Кыргыз демократиясынын алгачкы баатырлары

(Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев)

СССР доорунда, айрыкча анын Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки тарыхында, Кыргызстанда Россия, Украина, Балтика боюндагы жана Кавказ республикалары сыяктанып саясий оппозиция же диссиденттик кыймыл болбогону маалым. Ырас, Октябрь революциясынан кийин Совет бийлигинин орношуна жана түптөлүшүнө каршы курал менен күрөшкөн күчтөр чыккан. Алар убагында Россия, Украина тараптан көчүп келип, берешелүү кыргыз жеринде байыгандар менен кандаш-жандаш актар жана өз жери, өз мекени, өз дини үчүн күрөшкөн басмачылар эле. Бул куралган күчтөр жеңилгенден кийин байыраак жашаган кыргыздар жат тап катары “кулакка” тартылышты, көбү алыс жактарга, айталы, ошол эле Россия менен Украинага сүргүнгө айдалышты. Акырында 1930-жылдары бүт өмүрүн, бар күчүн Совет бийлигине күйүп-бышып жумшаган алгачкы жетекчилер, интеллигенция өкүлдөрү (алар баарыбызга белгилүү) ар түрдүү жалган жалаа, ушак-айың менен (“эл душманы”, “улутчул”, “шпион”, “пантүркчүл” ж.б деп) жок кылынды. Атүгүл Ата Мекендик согуштан кийин да айрым интеллигент-окумуштуулар (таанымал тилчи, адабиятчылар Х.Карасаев, Ж.Шүкүров, Т.Байжиев, Т.Саманчин, З.Бектенов) “улутчул” катары айыпталып, камакка алынды, алардын арасынан М.Байжиев сүргүндөн өз жерине аман кайтпай калды. Андан соң саясий көз карашы, “натуура” идеясы үчүн камалып же өмүрү кыйылгандар, кудайга шүгүр, болгон жок.

Бирок мындай ишмердүүлүгү үчүн кызматынан алынгандар жана куугунтукка тушуккандар кантсе да кездешип жатты. Алардын эң көрүнүктүүсү, албетте, кыргыз тилине, мектеп балдарына кам көргөнү үчүн кызматынан – республиканын биринчи жетекчилигинен 1961-жылы кеткен Ы.Раззаков. 1960-1980-жылдары кыргыз тили, адабияты, тарыхы, мамлекеттүүлүгү, Россия же орус улуту жөнүндө айткан сөздөрү, жазган чыгармалары үчүн Компартия тараптан сындалган же кызматынан бошотулгандар төмөнкүлөр: академик Б.Юнусалиев, тилчи Ж.Мукамбаев, математик Р.Усубакунов, юрист К.Нурбеков, тарыхчы С.Аттокуров, жазуучулар Т.Сыдыкбеков, М.Байжиев, К.Акматов, К.Сактанов. Таң калычтуу нерсе  – кыргыз тарыхын, тилин  көкөлөтүшөт деп маркум академик В.Бартольд (дүйнөгө таанымал чыгыш таануучу), көзү тирүүсүндө академик К.Юдахин, проф. С.Абрамзон, В.Плоских 1970-жылдары катуу сынга алынышты. Ушулардын баары болгон окуялар. Бирок менин кайрадан да айтайын, баса белгилейин дегеним – Кыргызстанда СССР мезгилинде башка өнүккөн республикалардагыдай саясий оппозиция, атүгүл диссиденттик кыймыл уюшулган эмес.

Андай аракеттер М.Горбачев бийликке келген 1985-жылдан тарта башталган кайра куруу, айкындык, демократташтыруу иштеринен улам башталды. Анда да адегенеде баягы эле маселелер – кыргыз тили, тарыхы, маданий мурас алдыңкы орунга чыкты. Андан соң экономикалык маселелер (чарбалардын өз алдынчалыгы, өзүн өзү каржылоо, өзүнчө эсеп-кысап ж.б) көтөрүлө баштады. 1989-жыл социалдык жана саясий маселелерди коюуга жана чечүүгө жол ачты, 1990-жыл республиканын тарыхында тагдыр чечкен бурулуш окуяларга бай болду.

Арийне, мындай жөрөлгөлөр менен жараяндар бир кишинин же бир ууч топтун аракети аркылуу ишке ашты деш туура эмес. Жок, ал окуяларга ар кандай ички жана тышкы жагдайлар, түрдүү социалдык катмарлар (интеллектуалдар, саясатчылар, карапайым адамдар) таасир этти. Ошолордун ичинен бул макалада атайын бөлүп, баса көрсөтөйүн дегеним  – алгачкы бейформал  коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар, саясий  кыймылдар, партиялар, алардын жетекчилери. Дааналап айтканда, сөз “Ашар” коому, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК), “Эркин Кыргызстан”, “Асаба”, КДК партиялары, аларды уюштургандар Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев  жөнүндө болмокчу.

1989-жыл, менимче, эки ири окуя аркылуу тарыхка кирди. Биринчиси – эчен жылдап үй-жайсыз, каттоосу жок, ушунун айынан ишке да алынбай же ден соолугун карата албай жүргөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги бош жерлерди басып алышы, алардын  мүдөөлөрүн коргогон “Ашар” коомунун (жетекчиси Ж.Жекшеев) уюшулушу эле. Социалдык адилетсиздиктин, өз жергебизде өзүбүздүн улутубузду өгөйлөгөндүктүн айынан келип чыккан бул козголоң “кыргызмын” деген ар бир ак ниет атуулду терең толкундаткан, ал ишке тиги же бул деңгээлде (ачык же кыйыр) колдоо көрсөтүүгө түрткөн. Маселен, мен ошондо жетекчи  кызматта – улуттук илимдер Академиябыздын тил жана адабият институтунун директору болсом да эч коркпой-үркпөй өзүмдүн кесиптеш курбум Сыртбай Мусаевди  ээрчитип “Ашар” коомунун Ленин райондук аткаруу комитетинин имаратында өткөн чогулушуна барып, ачык колдоп сүйлөгөм, андан кийин “ашарчылардын” Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий агартуу Үйүндө республиканын жетекчилери менен болгон чоң жолугушуусуна барып катышкам. Мени жана баарыбызды кубантканы – республиканын биринчи жетекчилери А.Масалиев, А.Жумагулов, Т.Акматов жаштардын бул кыймылын адегенде жактырышпай, каршы болушса да бара-бара абалды туура түшүнүшүп, тилге, ийге келип маселени чоң чыр-чатакка, кан төгүүгө жеткирбей оң чечип беришкен эле. Албетте, бул иште жаштардын өздөрүнүн уюшкандыгы, тартип сактаганы, сабырдуулугу, айрыкча жетекчилери Жапар Жекшеев менен Жумагазы Усуповдун (Чоң Аюу) акылкөйлүгү менен иш билгилиги чечүүчү күчкө ээ болду. Биз  муну жаңыдан ойгоно баштаган кыргыз демократиясынын биринчи жеңиши катары бааласак ашыкча болбойт.

Экинчи жеңиш – ошол жылдын күзүндө, 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болду. Оңойчулук менен келбеген, өтө оор талаш-тартыштардын, кайчы пикирлердин, кайым айтышуулардын натыйжасында Жогорку Кеңеш кабыл алган ал мыйзамдын долбоорун мен жетектеген жумушчу топ (арасында академик Б.Орузбаева, К.Бобулов, К.Акматов, Ч.Баекова, С.Мусаев ж.б. бар эле) даярдаган  болчубуз. Ал мыйзам үчүн күрөшкө бүткүл элибиз, анын ичинде “Ашар” коому абдан жигердүү катышкан. Ошондуктан “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды Кыргызстандын эрктүүлүгү, эгемендүүлүгү үчүн саясий күрөштүн башталышы, алгачкы жеңиштеринин бири деп кабыл алууга акыбыз бар.

1990-жылдын январь-февраль айларында “Ашар” коому күрөштүн жаңы түрүнө, өйдөкү баскычына митингдерге өтө баштады. Эми социалдык-экономикалык гана маселелер эмес, саясий талаптар (компартиянын диктатурасы, атаандаш шайлоолор, сөз эркиндиги, өзүнчө мамлекет болуу сыяктуу) коюлду. Эрте менен ишке баратып, борбордук аянтта алгач ирет өтүп жаткан митингди көрүп толкунданганым эсимде. Ал митингдер да тынч, уюшкандыкта өттү. Жаштардын бул аракеттерин көрүп  белгилүү философ, профессор Асейин Исаев экөөбүз Казат Акматовго (ал анда жазуучулар Союзунун катчысы эле) барып: ”биз эмне, отура беребизби. Башка республикалар сыяктанып ойгонуп, жаштарды колдоп кыймылдабайбызбы?” деп айтканымды К.Акматов кыргыз демократиялык кыймылынын тарыхына арналган “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” деген китебинин башында келтирет.

Ошентип, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) түзүү колго алынды. Ага көптөгөн коомдук уюмдар, атуулдук демилгелер, көрүнүктүү интеллектуалдар кошула баштады. Алардын ичинде Т.Тургуналиев да бар эле. Бул кыймылдын демилгечилеринин кээ бир жыйындары менин жумушчу кабинетимде өттү.

1990-жылдын февралында Жогорку Кеңешке биринчи ирет атаандаштык негизинде шайлоо болуп, депутаттыкка демократиялык маанайдагы жоон топ илинди. Алар Жогорку Кеңештин апрелде чогулган 1-сессиясында алгач трибунага чыгып, коммунистик бийликке каяша айтышты (арасында мен да бар болчумун).

26-майда Кыргыз драма театрында КДКнын уюштуруу курултайы өттү. Ага Компартия адегенде каршы чыгып, театрды ачтырбай, акыры чыр чыгарда гана уруксат берип, атүгүл Борбордук Комитеттин идеология боюча катчысы М.Шеримкулов катышып сөз сүйлөдү.  Курултайга СССРдин эл депутаты, академик А.Акаев да катышып, өз ойлорун ортого салды. Курултай 5 адамды КДКнын тең төрөгалары кылып шайлады. Алардын арасында К.Акматов, Ж.Жекшеев, Т.Тургуналиев бар эле. Курултай кабыл алган документтердин ичинде эң маанилүүсү – “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларация” болду.

Тилекке каршы, тынчтык мүнөздө башталган мындай демократиялык жараян июнь айында Түштүктө орун алган кандуу окуялар аркылуу бузулду. Буга төмөнкүдөй эки чоң кемчилик себеп болду.  Биринчиси – Бишкек сыяктуу эле Ош шаарынын четинен жер алгысы келген кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” кыймылы менен жергиликтүү жана республикалык бийликтердин туура мамиле түзө албаганы, экинчиси – март айында Жалал-Абадда жашаган кадырлуу өзбек аксакалдарынын Москвага, Ташкенге, Бишкекке даректеген жикчилдик(сепаратисттик) Кайрылуусун колдоп Ош шаарында уюшулган “Адолат” аттуу өзбек жаштар кыймылын да бийликтер туура нукка салбаганы. Бийлик ушул окуялардын чыныгы себептерин иликтеп,  аларды өз убагында чечүүнүн ордуна күнөөнү  демейдегидей эле башка жактан – ойгоно баштаган коомдук уюмдардан, КДКдан көрдү. Натыйжада күздө, Жогорку Кеңештин экинчи сессиясы ачылчу октябрда Кыргызстанда саясий курч абал – коммунистик жана демократиялык күчтөрдүн тиреши башталды.  Демократиялык күчтөр эки агымдан турду: биринчисин КДК баштап, тышта олуттуу саясий талаптарды койгон массалык ачарчылык  жарыялашты, экинчиси парламенттин ичинде “Атуулдук ынтымак жана демократиялык жаңылануу үчүн” деп аталган депуттатык топ түзүлдү. Ушул эки агымдын өз ара биргелешкен аракети менен Жогорку Кеңеш адегенде Конституцияга президенттик кызматты киргизди, андан кийин бул эң жогорку кызматка Компартиянын жетекчилерин өткөрбөй, атаандаштык негизде А.Акаевди шайлады. Буга чындап сүйүнгөн КДКчылар, айрыкча сыртта ачкачылыкта тургандар Акаевди ошол күнү кеч болсо да сырттан тосушуп, башына Т.Тургуналиев ак калпак кийгизди. Жогорку Кеңештин декабрдагы сессиясында КДК даярдаган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өз алдынчалыгы жөнүндөгү” Шардана (Декларация) айрым алымча-кошумчалар менен кабыл алынды.  КДКнын тең төрөгасы К.Акматов Президенттик Кеңешке мүчө болду, айрым өкүлдөрү А.Акаев түзгөн алгачкы өкмөттүн курамына киришти. Ошонтип, А.Акаев менен парламенттеги жана анын сыртындагы демократиялык күчтөрдүн кызматташтыгы башталды.

КДКнын 1990-1991-жылдардагы ишмердигиндеги оң жана маанилүү окуялар катары түштүктөгү кандуу апааттын кесепеттерин жоюуга катышканын, 1991-жылдагы ГКЧПнын төңкөрүшүнө ачык каршы чыкканын, 1916-жылкы улуттук-боштондук козголоңдун 75 жылдыгына арнап “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштурганын, “Майдан” (редактору А.Токтогулов) деп аталган алгачкы көз карандысыз гезит чыгарганын, СССРдеги демократиялык жана саясий жараяндарды биргелешип алдыга жылдыруу үчүн Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Балтика боюндагы жана Кавказ республикаларындагы ушул багыттагы күчтөр менен алака түзүп, тажрыйба алмашканын белгилөө кажет. Бул иштерде, албетте, уюштургуч, жетекчи, чыгаан (лидер) катары Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиевдин кызматы чоң болгонун унутпашыбыз зарыл.

Бирок КДКдагы абал 1991-жылы өзгөрүүгө учурады: бардыгы баягы эле так талаштан, “мен кыйынмын”, “мен чыгаанмын” деген кур дымактан чыкты. Бул КДКнын ошол жылы өткөн эки курултайында (февраль, ноябрь) айкындалды. Натыйжада, КДК ичтен ыдырап, ар кайсы топторго жана алгачкы саясий партияларга (“Эркин Кыргызстан”, “Эрк”, “Асаба”, КДК) бөлүнүп кетти. Эми Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев менен атаандашкан Ө.Текебаев (ал Жогорку Кеңештин депутаты болчу), Т.Акунов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу дараметтүү жаштар пайда болду. Мындай бөлүнүп-жарылуу “Ашар” коомунун ичинде да жүрдү. Мунун баары өнүгүүнүн мыйзам ченемдүү жараяны болчу.

Экинчиден, 1992-жылдан тартып А.Акаев менен парламенттен сырттагы демократиялык күчтөрдүн мамилеси да өз ара сууп, 1993-жылы таптакыр үзүлдү. Буга, менимче, эки тарап тең күнөөлүү: Т.Тургуналиев баштаган ашынган “радикал” демократтар ашыкча, аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды коюшуп, ага көнбөгөн Президенттин кызматтан кетишин  талап  кыла  башташты, президент  да  бара-бара  демократиялык  жолдон  тайып, авторитардык  башкарууга  ыктады. Мунун  аягы  эки  тарап  үчүн  тең  жакшы  бүткөн  жок: Т.Тургуналиевге  өчөшкөн  А.Акаев  адегенде  аны  ректорлукка  көтөргөн  болуп, андан  кийин  жалган  жалаа  менен  көп  жылга  каматты эле, анысы  Топчукеге  “абийир  туткуну”  деген  ардактуу  наам  жана эл аралык  аброй  алып келди; Ж.Жекшеев  да 1993-жылдан  тарта  Жогорку Кеңешке депутаттыкка койгонунда бийлик каршы  болгонунан улам ачык оппозицияга өттү; К.Акматов болсо 2003-жылга  чейин А.Акаев  менен  кызматташып,  акырында  орой  түрдө “Ак Үйдөн” кууп  чыгарылды; А.Акаевдин  өзү 2005-жылы элдик  революциянын  негизинде  бийлигин да, өлкөсүн да  таштап  качып кетти. Ал  революцияны   идея  жактан  даярдагандардын  жана  жетектегендердин  арасында, албетте, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, К.Акматов  бар эле. Алар   атүгүл 2010-жылы өздөрү  бийликке  алып  келген  К.Бакиевдин  режимин  кулатууга  да катышышты.

20 жылды камтыган  ушул  тарыхый  окуялар  К.Акматовдун  “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)”, Ж.Жекшеевдин  “Чындык  бир гана  өзүңдө” (1997), “Атуулдук биримдикке чакырам” (2003), Т.Тургуналиевдин  “Оома-төкмө  дүнүйө” (2011)  аттуу  эскерме  китептеринде  ар кайсы  даражада (биринде аз, экинчисинде дурус, үчүнчүсүндө толук)  чагылдырылган. Алардын  ар бир  бетин  калтырбай  окуган  жана  үч  авторду  жакындан  таанып билген, бирге  жүргөн  адам  катары  өзүмө  жана  элиме  жалпылоо  иретинде  төмөнкүдөй  суроолорду  койгум  келет: бул  саясатчылар  эмне  үчүн  жана  кандайча  ушундай  жолду  тандашты? Таштаган  саясий  кадамдары  канчалык  ишке  ашты? Дегеле  булардын  Кыргызстандын  жаңы  тарыхындагы  орду  кандай?

Коюлган  соболдорго  туура  жооп  табыш  үчүн  ар  биринин  жекече турмуштук  жолуна, билимине, жөндөмүнө, инсандык  сапаттарына  кыскача  саресеп  салуу  ылайыктуу.

Казат  Акматов  менен  Топчубек  Тургуналиевдин  жаштары  улуураак (экөөнүн  жашы тең, 1941-жылы  төрөлүшкөн), баскан  жолдору  да окшошураак: айылдагы  орто  мектепти  бүткөн  соң  экөө  тең  шаарда  жана  Москвада  билим  алышкан, андан  кийин  ар  кайсы  кызматтарда  иштешип, акыры  Кыргызстан  Компартиясынын  Борбордук  Комитетинин  аппаратында  кызмат  өтөшкөн, андан  кетип  кайрадан  башка  жактарда  эмгектенишкен. Кыскасы, экөө  тең  коммунист, партиялык  кызматкер, бирок  кесиптери  башка: К.Акматов – журналист  жана  жазуучу, Т.Тургуналиев – маданият  кызматкери  жана  окумуштуу – философия  илимдеринин  кандидаты. Дагы  окшоштуктары – экөө  тең  жаш  кезинде  жана  кызматта  жүргөнүндө  улутчул  катары  бир нече  ирет  жеме  алышкан  экен. Бирок  бул  жагынан  К.Акматовдун  “күнөөсү ”  оорураак  болуптур: аны  кызмат  убагындагы  “улутчул”  иштери  жана  “Мезгил”  романы  үчүн  үч  ирет  партиядан  чыгаруу  аракети  көрүлүптүр. (“Мезгил”  романын  “улутчул”  деп  айыптап  жатышканында  К.Акматовду  ачык  колдоп, макала  жазган  элем).

Т.Тургуналиев  болсо эмгектенген  музыкалык  окуу  жайында  айылдык  кыргыздарды  көп  кабыл  алганы   жана  кыз-келиндер  пединститутунда  иштеп  жүргөндө  куран  окуп  койгону  үчүн  текшерилгени  болбосо  өзүнүн  орус  тилинде  жарык  көргөн  “Көркөм  маданияттардын  биримдиги” (1977), “Руханий  маданиятты  интернационалдаштыруу  маселелери” (1987) аттуу  илимий  китептеринде  чылгый марксчыл-ленинчил  көз  карашты  жактаган, ал  аз  келгенсип  ашынган  интернационалдык  маданиятты  колдоп, улуттук  тилге  кылапат  келтирип, “панисламдык, пантүркчүл  жалган  элестерди”  айыптаган. Актай  мазмундагы  макалаларын  борбордук  “Совесткая  культура”  газетасына  да  жарыялаган. Мунун  негизги  себеби – Т.Тургуналиевдин  КПСС БКга  караштуу  Коомдук  илимдер  Академиясында – коммунисттик  идеологиянын  очогунда  тарбияланышында  эле. Салыштыруу  иретинде  элестетип  көрүңүздөр: 1987-жылы  СССРде  демократия, айкындык, өткөндү  калыс  баалоо  жандана  баштабады  беле. Анан  эле  Топчуке  эки-үч  жылда  ашынган  актикоммунист, улутчул  демократ  болуп  чыга  келди. Эмне  үчүн  мындай  болду, ич  дүйнөсүндөгү  саясий  жана  руханий  кайра  жаралуу  кандайча  жүрдү – бул  жөнүндө  анын  “Оома-төкмө  дүйнөсүндө”  эч  нерсе  айтылбайт.

К.Акматовдо  мындай  багыттагы  өсүп-өнүгүү, өзгөрүү  акырындап, өз  жолу, өз ирети  менен  жүргөнүн  анын  турмуштук  жолу,  жасаган  иштери, жазган  мыкты  чыгармалары  (“Боз  улан”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат”)  ынанымдуу  далилдейт.

Жыпар  Жекшеевде  да  ошондой  болгон. Ал  карапайым, көп  балалуу  үй-бүлөдө  төрөлүп, кенедейинен  кыйынчылык  көргөн, жетим  балдардын  мектебинде  өскөн. 1970-жылдары Фрунзедеги сүрөт  окуу  жайында  окуп  жүргөндө  “Жаш  тилек”  деген  жаштар  уюмун  түзүп, улуттук  мүнөздөгү  иш  чараларды  өткөргөндүгү  үчүн  партиялык органдарга,  КГБга  бир  нече  ирет  чакырылган, кийин да  акыркы  кызматтын  көз  кырында  жүргөн. Айрыкча  “Ашар”  коомун  жана  КДКны  түзүүгө  белсемдүү  катышкандыгы, жетекчилик  кылганы  үчүн  кылмыш  иши  козголуп, укук   коргоо  органдарынын  көзөмөлүнө  жана  тергөөсүнө  алынган, Компартиянын  жана  андан  кийинки (демократиялык деп аталган) бийликтердин  кара  тизмесине  кирген. Андай  каршылыктарга  карабастан  1995-жылы  атаандаштык  курч  күрөштө  Жогорку  Кеңещтин Мыйзам  чыгаруу  жыйынына  депутаттыкка  өтүп, өлкө  үчүн  зарыл  жана  калыс  сөздөрүн  айтып  келди.

Көрүнүп  тургандай,  үчөө  тең  демократиялык  көз  караштары  аркылуу  гана  эмес, кесиптери (интеллигенция  өкүлдөрү), тагдырлары  боюнча  да окшош. Бирок  мүнөздөрү  ар башка: К.Акматов  кантсе  да  жумшак, ийкем, келишкич  болчу,  Ж.Жекшеев – токтоо, сабырдуу, катаал, бир сырдуу; Т.Тургуналиевге келсек, ал –  бетке чабар, тайманбас, радикал, албуут. Анан  калса  мыкты  сүйлөйт, ырдайт, бийлейт, артист  боло  калат (бекеринен  маданият  жана  музыка  окуу  жайларын  бүткөн  эмес да). Мага  жагып  калган  дагы  бир  жакшы  жагы – оозу  менен  эле  жакшы  ырдап, сүйлөбөстөн (чечендигин  көрсөтпөстөн) кыргызча  жазганы  да дурус экен. Муну  “Оома-төкмө  дүнүйө”  китебиндеги  бала  чагына, ата-апаларына, туугандарына, Лейлекте  сүргүндө  жүргөндөгү  табиятка  арналган  баяндары  күбөлөп  турат.

К.Акматов, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеевдин  2010-жылдын  7-апрелинен  кийинки   жашоо  турмушу, иштери, максат-мүдөөлөрү  өзгөрдү  десек  болот. Топчуке  революциядан  кийин  өкмөттүк  кызматта  (токой  чарбасы  жана  айлана-чөйрөнү  коргоо  агенттигинин  директору  болуп) аз  убакыт   иштеп, андан  бошогон  соң  ал  убактагы  президент  Р.И.Отунбаевага  таарынып  калганы  болбосо, негизинен  үчөө  тең  андан  кийинки  президент  А.Атамбаев  менен  ниеттеш, кызматташ  болду. Өкүнткөн  нерсе –  К.Акматов  арабыздан  кеткенине  эки-үч  жыл  өтүп  калды. Калган  экөө  дале  бар, күүлүү-күчтүү:  Ж.Жекшеев  коомдук-саясий  иштерден  кол  үзбөй  келатат, Т.Тургуналиев  илимий-педагогикалык  жолуна  кайтып, И.Арабаев  атындагы  университетте  (өзү  бир кезде – демократия  үчүн  күрөшкө  аттанганга  чейин  эмгектенген)  Манастаануу  институтун  уюштуруп, “Байыркы  көчмөн  кыргыз  цивилизациясы”  деген пайдалуу  китеп  (2016)  жазып  чыгарды.

Сөздү  жыйынтыктап  айтарым  эмне?

Дүйнөлүк  тарыхта  кан, курал, террор  менен  коштолгон  козголоңдор, төңкөрүштөр, революциялар, улуттук-боштондук  кыймылдары алардын  атактуу баатырлары  жана  башчылары көп болгон. Мунун эң  улуу жана көрүнүктүү үлгүлөрү Англия, Франция, Америка, Мексика, Октябрь, Кытай, Куба революциялары  эмеспи. Бирок  да эң  шумдук, эң  укмуш  окуялар – тынчтык, демократиялык  революциялар  ХХ кылымдын  акыркы  он   жылдыгында  адегенде Европада, ага  удаа  СССРде, анын  ичинде  Кыргызстанда  болду. Албетте, ал  окуялар  жөндөн  жөн  эле, асмандан  бүткөндөй  болгон  жок. Тескерисинче, алар  жылдар  бою  ичтен  жана  сырттан  бышырылып, жуурулуп, көптөгөн  алдыңкы, күрөшчүл  адамдардын  аракети  жана  эркиндикти  эңсеген  элдердин  каалоо-тилеги, максаты, катышуусу  аркылуу  ишке  ашырылды. Ал  эми жанакындай   адамдардын  өзүнчө  сапат-касиеттери  болот. Ошолор  тууралуу  ХХ  кылымдын  көрүнүктүү  ойчулдары  А.Камю  “Козголоңчу  адам”, Э.Фромм  “Революциячыл  мүнөз”  деген эмгектеринде  терең  жазышкан. Айталы, Э.Фроммдун  изилдөөсүнө  ылайык  революциячыл  мүнөзгө  эгедер  адамдар  авторитардык  мүнөздөгү  адамдардан  айырмаланып  эркиндикти, көз  карандысыздыкты, сынчыл  маанайды, акыл-эсти, адамгерчиликти, турмушту  сүйөт, бийликти, кошоматты, жалган айтканды  жактырбайт. Ошон  үчүн  алар  өзүнүн  жана  өлкөсүнүн  эркиндиги, өз  алдынчалыгы, көз  карандасыздыгы  үчүн  күрөшөт.

Албетте, ар кандай  кесиптеги, ар  кайсы  чөйрөдөгү  мындай  адамдар  Кыргызстанда  да  бар  болчу. Кези  келгенде, сааты  чыкканда алар Кыргызстандын  жаңы  жолу – демократия  менен  көз  карандысыздыгы  үчүн  күрөшкө  чыгышты  жана  эли  менен  кошо  жеңишке  ээ  болушту. Бул  татаал, карама-каршылыктуу  жолдогу  күрөш  азыр  да  уланууда. Ошол  топтогу чыгаан  адамдардын  арасында  Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев  да  сөзсүз   бар  эле. Биз  алардын  ар  бирин  өздөрүнө  же  башка  айрым  жакын  санаалаштарына  окшоп  “кыргыз  демократиясынын  атасы” (“негиздөөчүсү”)  дебестен, үчөөнө  тең  тан  берип, эмгектерин  татыктуу  баалап, “кыргыз  демократиясынын  алгачкы  баатырлары”  деп  атасак  тарыхый  жактан  калыстык  болор.

Абдыганы Эркебаев, Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  Илимдер Академиясынын академиги.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *