Күз ылайым кечигип келсе экен…

Журналисттердин ичинен да “өзгөчө” макамга ээ болгондору бар. Маселен, Жогорку Кеңешти биротоло экинчи “үйүнө” айландырып алгандар да табылат.

Тимеле азыр бир балээ болчудай ээленип алгандар кайсыл депутаттын март экенин, кимиси сараңдана берерин, кайсыл убакта бөлмөсүнө кирсе болорун, кабыл алчу бөлмөдө кекиликтей болуп отурган кыздын сырларын, кимисинин көңүлү кайсыл эл өкүлүнө агылганын, айтор баарын билүүгө кумарланган журналисттер бар. Кээде терс мамиле кылып койгондордун тайнесин таанытып жиберүүдөн да кайра тартышпайт. Эмнеси болсо да ЖКдагы турмуштун чыпчыргасын коротпой чагылдырып тургандарга да калыс баабызды берип койбосок болбостур?

Ошентсе да айрым туура эмес кылык-жоруктарын айгинелеген кесиптештерден да уучубуз кур эмес. Такташтырылбаган маалыматты чубалта салып, ашыкча асылууларды баяндай коюп тил уккандар да болгон. Ал тургай кайсыл журналист жадата бергендиктен качып калганы боюнча да коридорлордон депутаттар бирөөлөргө айтып калышаары да чын. Теңиреңдеп эле тежиктене суроолорду бере бергендерден кантип качпай койот эле? Айрыкча балык ооз депутаттар журналисттерден заңылдап кетүүгө мажбур. Ал эми кептин акесин тааныткан, такшалып калгандар илибой суроолорго жообун берет. Аз күндөн бери парламенттин өкүлдөрү өргүүгө чыгышты. Баягыл эле көндүм болуп калгандарга кыйын болду. Бирок, коомчулукка алардын бары, жогунун мааниси терең дештен алыспыз. Тескерисинче көгүлтүр экрандан тигилерди көрбөй калганына жарандар кубанып жатышат. Күз ылайым эле кечигип келсе экен…

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *