Күрөш боюнча Азия чемпионаты Каба уулу Кожомкул спорт сарайында  

11 жылдан кийин кайра Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды. 2007-жылы да Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда болуп, анда быйылкыга салыштырмалуу бир аз жупунураак жасалга менен өткөн. Көп эле нерсеси эсимде калыптыр. Азия күрөшүнүн ачылышына саналуу мүнөттөр калып, залдын ичине спецназдын жоокерлери немис овчаркалары менен кирип келип жардыруучу заттарды издешкен. Бул көрүнүштөн чочулаган чет элдик балбандар спорт сарайдан чыга качышкан. Аларды көрүп биз да аябай чочулаганбыз.

Андагы президент Курманбек Бакиевге ФИЛАнын орденин мойнуна тага албай кыйналып-кысталып, эки бети кызарган конокту эстедим. КР спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбеков баардык журналисттерди Кой-Ташка алпарып сый-урмат кылса, чет элдик кесиптештер мыкты салынган конок үйүнө эмес жаратылышка суктанган жайы болгон. Андагы жапон кызы Сачико менин ырдап бергенимди видеого тартып, өз тилинде бирдеме деди. Анысын англисче айтса, Кубан Атабеков иним которуп, “кыргыз жигити жакшы ырдайт экен. Жүрөгүмө чок салып койду. Эми кантем?” деп айтып бир күлдүргөн эле. Ал эми бу жолку Азия чемпионатында кандай кызыктуу окуялар бизди күтүп турат? Улукбек иним да үн катабы?..

Эми Азия чемпионатынан сөз кылалы. Башында айткандай, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайдын мелдешке даярдыгы ойдогудай көрүндү. Мындан артык кыла албайбыз. Жоктон бар кылган өкмөткө ыраазычылык. Өкмөт демекчи, ачылуу аземге өлкөнүн премьер-министри Сапар Исаков келип, “биздин өлкөдө спорттун күрөш түрү абдан популярдуу. Бери дегенде 20 миңден ашуун адам машыгат.

Азия чемпионаты Кыргызстанда өтүп атканы жакшы жышаан жана  биздин мамлекеттин кадыр-баркын дүйнө жүзүнө өйдө көтөрүп койду. Эл аралык карым-катнашты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө түзүп атат. Чет мамлекеттен келген жыйырмадан ашык өлкөнүн спортчуларына ийгилик каалап кетмекчимин” деди. Андан кийин “Биринчиден катышуучуларга, конокторго, мелдешке катышуу үчүн чет мамлекеттен келген досторго алкыш айтып, ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Урматтуу күрөштүн күйөрмандары, алдыдагы алты күндө спортчуларды жандуу колдоого жана келген конокторго меймандостукту көрсөтүүгө чакырам.

Дагы бир жолу бардыгыңыздарды спорттук майрамыңыздар менен куттуктоого жана ошондой эле чың ден соолук, узун өмүр, ачык асман жана үй-бүлөлүк бакыт каалап кетүүгө уруксат этиңиздер” деди мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агентигинин директору Канат Аманкулов.  Келген меймандардын маанайы дурус. Машыгуу залы да мурункуга салыштырмалуу жоктон жогору. Техникалык каражат-жабдыктардан азырынча кынтык табуу кыйын. Баса, Азия мелдешине чет мамлекеттен Афганистан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түштүк жана Түндүк Корея, Монголия, Палестина, Катар, Сирия, Тайбэй, Тажикстан, Таиланд, Түркмөнстан, Өзбекстан, Вьетнам балбандары келгени маалым болду. Албетте, Иран мамлекетинин, Казакстан, Өзбекстан балбандары азууларын кайрап, атаандаштарына оңой-олтоң жеңилип бербеси ырас дейли.

Ошентсе да биздикилер тамаша эмес. Эгер 2007-жылы грек-римден Канат Бегалиев (66 кг.), Данияр Көбөнов (74 кг.), эркин күрөштөн Базар Базаргуруев (60 кг.) жана Алексей Крупняковдор (96 кг.) Азия чемпиону болуп, коло медалга грек-римден Руслан Түмөнбаев (60 кг.), Жанарбек Кенжеев (84 кг), Нурбек Ибрагимов (120 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Яна Пановалар (72 кг) татыган болсо, быйылкы күрөштө биздин балбандардын канчоосу чемпион болуп, канчоосу байгелүү орундарды камсыз кыла алышат азырынча айтуу эртелик кылат. Анткен менен мурдагы күнү мелдеш башталып, алгач күрөш килемине грек-рим балбандары чыгышты. Биринчи күнү биздин грек-рим балбандарынан төртөө байгелүү орундарды камсыздай алды.

Алсак, Жоломан Шаршенбеков (55 кг.) менен Урмат Аматов (63 кг.) күмүш медалды жеңсе, Азат Бейшебеков (87 кг.) менен Мурат Рамонов (130 кг.дан жогору) татыктуу колону багынтышты. Мурат Рамонов ушуну менен жөн калбайт. Эркин күрөш боюнча да мелдешке чыгат. Азияны багынта турган шарты бар. Анүчүн абдан көп аракет кылыш керек. Ал эми кечээ болсо грек-римдин дагы беш балбаны күрөш килемине чыгып, Атабек Азизбеков (84 кг.) менен Акжол Махмудов (72 кг.) финалдык мелдешке чыгышты. Роман Царев (67 кг.) болсо мелдештен ыргыды. Жарым финалдык мелдеште Узур Жузупбеков (97 кг.) атаандашына уттуруп эми коло медаль үчүн күрөшөт. Каныбек Жолчубеков (60 кг.) да коло медаль үчүн ат салышат.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *