Куткаруучулар 22-жаштагы өзүн-өзү өлтүргүсү келген баланы куткарып калышты

Кара-Сууда 22 жаштагы өз өмүрүн кыйгысы келген баланы ӨКМ куткаруучулары сактап калышты. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Шаркан Сай көпүрөсүнөн 1995-жылы туулган бала (И.Т.) өз өмүрүн кыюу максатында сууга атайын секирген.

ӨКМ кызматкерлери ал баланы суудан куткарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда бул ишке баруу үчүн себеп болгон жагдайлар териштирилүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *