Кылымдарды карыткан уйгур эли

Өзүнүү нечен кылымдаган тарыхы бар, түрк тилдүү, каада-салты, үрп адаты өзгөчө болгон угур элинин көбү Кытай жердеп келишкени менен биздин көп улуттуу өлкөбүздө да уйгур улуту кылымдап биз менен чогуу ынтымакта жашап келишет. Уйгур элинин Кыргызстандагы “Иттипак” коому өлкөбүздө болгон кандай гана коомдук жана маданий иш-чаралар болбосун активдүү катышып, майрамдарды биз менен чогуу майрамдап келишет. Жакында эле 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүп, Кыргызстандын желегин желбиретип, намысын коргоп, өз салымдарын кошуп келген инсандарына ыраазычылык билдирип, коомдун сыйлыктары менен сыйлашты. КРнын Эл артисти, уйгур элинин уулу Султан Каримов коомдук-маданий иш -чараларды уюштуруп, катышкандыгы учун аталган коомдон “Ыраазычылык баракчасын” алды.

Аталган коомдун төрагасы Хаджиев Артык Абдрахманович менен маек курганыбызда, уйгур эли туурасында буларды айтып берди.

—Артык Абдрахманович, учурда Кыргызстанда канча уйгур жашайт?

—Учурда Кыргызстанда официалдуу түрдө уйгурлардын саны 60 миң деп улуттук статистика көрсөтүүдө. Уйгурлар Кыргызстанда кандай тармак болбосун өздөрүнүн колдон келген аракетин кылып келүүдө. Саясат, илим-билим, экономика, спорт же социалдык маселелер болобу, ар бир жерде өздөрүнүн кичине болсо да салымын кошуп жатышат. Албетте, баарыбыз кыргыз жараны болгондон кийин Кыргызстаныбыздын гүлдөшү үчүн бир эле уйгур эли эмес, Кыргызстанда жашаган ар бир адам кичине болсо да салым кошушу керек деп ойлойм. Академик профессорлорубуз, спортчуларыбыз кулак сүйүнтөөрлүк иштерди жасап, Кыргызстандын байрагын желбиретип, дүйнө жүзүнө таанытууда.

—2018-жылы сиздердин коом кандай иш -чараларды жүргүзө алдыңыздар?

—Кудайга шүгүр көп эле коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Акыркы эле иш-чараларга токтолсом, жакында эле Жалал-Абад шаарына, Ош облусуна барып Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрдүк. Иш-чаранын негизинде жазуучу жана анын баа жеткис чыгармалары туурасында докладдар окулуп, жазуучунун чыгармаларынын негизинде атайын сахналаштырылган сценкалар аткарылып, драматургдар келип Чыңгыз Айтматов туурасында келечек муунга айтып берип, анын чыгармаларындагы терең философияны чечмелеп, өтө жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Ош шаарында аталган иш- чара өтүп, ал жактагы кыргыз, уйгур дебей бардык улуттар келип иш -чарага катышып, кыргыз адабиятынын алпы, дүйнө элинин жазуучусу болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дагы бир жолу даңазалап, талкуулаганга кенен убакыт болду. Андан кийин аталган иш -чараны Кара-Балта шаарында да өткөрдүк.

Түрк улуттарынын ичинде Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын сыяктуу тарыхый инсандардын мааракелерин, алардын кечелерин өткөрүп турабыз. С.Бабажанов, Т.Миррахимов сыяктуу сүрөтчүлөрүбүздүн да чыгармачылык кечелерин өткөрүүнү четте калтырбайбыз.

Андан сырткары адабият туурасында кеп сала кетсем, 2016-жылы “Кыргызстан уйгурлары” деген китеп чыгардык. Бул китеп 3 тилде жарык көрдү. 2019-жылы “Иттипак” коомунун түзүлгөнүнө туура 30 жыл болот. Ал 30 жылдык мааракебизге дагы бир китеп чыгаралы деп даярдап жатабыз. Китептин автору кыргыз тууганыбыз, профессор, тарыхчы Абылабек Асанканов. 1916-1917-жылдары уйгур эли кандай болгон, андан кийинки Сталиндик репрессия учурунда уйгурлар кандай күн кечиришкен – деген сыяктуу тарыхый фактыларга таянып китеп чыгардык. Деги эле биздин элдин тарыхын мыкты билген тарыхчы гана келечек муунга туура жана так фактылар менен, окурмандын тилинде мыкты жеткире алса керек. Ошондуктан, экинчи китепти дагы профессорго чоң ишеним артуу менен жазып берүүсүн өтүнгөнбүз.

Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улут өзүнүн маданияты аркылуу улутун Кыргызстанга, дегеле дүйнө элине тааныта алат. Ар бир улуттун тарыхын, маданиятын жакшы билүү, улутту сыйлоо, аларды таанып-билүү да өтө чоң иш. Биз маданиятыбыз аркылуу өлкөдө жашап жаткан ар бир улут менен болгон ынтымак-достук мамилебизди күчөтө алабыз. “Иттипак” коому уйгур элинин маданиятын көздөйт. Бирок, маданият менен гана чектелип калбастан, экономика жаатында, спорт ж.б. тармактарда да өз салымыбызды кошуп келебиз.

Төлөбүбү Касымалиева

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *