Кыйраган Ту-154түн «кара кутусу» табылды

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, суучулдар жекшембиде Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын бортундагы «кара кутуну» табышты. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады.

“Кара куту” жабыркаган эмес жана ал иликтөөчү борборго жөнөтүлдү. Бул арада дагы үч адамдын денеси табылган. “Интерфакс” болсо экинчи “кара куту” кайсыл жерде экендиги да аныкталганын билдирүүдө.

Мурдараак “Коммерсантъ” басылмасы жеке булактарына таянуу менен окуяга ФСБнын чек ара аскерлигинин жээк кайтаруу кызматкери күбө болгонун жазган. Ал учак өтө жай ылдамдыкта учуп, алдыңкы бөлүгү бир топ жогору көтөрүлүп турганын айткан. Бул маалымат учкуч ката кетирген деген версияны көбүрөөк чындыкка жакындатууда.

Орусиядан Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда кыйраган. Анын бортундагы 92 адамдын баары набыт болгон. Федералдык коопсуздук кызматы терракт версиясын четке кагууда. Мекеме сапатсыз күйүүчү май, учак кыймылдаткычтарынын иштен чыгышы, техникалык мүчүлүштүк жана учкучтардын катасы кырсыкка себеп болгон деген божомолду айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *