Куттубек Ташыбеков, улакчы: “Муз астына түшүп кеткен улакты менден башкалары алып чыгууга даабай коюшкан”

Жума этегинде интернет айдыңында Кутуш аттуу жигиттин муз алдындагы муздак суудан улакты жылаңач денеси менен алып чыккан чакан тасмасы коомчулукту дүң кылды. Азыркыга чейин ушунун айланасында ар кыл кептер айтылууда. Биз окуя болгон жерге барып, каармандын өзүнө жолугуп, дагы эмне деген кептер болуп атканын билип кайттык.

— Куттубек, бир күндүн ичинде эле “жылдыз” болуну ойлодуң беле?

— Антип үч уктасам түшүмө кирген эмес. Түшүмө улак тартып, чоң-чоң байге, анын ичинде машине алып атканым эле кирчү. Эртеси эле “интернеттен көрдүк” деп ага-тууган, жек-жааттар келинчегиме чалып баштады.

— Сөзүңө аралжы, а эмнеге өзүңө чалышпай, келинчегиңе?

— Анткени, телефонум чөнтөктө калып, мени менен сууга кирип улакты кошо алып чыгып, иштебей калып атпайбы. Тааныгандар келинчегиме чалышат да анан.

— Ошол окуяны кыскача айта кетсең?.. Чечинип, шымаланып атканда “суук тийип калат” деген нерсе оюңа келген жокпу?

— Негизи жердин бетин ак кар басканы улак тартмай адатыбыз бар. Ушу чөлкөмдөгү – тиги жагы Дордой базары, бу жагы мал базарда иштегендер болуп. Эки күндүн биринде эле жүзгө жетпеген улакчылар чогулуп тартабыз. Ал күнү кар жаңылап жаап, суу тоңуп калган экен. Кай жер кургак, кай жер муз экени билинбей калыптыр. Улактын фанаттары эч нерсесине карабай музга чейин кирип барып, чети жарылып, улак сууга түшүп кеткен. Жоготуп алган соң “ким табат, ким алып чыгат?” деп калдык. Жанымдагылар бир үн менен “ким таап чыкса бир кой” деп калышты. Карап отурамбы, үстү жагымдагы кийимдерди чечип ийип, муздак сууга кирип кеттим. Жаалап турган эки жүздөй улакчыларга уят болбоюн дедим, экинчиден, а күнү бир да жолу улакка жетпей бир аз ызам ичиме тартып тургам. Бир маалда төшүмө келген муздак сууну жиреп баратсам бутума жумшак бирдеме урунду. “Болду-болбоду улакты таптым” дедим да, кирип эле эки колум мыкчый кармап алып чыктым. Ошо көз ирмемде суунун муздак экени, суук тийип каларын эч ойлонгон эмесмин. Азыр эстеген сайын денем дүркүрөп кетип атат.

Сурат Жылкычиев

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *