Кыргыз эл жазуучусу, Кадыркул Даутовго ачык кат: Эрегиш, өч алууга өмүрүңүздү арнадыңыз, не муратка жеттиңиз?

Урматтуу Кадыркул Даутович! Менин макалама жазган жообунузга мындан 30 жыл мурда айткан жылуу пикирлерими эпиграф кылып алганыңызга рахмат! Анда сиздин эмгектериңиздин ийгилик-кемчиликтерин ажырата элек учурум болчу. Чыгармачылыктын эволюциясында адабияттагы, илимдеги ак-караны ажыратуу тажрыйба менен аста-аста келет турбайбы. Барпы жөнүндөгү монографияңыздын дурус-буруш жактарын териштирген макаланы сиз чычалап, ачууга алдырып, ыза болуп кабыл алдыңыз. Ал макалада китептеги өксүктөр белгиленип, эмгек жалпысынан оң, бааланган эмеспи.

Жазган жообуңузда адегенде эле «Медетов Токтогул менен Барпынын бар дүйнөсүнүн көбүн азайтып, бийиктигин пасайтып көрсөткүсү келет» деп күнөөнү мага оодарыпсыз. Адабий сындагы көптү көргөн «карт бөрү» катары ишти көз боёмочулук менен баштап, фактыларды каалагандай бурмалап, окурманды сайга аркандапсыз. Токтогул менен Барпы классиктер катары ордунда эле турат. Болбосо Токомдун ырларын мен эмес, сиз жокко чыгарганыңыз жалганбы? Ал жөнүндөгү сиздин ушак-айыңдын деңгээлиндеги жоромолдоруңузду С.Жигитов, О.Сооронов, О.Ибраимов, К.Молдокасымовдордун эмгектерине таянып төгүндөп, негизсиз экенин көрсөттүк го. Сөз Барпы жөнүндө эмес, сиздин «Алп акындын албан түстүү дүйнөсү» деген китебиңиздеги субъективизм, жалган постулаттарга негизделген концепцияларыңыз тууралуу болуп жатат. Барпыны жайына коюңуз. Экинчи олуттуу маселе «Барпынын устаты Мадали ажы» деп жаздыңыз, бирок таянган тарыхый материалдарыңыз жок болгондуктан, ал да жалган экендиги далилденди.

Сиз Барпыны Чыгыш поэзиясын, маданиятын өзүнө сиңирип, өздөштүргөн өзгөчө феномен катары көрсөтүп, аксиома катары алып чыктыңыз. Бул концепцияңыздын теориялык жана методологиялык жактан калпыс, эч кандай негизи жок. Анткени бул адабий байланыштар, алардын өз ара өтмө катыштыгынын маселеси, аны болсо салыштырма адабият таануу изилдейт. «Адабий байланыш – тарыхый категория» деп академик Н.И.Конрад айткандай, ал тарыхый доордун конкреттүү факты-материалдарынын негизинде каралат. Сиз болсо бул олуттуу маселени Барпынын ырынын каарманы Мадалиге жүктөп койгонсуз. Сиздин эмгегиңизде мындай жайдак айтылган жоромол-божомолдор огеле көп. Эгер Барпынын Чыгыш поэзиясынан алган таасири болсо, ал Персия-тажик поэзиясы кенен кыргыз адабиятынын адабий байланыштарынын контекстинде каралышы зарыл.

Өзүнүн туруктуу салттары, канондору бар акындар поэзиясынын өкүлүн классикалык жазма поэзияга таңуулап, төкмөлөрдүн түшүнө кирбеген жанрдык формалары, поэтикасы, эстетикасы бар Чыгыш поэзиясына Барпыны салыштырууга болбойт. Анткени алар эки башка поэтикалык система. Барпы өзүнүн индивидуалдуулугу, төкмөлүк өнөрдүн бекем калыптанган салттарын өрчүтүп, өнүктүргөндүгү менен баалуу. Сиз эмне үчүн мындай теориялык-методолигиялык олуттуу каталыктарга жол бердиңиз? Себеби, салттуулук жана индивидуалдуулуктун синтезинен жаралган Барпынын поэзиясы профессионал адабияттын чен-өлчөмдөрү менен каралган, ошондой эле сиздин эмгектериңиз адабияттын өнүгүү тенденцияларын аныктоо, адабий процесстин оош-кыйыштарын жалпылыштырып иликтөө, жанрлардын теориялык маселесин кароо жагынан аксайт жана кандай проблеманы болбосун коомдук-социалдык, тарыхый-маданий шарттардын негизинде карай албайсыз. Бул сиздин баардык макалаларыңызга, жалпы чыгармачылыгыңызга мүнөздүү кемчилик.

Сиз айткан Барпынын китептериндеги оңдоолорду, каталарды текстологиялык иликтөө жүргүзгөн Б.Апилов таап чыккан, ал «кара жумушту» сиз жасаган эмессиз. Сиз каалайсызбы-каалабайсызбы, Барпы жөнүндө сизге чейин жазылган изилдөөлөрдү, макалаларды караганга милдеттүүсүз (өзүңүз жөнүндө куш тилиндей маалыматтардан бери чогултупсуз го). Анткени ал илимдин эң жөнөкөй усулдук эрежелери. Көкүрөгүңүздү өргө айдап, аларды басынтып, «мен ким да, силер ким?» дегендей текебер мамиле жасабай, адилет караганыңыз жөндүү болмок. Улуу муундагы сынчы-адабиятчылар колунан келишинче Барпыны изилдешти. Сиз деле куран жазып койгон жериңиз жок да. Анан калса, Барпы сиздин жеке менчигиңиз эмес, сизден кийин да көп изилденет. Сиздин фактыларды бурмалап, жалган «модель» түзүп алып, төкмө ырчыны «Чыгыш классикалык поэзиясынын Омор Хайям, Саади, Хафиз, Навои сыяктуу өкүлдөрүнүн катарына кошулат» деген концепцияңыздын теориялык негизи жок. Жалган иллюзияларга азгырылуу илим эмес. Илим ыйманына камчы чаппаган чындыктан жаралат. Академик Д.С.Лихачев илимдеги ыйман, изилдөө объектисине жасалма сапаттарды таңуулоо маселеси жөнүндө «Нравственность в науке – это прежде всего научная честность, научная осторожность, отсутствие предвзятости, одностороннего стремления навязать изучаемому памятнику заранее постулируемые качества» деп таамай айткан.

Наам, даражалары бийик 36 автор тарабынан биз сындаган китебиңиз жогору бааланды деген маалыматыңыз текшере келгенде туура эмес болуп чыкты. «Албан түстүү алп акындын дүйнөсү» жөнүндө болгону бир беткей жазылган 6 чолок рецензия жарыяланыптыр. «Кыргыз адабият таануу илими менен «эстетикалык кыймылында» бир монографиясына кайсы сынчы ушунчалык баалуу сый көрдү эле?» деп эйфориялык маанай-да жазган бул саптарыңыз өзүңүздү өзүңүз алдоо эмеспи? Анткени К.Даутовдун монографиясы кыргыз адабият таануусунда өзгөчө бир көрүнүш катары эч качан бааланган эмес.

Ал эми өмүр бою чындык үчүн күрөщүп, талбай изденип, классикалык филологиянын салттарын бекем тутунуп, историзм принцибинен тайбай изилдөө жүргүзүп, илимпоз катары да, инсан катары да өрнөктүү, нарктуу өмүр сүрүшкөн К.Асаналиевдин, С.Жигитовдун фундаменталдуу илимий эмгектери адабият таануудагы өзгөчө кубулуш, жаңы деңгээл катары компетенттүү адистер тарабынан бааланган.

Мартабасы бийик авторлор сыпаалык кылып, китебиңизди мактаса мактап койгондур. А биз болсо сизге кашкайган чындыкты айтууга, аны далилдөөгө колубуздан келишинче аракет кылдык. А сиз болсо талаш маселе боюнча талкууда аргументке аргумент, концепцияга концепция менен жооп берүүнүн ордуна полемика өнөрүнүн маданиятына, этикалык эрежелерине сыйбаган жорукту баштап, менин керт башыма асылдыңыз. Эми бул кокустан болуп жаткан жери жок, сиз үчүн бул өнөкөт болуп калган. Кезинде «бүгүнкү адабияттын мүнөздүү оорусу жалжактаган ары жок таздай болуп алыстан өзүн-өзү ашкерелеп, өзүнө-өзү чакырып турчу…» деп оппонентиңизди шылдыңдап, портретин тарткансыз. Ушундай жосунсуз жоруктарыңызга жаны кашайган С.Жигитов «Кадыркул Даутов айтыштарда логикалык-этикалык маданияттын азыр эч бир элде жок үлгүлөрүн көрсөтө берет» деп күйгөнүнөн айткан да. «Разумеется, ничего нет пошлее полемики, основанной на личностях…» деп Белинский айткан уятсыз, богооз, кекчил полемиканы кыргыз адабий сынынын тарыхына сиз алып кирдиңиз. Бул ыплас ыкма сиздин сынчылык өнөрүңүздүн эн тамгасы болуп калды. Мындан сиздин моралдык жүзүңүз айкын көрүнүп турат. Эрегиш, өч алуу, жаатташууга өмүрүңүздү арнадыңыз, андан эмне таптыңыз да, не муратка жеттиңиз? Базарыңыз тараган кезде да көзү тирүү замандаштарыңыздын эч кимисин теңиңизге албай, менменсип, эч кимди укпайт экенсиз. Анда өзүңүз оозуңуздан түшүрбөй пир тутуп жүргөн Г.Плехановдун полемика жөнүндөгү насыятын кабыл аласыз го деп ойлойм: «Терпимость – прекрасная вещь, уважать чужие мнения надо даже тогда, когда они радикально расходятся с нашими».

Сизге ызаат көрсөтүү менен Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *