Куруучуларды алдаган Замир Эсенаманов менен Самат Таштанбеков саясатты кыйрата алышабы?

Азыркы кыргыз саясаты шылуундардын коргонуучу куралы болуп калгандай. Мына мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов менен Бишкек шаардык кеңештин ушул чакырылышындагы жаш депутат Самат Таштанбековдордун афёралык кыңыр иштери биздин колубузга тийди. Бизге “Монтажник” кичи ишканасынын курулушчулары кайрылышкан. Анда З.Эсенаманов курулушчуларга төлөнүүчү 317 миң сомду азыркыга чейин бербегени аз келгенсип, чоң суммага бааланган курулуш аппаратын, шаймандарын менчиктеп алганы айтылат. Тагырагы, 1994-жылы “Монтажник” кичи ишканасы келишимдин негизинде, Бишкек эт консерва комбинатынын техникаларын, темир конструкцияларын, түтүктөрүн капиталдык оңдоп, монтаж жасашкан. Курулушчулардын акысы болсо ошол кели­шимдин негизинде, бардык иш бүткөн соң төлөнүп берилмек экен. Бирок, карапайым куруучуларга тыйын дагы берилген эмес. Ал эми Замир мырзанын министр болуп тургандагы Атамбаевдин атынан тоо кендеринин лицензиясын текейден арзанга баалап сатып, анын айынан карьерасына
кара көө жабыштырып алганы белгилүү. Ошондой эле белгилүү “банщик” Акбөкөн Таштанбековдун уулу, Бишкек шаардык кеңештин учурдагы жаш депутаттарынын бири Самат Таштанбеков дагы куруучуларды алдап кеткен. Ортодогу өз ара келишимдери боюнча ар бир куруучунун акысы күнүнө 200 сомдон бааланат. Бирок ыгын тапкан айлакер ар кайсы шылтоону айтып, төлөөдөн качып келе жатыптыр. Ал эми уюлдук телефонун таптакыр албас болгон. Ошондой байланыш үзүлүп жүргөн учурда Самат мырза “Кыргызстан” партиясы менен шаардык кеңешке бара жатканы белгилүү болот. Муну БШКга билдирип арыз жазышканы менен эч майнап деле чыкпайт. Тагырагы КР шайлоо жана ре­ферендум өткөрүү боюнча комиссиясы, кандидаттын иш-аракетине юридикалык баа бере албастыгы тууралу кыскача жооп катын жөнөтүшкөн. Кыскасы кийинки чыгарылыштарда бул “шылуундук” маселеси тууралу кененирээк макала жарыялап, иликтеп-жиликтеп берели. Адамдын ак эмгегин жегендин арам тамактары аш болбойт эмеспи, же булардыкы аш боло береби?

Булак: “Ачык саясат”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *