Курманжан датканын жаркын элесине арналган күрөш боюнча мелдеш өттү

Ош шаарында Алыш күрөшү боюнча Курманжан датканын жаркын элесине арналган кыз-келиндер арасында эл аралык «Гран-при» мелдеши аяктады. Мелдешке Кыргызстан, Голландия, Өзбекстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Грузия, Болгария жана Сербия мамлекеттеринин балбан кыздары катышты. Күрөш классикалык жана эркин түрүнөн жүргүзүлүп, 55,60,70,75 жана 75 килограммдан жогору салмак чени боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Алсак, классика түрүнөн Шахзода Ергашева- 55 кг (Өзбекстан), Мээрим Момунова – 60 кг (Кыргызстан), Дилафруз Мамаджонова – 65 кг (Өзбекстан), Гулмира Исматова – 70 кг (Өзбекстан), Нино Одзелашвили – 75 кг (Грузия), Туба Уна Светлана – 75тен жогору (Сербия). Эркин түрүнөн Захра Яазданичерати – 55 кг (Иран), Мээрим Момунова – 60 кг (Кыргызстан), Бактияр кызы Нурзат – 65 кг (Кыргызстан), Гулмира Исматова – 70 кг (Өзбексган), Нино Одзелашвили – 75 кг (Грузия), Туба Уна Светлана – 75тен жогору (Сербия).

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *