Кушбак Тезекбаев, КСДПнын мүчөсү: «КСДПнын съезди коррупционерлерди коргоо үчүн уюштурулганын көзүм менен көрүп, ишене албай олтурдум»

— Кушбак мырза, сиз КСДП партиясынын мүчөсү, съездге чакырылган делегат экенсиз. Сизди нааразы кылган эң алгачкы кайсыл көрүнүш болду?

— Кыйын, оор учурларда Алмазбек Атамбаевди аябай колдоп жүрдүк. Айрыкча 2010-жылы Оштогу окуяларда эл арасында “Атамбаев алкаш, наркоман” деген сөздөр айтылып, эл бул киши тууралуу уккусу келбей турган учурда, биз бул кишинин жанында туруп, таламын талашып, жакшы сөздөрдү элге жеткизгенбиз. 2011-жылы президент кылып шайлап алган болсок, ошол боюнча бүгүн анын жүзүн трибунадан көрдүм. Биз съезд жабык эшик артында өтүп, журналисттердин, коомдук ишмерлердин, бөлөк партиялардын өкүлдөрү чакырылбаганына башында эле нааразы болгонбуз. Буга чейинки жыйындар оппозициядан, биз иштешип жаткан партиялардын өкүлдөрү чакырылып, ачык эле өтүп жүргөн.

— Съездге КСДП үчүн кыйын кезде туруп берген белдүү партиялаштарыңыз чакырылыптырбы?

— Бул жакка делегат болуш үчүн Ош облустук партиянын жыйынын өткөзгөнбүз. Ош облусу боюнча партиянын координатору Асылбек Жээнбеков. Ошол жыйында 7 райондон экиден делегат барат экен деп, делегаттарды шайлаганбыз. Асылбек Жээнбеков ошол жерде мен дагы съезддин башында турам деген эле. Эртең менен съездге кирсек, КСДПнын түптөлүшүнө зор салым кошкон азаматтарды таппай калдык. КСДПдан эки жолу парламент төрагасы болгон Асылбек Жээнбеков, Ноокат районунда КСДп үчүн башын сайып коюп иштеген Төрөбай Зулпукаров, кечээки парламенттик шайлоодо 45 миң добуш алып берген Искендер Матраимов жок. Алар эч кандай себепсиз эле келишпептир. Алмазбек Атамбаевдин саясатын колдоп, туусун көтөргөн, Сооронбай Шарипович менен ажырымга алып келген гана адамдарды, депутаттарды чакырышыптыр. Асылбек менен жолукканыбызда “Атамбаевди колдоп бергиле, ал киши ушул партияны түптөгөн лидер” деген сөзүн айтып, жакшы ойдо болчу.

 Съезд кандай даярдыкта өттү? Делегаттарды ким көзөмөлдөп жатты?

— Жакында эле президенттик аппарат башчылыгынан кеткен Фарид Ниязов съездди ачып, өзү партиянын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгүн кыска айтты. Кыргыз тилинде жыйын өтүшү катуу талап кылынгандыктан, ал дагы кыргызча сүйлөйм деп аябай эле кыйналды. Бир аксакал “Кыргыз тили үчүн милиарддаган сомду бөлдүк деп айтасыңар. Силердин кагаздарыңардын баары орус тилинде экен. Кыргыз тилинде эмнеге жыйынды алып барбайсыңар?” деп маселени катуу койду эле, Фарид Ниязов ошондо эле өзүн жоготуп, духу түшүп, өчтү. Эптеп эле жыйынды өттү-өттү кылууга шаштысы кеткени байкалып калды. 2005-жылдан бери Атамбаевдин жасаган иштери тууралуу, Датка-Кемин, жаңы салынып жаткан жолду көрсөткөн тасманы көрсөтүштү. Биз да ага макул болуп олтурдук. Атамбаев өзү да ыраазы болгондой болду. Атамбаев доклад жасаганда эле “Мен Сооронбай Шарипович Жээнбеков “Соке досум” президент болгонго чейин, иниңи парламенттен жоготкунуң деп айткам! Азыр агасы президент болсо, иниси депутат болуп олтурса кийин үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кетет…” деп айтып салды. Асылбек Жээнбеков КСДПдан үч жолу парламентке депутат болуп келген жигит. Оор учурда каржысын чечип, добуш алып берген белдүү азаматтардын бири. Биз суроо берсек далили менен жооп берүүдөн качты.

— Атамбаевге суроо бере алдыңарбы?

— Мага чейин суроо берейин деген кишини катуу кагып, сурооңорду кат түрүндө бергиле деди. Мен кат жүзүндө эки суроо бердим. Аны Атамбаев да, Ниязов да окуп туруп, жоопсуз калтырды. Съезд жабык деп аткан учурда тура калып, “Алмазбек Шаршенович, сизди эл колдобой, ыза кылып, жерге түкүрүп, бизди саткынчылар деп жаманатты кылганга карабай, сиздин жаныңызда жүрүп көтөрбөдүк беле! Сиз бизди ага тутундум деп коюп алты жыл куйругуңузду карматпай койдуңуз. Өзүңүзгө эки суроом бар, жооп бериңиз?” десем, “Биз азыр суроолорго жооп бербейбиз. Тамактан кийин Сапар Исаков келип, суроолоруңузга жооп берет” деди. “Биз Сапар Исаков менен мамиле кылбайбыз. Ал Максимдин оң колу болгон. Сиз жооп бересиз!” деп кыйкырсам, “Кушбак Тезекбаевич, мен дүйшөмбү күнү өзүңүздү офистен кабыл алам” дегенге жарады. Сиз доклад жасадыңыз, бул туура доклад болдубу же жокпу деп талкуулабайлыбы? Биз барганда аймактагы элдер жыйын кандай өткөнүн сурайт. Биз келип кол көтөрүп коюп эле келе бердик деп айтабызбы? Мындай болбойт деп маселе койдук эле, ал дагы жоопсуз калды.

— Сиз кандай эки суроону бердиңиз?

— Биринчи суроом, Мискенбаев дегенди “Сооронбай Шарипович туура эмес башкарып жатат” деген сөз айтылганынан кийин “Сооронбай Шарипович 4 ай ичинде кандай катачылыктарды кетирди? Ушунун жообун айтсаңыз биз да элге барып айталы?” деген болду. Экинчиси, “Асылбек Жээнбековдун чакырылбаганына, 100 миң добуш берген Кара-Суу районунан депутат болгон азаматтын жоктугуна эмне деп жооп бересиз?” деген эле. Трибунада туруп алып “Сооронбай Шарипович туура эмес башкарып жатат. Мен аны менен төрт сааттан ашык сүйлөштүм. Катуу айттым, көңүлүн ооруттум, ал киши мага чыдап жатат” деп айтканы эмнеси? Алмазбек Атамбаев өзү өлкөнү туңгуюкка каптап, коңшу Өзбекстан менен алаканы үзгөнү калппы? Казакстан менен бир жолдо бирге баспай турган абалга жеткизип, Түркия менен чогуу олтура албай турган деңгээлге жеткизгенин ким жокко чыгара алат? Өзү Эрдоган менен досмун деп жүрүп, кийин ошол жерде ооруп калганда, түрктөр “Бизге сенин керегиң жок” деп бир укол сайбай койгону тууралуу айтылбады беле. 4 айдын ичинде Сооронбай Шарипович анын каталарын жоюп, алаканы жакшыртып койгону жалганбы? Анан кантип туура эмес башкарып жатат деп айтат? Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуусуна Атамбаев өзү баралбай койбоду беле. Сооронбай Шарипович барганын элибиз жакшы билет. Алыскы-жакынкы президенттерди, сыйлуу конокторду узатып жаткан кезде, Сооронбай Шарипович “Мен Ислам Абдуганиевичтин колунан эки жолу медаль алгам. Ал киши бизге ага болот. Мен мазары бир коңшумун, Европадан келгеним жок. Агасын акыркы сапарга узатып коюп эле баса берген тууганчылыктын үлгүсү эмес” деп жакшы сөз айтканын эч ким уга элек. Өзбекстандын азыркы президенти Шавхат мырза ошол эле жерден 20 мүнөттөй сүйлөшүшөт. Ошонун түшүмүн азыр көрүп жатабыз. Атамбаев болсо өзбектер менен мамилени өзү жолго салгансып мактангандай болот. Мен өзүм да Сооронбай Шарипович менен үч жылдай чогуу иштешип калгам. Анын Кудайдан корккону, мамлекеттик мүлктү көздүн карегиндей сактаганы, элдин нанын жебеген нысаптуулугу Атамбаевден кыйла жогору турат. Жээнбеков Атамбаевдин акылына муктаж эмес.

— Атамбаев журналисттерге маалымат жыйыны учурунда: Бишкек ТЭЦи боюнча “Жээнбековдун учурунда тендер өткөрүлгөн. Жээнбековдун өкмөтү жоопкер” деген сөздү айтты. Доклад жасап жатканда дагы ТЭЦ боюнча Жээнбековду күнөөлөбөдүбү?

— Атамбаев ТЭЦ жөнүндө сөз кылып, “Эгерде Токтогул ГЭСи иштебей калган кезде дагы түндүккө электр энергиясын бере тургандай болуп ТЭЦ жакшы ремонттон өттү. Бирок, коротулган акчага Сооронбай Шарипович жооп бериши керек. Ушул киши премьер-министр болуп турганда ушул иш болду” деди. Алмазбек Атамбаевдин айткандары суу кечпей калды. ТЭЦти ремонттойбуз деп кимдин тушунда бир кычкачты 600 долларга чыгарганын эл жакшы билет. Съезддин шашылыш өтүшү да Сооронбай Жээнбековго, иниси Асылбекке асылып жатканы, ТЭЦтин былыктары, түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы чырлуу иштер ачылбасын, мен КСДП менен силерге ишеним көрсөтпөй басым кылам деген максаты бар экенин түшүндүк. Атамбаевдин оозунан чыккан сөздөрдү угуп, олтурган жерибизде тообо деп жакабызды кармадык. Мен Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарды, Кыргыз Республикасынын Баатыры болду, аксакал болуп баарын биримдикке чакырат болуш керек деген жакшы ойдо келгем. Бирок, Ф.Ниязов менен А.Атамбаев партиянын съездин С.Жээнбековго чабуул жасоо үчүн уюштурганы байкалды.

— Президент Жээнбековдун дарегине силерди тообо дегизгидей эмне деген сөздөрдү айтты?

— “Сооронбай Жээнбеков биринчи күндөн баштап ээрге туура эмес олтурду. Ал Акаев менен Бакиевдей болуп өлкөнү таштап качып кетпеши үчүн мен катуу айтып жатам. Менин айтканымдан чыкпашы керек. Кыргызстандын эгемендүүлүгүндө ИИМге жакшы министр келбеди эле. Азыркы министр мойнуна кепилдикти алып иштеп жатат” деп жөнү жок эле ИИМ министрин мактап кетти. “Сапар Исаков да анча-мынча катачылыктарга жол берип коюуда. Бул келечекте чыгаан инсан болот. Аны биз колдошубуз керек” деп Исаковду аябай мактады. Мен Сооронбай Шарипович менен иштешип калган адам катары аны жакшы билем. Атамбаевдин айтканы шоона эшпейт. Жээнбеков элдин байлыгын уурдабашына көзүм жетет. Алар үй-бүлөлүк башкарууга барбайт деп ишеним менен айта алам. Бүгүн деле Асылбек Жээнбековду съездге чакырып “Иним, партиянын негизги максаты сенин депутаттык мандатыңды алыш. Агаң президент болуп турганда сенин депутат болуп олтурушуң көп сөздү жаратат. Сен депутат болбой эле биздин позицияны колдоп бер” десе, Асылбек жигит катары макул болот болчу. Базардагы сөздөр менен жамандап убара болбостон. Ошто облустук жыйын өткөзгөндө Асылбек Жээнбековго “Өзүңүз партия уюштурат экенсиз?” деп суроо бердик. “Мен КСДП менен үч жолу депутат болдум, мен ушул партияда кала берем. Мандатымды эч ким талаша албайт” деп айткан.

— Партиянын съезди өткөн жер катуу көзөмөлгө алынып, кээ бир делегаттар да жыйынга кирбей калышыптыр. Сиздерди катуу текшерүүгө алыштыбы?

— “Орион” деген мейманканага барганыбызда эки тарабын күч органдары менен жаап салыптыр. Ошол көчөдөн өткөн адамдар дагы айланып өткөнгө мажбур болушту. “Ориондун” ичинде укмуш кылып сый тамак даярдаптыр. Биз тамагына карабай чыгып баса бердик. Кара курсак көчөдөн деле тоёт да. Биздин маанайыбызды автобуска салып, жыйынга алап баратканда эле бузушкан. Оштон чакырылган делегаттарды “Жаңы тизмеге кирбей калыптырсыңар” деп киргизбей, биз менен чогуу келген 5–6 делегат эшикте калып кетишти. Ошол жигиттер партия түптөлгөндөн бери позициясын өзгөртпөй, ысык-суугуна күйгөндөр болчу. Жыйын бүтүп жатканда күтүүсүздөн тура калып суроо бергенимде, алдыдан бир аял туруп “Сиз эмне үчүн суроо бересиз, укпайсызбы?” деп атырылды. Карындашым, биз ушул партия деп башыбызга таш тийип жүргөн кезде сен кайда элең?- деп кыйкырсам, жаныман, аркаман жыйырмадай бала олтур эле олтур деп ызы-чуу кылды. Алардын бирөөсүн да мурун партияда көргөн эмесмин. Бизди атайын эң акыркы катарга олтургузган экен. Алдыда болгонубузда тике туруп, учурашат элек. Атамбаев жан сакчылары менен кирип, жан сакчылары менен чыгып кетти.

— Партияга Кытайдын компартиясы берген 1 млн сом тууралуу жооп болдубу?

— Менден мурун берилген суроо ошол 1 млн сом тууралуу экен. Атамбаев “Партия түзүлгөн күндөн баштап каржылап турган жалгыз демөөрчүсү менмин. Кайдагы акча?” деп катуу кыйкырды.

— Партия лидери партиянын кийинки максатын ачыктадыбы?

— Атамбаевдин оозунан “Эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоодо 70–80 пайыз добушка ээ болуп, КСДП президентти, өкмөттү башкарып турушу керек. Биз КСДП аркылуу баардык бийлик бутактарын көзөмөлдөп турабыз” деген сөз чыкты. Бүгүнкүдөй болуп мыкты азаматтарыбызды партиянын жыйынына чакырбай, бөлүп жатса, партия кийинки шайлоодо 10 пайыз да добуш ала албайт.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *