Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип    комиссиясы  жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго  макулдук бергендигине  байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан  Жоробекова Айнагүл Мамаюсуповна  Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *