигиттик мамилеси тууралуу бир окуяны айтайын.. Мен 1978-жылы 1-сентябрда үйлөндүм, келинчегимди алып барып Ош аэропортунан жолдош балдар менен самолёттон түшкөндө, Искендер Шарипов аэропорттон тосуп алып, Шарип акенин “ГАЗ-М‑21” үлгүсүндөгү алдында элиги бар машинасы жубайым Дамира экөөбүздү Ноокен районундагы Сакалды айылына чейин алып барган. Азыр Искендердин көзү тирүү болгондо Сооронбайга таянар тоо болмок. Ага юридикалык жактан кеп-кеңешин айтып турмак.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *